Sign In
ЕЭК балык өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт

ЕЭК балык өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт

16.02.21

16-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы лосось түркүмүндөгү балыктарды өстүрүү үчүн балык көлмөлөрүнө карата алып келүү бажы алымдарынын коюмдарын бир жылдык мөөнөткө 15%дан 0%га чейин төмөндөттү. Азыркы учурда Евразия экономикалык бирлигинде түндүк шарттарында балык өстүрүү үчүн талап кылынган технологиялык деңгээлдеги жабдуулар чыгарылбайт.


"Чечим мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында балык өстүрүүчү чарбалардын материалдык-техникалык базасын жаңыртууга, лосось түркүмүндөгү балыктарды өнөр жайлык өстүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле ички рынокто ЕАЭБдин ишканалары өндүргөн балыктардын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган",
- ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян чара жөнүндө түшүндүрмө берди.


Коллегиянын чечими расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирмекчи.


Маалымат


ЕАЭБде 2018-жылдын 23-сентябрынан 2019-жылдын 31-декабрына чейин балык өстүрүү көлмөлөрүнө карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк коюму колдонулган. Бул иш-чараны жүргүзүү мезгилинде үнөмдөлгөн каражаттар лосось түркүмүндөгү балыктарды өндүрүүгө инвестицияланган, бул 2019-2020-жылдары өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн 2017-жылга салыштырмалуу 30%дан ашык көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди. ​