Sign In
Беларуссиядагы жана Россиядагы мамлекеттик бааларды жөнгө салуу социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына бааларды турукташтырууга жардам берди

Беларуссиядагы жана Россиядагы мамлекеттик бааларды жөнгө салуу социалдык маанилүү азык-түлүк товарларына бааларды турукташтырууга жардам берди

Фото-магазин.jpg
16.02.21

Ошол эле учурда, рынок серепчилеринин айтымында, мамлекеттик жөнгө салуунун киргизилиши атаандаштыкты чектеген жок жана чарбалык субъектилердин санынын кыскарышына же соода тоскоолдуктарынын пайда болушуна алып келген жок.

 

Консультацияларга Комиссиянын, Беларусь Республикасынын жана Россия Федерациясынын ыйгарым укуктуу органдарынын жана эксперттик коомчулугунун өкүлдөрү катышышты.

 

Буга чейин ЕЭК Бирлик мамлекеттеринен айрым социалдык мааниге ээ товарларга бааны жөнгө салууну киргизүү жөнүндө эки билдирүү алган.

 

Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин 2020-жылдын 28-декабрындагы № 83 билдирүүсүндө 2021-жылдын биринчи кварталында 90 күнгө 17 социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү каралган: эт, балык, сүт азыктары, нан азыктары, дан азыктары, кант, балдар тамак-ашы жана башкаларга. Монополияга каршы жөнгө салуу органы бааларды жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын эпидемиологиялык кырдаалга негиздеген, анын шартында калк үчүн турмуштук маанилүү өнүмдөрдүн болушун камсыздоо, өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар бааларды жогорулатуусуна жол берилбеши керек.

 

Өз кезегинде, Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги 2020-жылдын 14-декабрында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн № 2094 "Федералдык аткаруу органдарынын жана чарбалык субъектилердин ортосунда биринчи зарылдыктагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын айрым түрлөрүнө бааларды төмөндөтүү жана колдоо боюнча макулдашуулар жөнүндө" токтом кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүү жөнөткөн. Аталган Токтом кум шекерге жана күн карама майына бааларды төмөндөтүү жана сактоо максатында иштелип чыккан жана 2021-жылдын 1-апрелине чейин колдонулат.

 

Маалымат

 

Бааларды жөнгө салууну киргизүү мүмкүнчүлүгү Бирлик жөнүндө келишимдин № 19 тиркемесинде жазылган. Ошол эле учурда, ал киргизилгенде кабарлоо процедурасы каралат жана анын шарттарын узартуу тартиби Комиссия менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат. Анткен менен, мүчө мамлекет Комиссияга бул чара атаандаштыктын чектелишине алып келди деп даттануу менен кайрылса, анда Комиссиянын Коллегиясынын чечими менен баанын мындай жөнгө салынышы жокко чыгарылышы мүмкүн.​