Sign In
ЕЭК жана Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматы энергетика жана транспорт чөйрөсүндө өз ара иштешүүнү талкуулашты

ЕЭК жана Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматы энергетика жана транспорт чөйрөсүндө өз ара иштешүүнү талкуулашты

16.02.16

16-февралда жумушчу жолугушуунун алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия Мүчөсү (Министр) Данил Ибраев жана Федералдык монополияга каршы кызматынын жетекчисинин орун басары Анатолий Голомолзин энергетика жана транспорт чөйрөсүндө өз ара кызматташууну талкуулашты. 

Атап айтканда, энергетика ресурстарын биржада соодалоону өнүктүрүү, табигый монополиялар чөйрөсүндө тарифтерди түзүү тажрыйбасы жана табигый монополиялардын субъекттеринин кызмат көрсөтүүлөрүнө жетүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле, Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңештин алкагында кызматташтыкты маалымат алмашуу, консультацияларды өткөрүү жана биргелешкен иш-чараларга катышуу жагында кеңейтүү боюнча сунуштар каралды.

Жолугушуунун катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинде энергетика боюнча жалпы рынокту жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн рыногун түзүүгө өзгөчө көңүл бөлүштү.

ЕЭКтин Энергетика департаменти жана ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаменти менен Россиянын Федералдык монополияга каршы кызматынын тийиштүү башкармалыктарынын консультацияларын өткөрүү мөөнөттөрү аныкталды. 

Евразиялык интеграциянын мындан аркы өнүгүүсү үчүн мындай байланыштардын маанилүүлүгүн белгилөө менен, Данил Ибраев жана Анатолий Голомолзин жумушчу жолугушууларды дайыма өткөрүп туруунун максатка ылайыктуулугун тастыкташты.