Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян РФ Өкмөт Башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян РФ Өкмөт Башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту

16.02.16

16-февралда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Россия Федерациясынын Өкмөт Башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

РФ Өкмөт Башчысы ЕЭК Коллегиясынын Төрагалык кызматында баштаган ишинде Тигран Саркисянга ийгиликтерди каалап, буга байланыштуу мындай деди: “Бул татаал жумуш, бирок, менин оюмча, кызыктуу, анткени ал интеграцияга, Евразия экономикалык биримдигине кирген бардык өлкөлөргө пайдалуу болгон чоң натыйжаларга жетүүгө багытталган”.

Дмитрий Медведев РФ Өкмөтү, ошондой эле Биримдиктин башка мамлекеттеринин Өкмөттөрү менен Евразия экономикалык комиссиясынын - улут үстүндөгү жөнгө салуучу органдын өз ара иштешүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. РФ Өкмөт Башчысынын пикири боюнча, бул евразиялык интеграциянын актуалдуу милдеттерин чечүү үчүн зарыл: баарыдан мурда биримдиктин ченемдик базасын мыктылоо үчүн жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ишмердүүлүгүндө пайда болгон ар кандай, кээде өтө татаал жагдайларды чечүү үчүн зарыл. 

Мындан тышкары, Дмитрий Медведев сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Украинанын аймагы аркылуу транзит менен өтүүчү россиялык жүктөргө байланыштуу актуалдуу эл аралык көйгөйдү белгилеп өттү. Анын айтымында, бул маселени Биримдик боюнча өнөктөш өлкөлөр менен тыгыз байланышта чечүү керек. Азыркы учурда Россия Федерациясы Евразия экономикалык биримдиги боюнча кесиптештер менен бул маселе боюнча консультацияларды өткөрүүдө. “Булардын бардыгы Евразия экономикалык биримдигинин форматында да макулдашуу зарыл болгон маселелерге кирет”, - деп белгиледи Дмитрий Медведев.

Тигран Саркисян Дмитрий Медведевге жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары жана бизнес өкүлдөрү интеграциядан реалдуу нажыйжалар болушуна олутуу ишенимдери бар экенин белгиледи. 

“Мен бүгүнкү күндө мага жана Комиссия боюнча менин кесиптештериме жүктөлгөн бардык жоопкерчиликти түшүнөм, - деди Тигран Саркисян. - Биз интеграция иштээрин көрсөтүшүбүз керек. Жана бул интеграциялык процесстер үчүн кошумча өбөлгө болот. Ал эми сиздердин колдооңуздар алдыга натыйжалуу жылууга жардам берет. Евразия экономикалык комиссиясынын ишинин алкагында биздин жолугушуулар көп болот. Бул, албетте, көптөгөн маселелерди болушунча тезирээк чечүүгө жардам берет”.