ЕЭК жана КЭР пандемиядан кийинки дүйнөнүн шарттарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты
ЕЭК жана КЭР пандемиядан кийинки дүйнөнүн шарттарында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн перспективаларын талкуулашты
15.07.20
Page Content
ЕАЭБдин жана Кытайдын пандемиядан
кийинки дүйнөнүн шарттарында өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери боюнча
семинардын катышуучулары жаңы дүйнөлүк чарба жүргүзүү шарттарында Евразия
экономикалык бирлигинин жана Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүгүн
өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, "Бир алкак, бир жол" кытай демилгесин
жана евразиялык интеграция долбоорлорун байланыштыруунун багыттарын, ошондой
эле тараптардын ортосундагы эксперттик диалогду кеңейтүүнүн перспективаларын
талкуулашты.
Евразия экономикалык
комиссиясынын Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү
(министр) Сергей Глазьевдин катышуусунда болуп өткөн иш-чара кытай тараптын
демилгеси боюнча видеоконференция режиминде өткөрүлдү. Иш-чаранын
уюштуруучулары – Евразия экономикалык комиссиясы жана Кытай Эл Университети
(RDCY).
Сергей Глазьев, коронавирус
пандемиясы учурда калыптанган эл аралык экономикалык жана саясий мамилелердин
аялуу жерлерин көрсөтүү менен, глобалдык оюнчулардын өз ара аракеттенүүсүнүн
ылдамдыгына жана мүнөзүнө олуттуу таасир берди деп белгиледи. Кытай аталган
оорунун таралуу коркунучун дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн тезирээк жеңип, улуттук
экономиканы калыбына келтирүү баскычына өттү.
"Дүйнөлүк экономиканын
басаңдашына, пандемиянын экинчи толкунуна жана ЕАЭБ мамлекеттерине жана Кытайга
карата айрым өлкөлөр тарабынан кабыл алынып жаткан чектөө чараларына
байланыштуу жалпы чакырыктарды жана тобокелдиктерди эске алуу менен, биздин
өлкөлөр үзгүлтүксүз эксперттик диалогдор баскычындагы да, биргелешкен чаралар
жана долбоор жагындагы да иш-тажрыйбалык кызматташтыкты активдештириши
зарыл", – деп билдирди министр.
RDCYдын Каржы институтунун деканы
Ван Вэнь глобалдык өнүгүү күн тартибинин көптөгөн маселелери боюнча ЕАЭБ
өлкөлөрүнүн жана Кытайдын позицияларынын бирдей экендигин баса белгилеп,
Евразия-Кытай диалогунун күчөтүлүшүн колдоду жана Комиссиянын эксперттерин
кытайлык тарап менен биргеликте пандемиядан кийинки экономикалык өнүгүү
мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөлөрдө жана ЕАЭБди жана "Бир алкак, бир жол"
демилгесин байланыштыруу боюнча чараларды иштеп чыгууда катышууга чакырып өттү.
Иш-чаранын алкагында ЕАЭБдин жана
Кытайдын интеграцияны өнүктүрүү жана байланыштыруу боюнча кызматташтыгынын
иш-тажрыйбалык аспектилери – улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү, ошондой эле
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн кытай товарларын ЕБ өлкөлөрүнө экспорттоо бөлүгүндөгү
транзиттик потенциалын ишке ашыруу үчүн тоскоолдуктарды азайтуу, ЕАЭБ
өлкөлөрүнүн жаңы дүйнөлүк чарба жүргүзүү тартибине өтүү кызыкчылыгында
кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу, ЕАЭБ-ШКУ форматындагы эл аралык
диалогду өнүктүрүү ж.б. талкууланды.
Маалымат
Семинарда
Кытай-Россия гуманитардык алмашуулар илимий-изилдөө борборунун директору Чжоу
Ли, Кытайдын Чет өлкөлөрдөгү ишканаларды өнүктүрүү боюнча ассоциациясынын башкы
катчысы Хэ Чжэньвэй, алдыңкы россиялык эксперттер – РИАнын Экономикалык
стратегиялар интститутунун директору Александр Агеев, Россия элдер достугу
университетинин профессору, чыгыш таануу адиси Юрий Тавровский, Россия
Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Каржы университетинин профессору Михаил Ершов
жана башкалар катышышты.