Sign In
ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасы 2017-жылда жакшы өнүгүп жатат: көрсөткүчтөрдүн көпчүлүгү боюнча өсүү белгиленди

15.12.17
 
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ИДӨ өсүшү,  улуттук деңгээлде  санариптештирүүнүн маанилүүлүгү жана 2018-жылга пландар  жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы, ЕЭК министрлери журналисттерге жана Евразия экономикалык комиссиясынын ачык эшик күндөрүнүн алкагында журналисттер менен  жолугушууларда  айтышты.  

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 2018-жылы жүзөгө ашырыла турган өтө маанилүү долбоорлорду санап өттү. Алардын ичинде: евразиялык бренддерди калыптандыруу, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жалпы рыногунун ишин жакшыртуу, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды алып салуу, үчүнчү мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүлөр да бар. Биримдиктин санариптик күн тартибин жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурулат. «ЕЭК эки жыл мурун бирдиктүү санариптик мейкиндик түзүү демилгеси менен чыккан,- деп айтты ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян. – Биринчи этапта бизге кыйын болгон, анткени ЕАЭБ жөнүндө келишимде  бул иштин багыты тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Биз Биримдиктин мамлекеттеринин өкмөттөрүн экономиканын санариптик трансформациялоосу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин маанилүүлүгүнө ишендиргенбиз. Натыйжасында, 2016-жылдын аягында биздин мамлекеттердин президенттери санариптик күн тартип жөнүндө билдирүүнү кабыл алышты, жана биздин ушул жылдын ичиндеги ишибиздин маанилүү багыттарынын бирин аныктады. Эгерде интеграция өзүнө санариптик компонентти өзүнө киргизбесе, анда биз Биримдиктин өнүгүүсүнүн керектүү кыймылын камсыз кыла албайбыз деп бүгүн  ишенимдүү айтууга болот».

Биримдикте санариптик күн тартиптин артыкчылыктарын аныкташты. Биринчи артыкчылыктуу багыт - өнүмдөрдүн, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана санариптик активдердин кыймылынын көзөмөлдөө  боюнча иши башталды.

Демилгелерди мамлекеттик органдар да, ошондой эле ишкер коомчулук да сунуш кылса болот.

«Бизге ар кандай демилгелери менен бизнес келип жатат, - деп белгиледи ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар  боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян. - Өнөр жай кооперация, транзиттик ташуулар  чөйрөсүндө долбоорлор көп.  Бизнес мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарттарда ЕАЭБдин бардык аймагына ишти кеңейтүү маселелерин карап чыгууга даяр».

Ошондой эле Карине Минасян ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин негизги жыйынтыктары тууралуу билдирди. 2017-жылы тогуз тоскоол жоюлду, жана эки жылдын ичинде четтетилүүгө тийиш болгон 17 тоскоолдук белгиленген «жол картасы» түзүлдү.

ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык ийгиликтери жөнүндө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая айтты. Анын сөзү боюнча, жылдын жыйынтыгы менен Биримдиктин ИДӨ 2% га жетиши мүмкүн. «Биринчи тогуз айдын жыйынтыгы менен ЕАЭБтин ИДӨ өткөн жылдын ошондой мезгилине салыштырганда 1,9% га өстү,- деп айтты Татьяна Валовая. – Нарк түрүндөгү өз ара соода, өткөн жылга салыштырмалуу 27% га өстү. Бул олуттуу өсүш болуп саналат». 

ЕЭК министри Биримдиктин мамлекеттеринин экономикасы көрсөткүчтөрдүн көпчүлүк жагынан өсүп жаткандыгын баса белгиледи. Өнөр жай өндүрүшү 2017-жылдын тогуз айында өткөн жылдагы ушундай көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,3% га өстү, ал эми айыл чарбасында өндүрүштүн өсүшү 2,7%ды түздү. 2017-жылдын январь-октябрь айларында ЕАЭБдин ичинде жүк айланымы дээрлик 7 % га өстү.  

Татьяны Валоваянын пикири боюнча, интеграциялык натыйжанын жардамы менен Армения жана Кыргызстан ИДӨ болжолу менен 5% өсүштү көрсөтүп жатат, ал ЕАЭБдин башка мамлекеттерине караганда кыйла жогору. Айрым көрсөткүчтөр боюнча бул эки мамлекет алда канча алдыда турат. Мисалы, 2017-жылдын тогуз айында Арменияда курулуштун көлөмү, өткөн жылдагы ушундай мезгилге салыштырмалуу 29% га өстү. Ушул жылдын тогуз айында өнөр жай өндүрүшүнүн эң чоң өсүү көрсөткүчү Кыргызстанда белгиленди - 13,7%. Армения экинчи орунда - өнөр жай өндүрүшү, 2016-жылдын январь-октябры менен салыштырмалуу 12,4%ды түздү. «Биримдик өлкөлөрүнүн экономикалык ийгиликтери, биздин интеграцияны тереңдетүү менен туура иш алпарып жаткандыгыбыз жөнүндө айтып турат», – деди Татьяна Валовая.

Экономика жана финансы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков, интеграциялык процесстерди ийгиликтүү куруу үчүн Комиссиянын бардык чечимдери жөнгө салуу таасирине баа берүү (ЖТБ) процедурасын өтөөрүн эскертти. «ЖТБ процедурасы иштеген эки жарым жылда Комиссиянын 200дөн көбүрөөк чечимдеринин долбоорлору коомдук талкуулоодон өттү, - деди Тимур Жаксылыков. – Биз бизнестен 4,5 миңден көбүрөөк рекомендацияларды жана сунуштарды алдык, мында алардын 65,5% эске алынган. Демек, ЖТБ  бизге жана ишкерлерге пайда келтирүүчү жакшы шайман деп эсептейбиз»

ЕЭК министри, капиталдын, атап айтканда, мүчө мамлекеттеринин жалпы каржылык рынок чөйрөсүндө мыйзамдарын шайкештештирүү боюнча эркин кыймылын камсыз кылуу үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин жалпы каржылык рыногун калыптандыруу боюнча Биримдиктин мамлекеттеринин өкмөттөрү менен биргеликтеги Комиссиянын иши жөнүндө айтып берди. ЕАЭБ жалпы каржылык рынок чөйрөсүн калыптандыруу концепциясы иштелип жатат, анда аны түзүү, укуктук негиз, шарттары, мөөнөттөрү, механизмдери жана аспаптары жазылат.

2015-жылдын 1-январынан тарта, 43 сектордо кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу иштеп жатат. 2017-жылы кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык маанилүү бөлүмдөрү боюнча либерализациялоонун 20 планын жүзөгө ашыруу башталды, ал Биримдиктин кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү рыногун 50%дан 60%га чейин кошумча көбөйтөт. Бул  бирдиктүү экономикалык аймакта бизнестин иши үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.

Тимур Жаксылыков белгилегендей, 2015-жылдан тартып Биримдиктин ичинде жумушчу күчтүн кыймылынын эркиндигин камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү, жалпы эмгек рыногу жана мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн тең экономикалык укуктар иштейт. Мында ЕАЭБ мамлекеттеринен келген эмгекчи мигранттардын башка мүчө мамлекеттерде иштөө мезгилинде өздөрүнүн пенсиялык укуктарын калыптандырууга мүмкүнчүлүгү жок. ЕЭК пенсиялык чөйрөдө тең укуктарды сактоо үчүн Биримдиктин мамлекеттери менен биргеликте Мүчө мамлекеттердин эмгекчилеринин пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишиминин долбоорун иштеп чыкты. Документ аяктоочу баскычта турат, ага 2018-жылы кол коюу пландалууда. Келишимдин күчүнө кириши, мүчө мамлекеттердин жарандарынын Биримдиктин мамлекеттеринде алардын иштеген мезгилде алган пенсиялык укуктарын калыптандырууга, сактоого жана жүзөгө ашырууга укук менен  камсыз кылат.

Энергия ресурстарынын жалпы рыногун түзүү боюнча иштер тууралуу ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Адамкул Жунусов айтып берди. «2018-жылдын 1-июлуна чейин Биримдиктин жалпы энергетикалык рыногун калыптандыруу жөнүндө келишим жана рыноктун эрежелерин аныктоочу беш документ иштелип чыгууга тийиш, - деп айтты ЕЭК министри. – Мындан ары бул рыноктун иштөөсүнүн технологиялык негизин калыптандыруу турат. Газдын, мунайдын жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рынокторунун концепцияларын иштеп чыгуу аяктап жатат. Энергетика чөйрөсүндө четтетүүгө зарыл болгон он бир чектөө калды жана эки алып таштоо калды». Адамкул Жунусовдун сөзү боюнча, транспорт чөйрөсүндө 2017-жылы маанилүү окуя «жол картасын» кабыл алуу болду, аны жүзөгө ашыруу 2025-жылга чейин Биримдиктин чегиндеги транспорттун бардык түрлөрү менен ташууга болгон чектөөлөрдү алып салат.

Суу транспорту чөйрөсүндө Кеме менен жүрүү жөнүндө макулдашуунун долбоорун макулдашуу боюнча иш аяктап жатат. Ага кол койгондо, мүчө мамлекеттердин ички суу жолдору боюнча Биримдиктин желеги астында кемелердин өтүүсүнө уруксат тартибин алып салууга мүмкүндүк берет.