Sign In
ЕЭК тоскоолдукту жоюуга - Казакстан Республикасынан мүчө мамлекеттерге кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого чектөөнү алып салууга чакырды

ЕЭК тоскоолдукту жоюуга - Казакстан Республикасынан мүчө мамлекеттерге кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоого чектөөнү алып салууга чакырды

15.10.20
13-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин укуктарын ишке ашыруу зарылдыгы жөнүндө Казакстан Республикасын кабарлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

2018-жылдын октябрь айынын аягынан тартып Казакстан Республикасы кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын автомобиль транспорту менен экспорттоону, ал эми 2020-жылдын июнь айынан тарта темир жол транспорту менен экспорттоону чектеген.

Коллегия Казакстан Республикасынан мүчө мамлекеттерге кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоону чектөө боюнча иш-чараларды Бирликтин ички рыногундагы тоскоолдук катары  квалификациялады.

Бирлик өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлигинин ыйгарым укуктуу органдары жана бизнес-коомчулугу менен жүргүзүлгөн мониторинг жана консультациялар жүрүшүндө,  Казакстан Республикасынан Бирлик өлкөлөрүнө кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын экспорттоону чектөө фактысы тастыкталган.

ЕАЭБ жөнүндө келишимдин жоболоруна ылайык, ички рыноктун толук кандуу иштеши товарлардын эркин жүгүртүлүшү каралган, керектөөчүгө тигил же бул мүчө мамлекетке таандык экендигине карабастан, темир жол транспорту кызматтарына жеткиликтүүлүк камсыздалат.​