Sign In
ЕЭК евразиялык интеграция жөнүндө онлайн-курсту баштоодо

ЕЭК евразиялык интеграция жөнүндө онлайн-курсту баштоодо

15.05.20

Ага Евразия экономикалык бирлигинин иши жана Комиссиянын ишмердиги жөнүндө 32 лекция кирмекчи. Курс ушул жылдын жай мезгилинде башталат.


"ЕАЭБ: бул эмне жана кантип иштейт?" деп аталган курска азыртан эле жазылууга болот.


"Биз бул курсту биздин Бирлигизбин мамлекетинин кайсы болбосу жараны үчүн кызыктуу жана түшүнүктүү кылууга аракет кылдык: ишкерлер жана студенттерден тартып, пенсионерлер жана жаш энелер үчүн. Биз элдер алардын өлкөсүнүн Евразия экономикалык бирлигиндеги мүчөлүгү аларга берген укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билүүсүн каалайбыз",
 – деп айтат ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович.


Курстун авторлору Евразия экономикалык комиссиясынын 30 эксперти болду. Угуучулардын алдында ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы жана ЕЭК Коллегиясынын министрлери, департаменттердин директорлору жана директорлордун орун басарлары, бөлүм башчылары жана кызматкерлери чыгып сүйлөшөт.


"Авторлордун курамы уникалдуу болду. Ар бир лектор – өзүнүн чөйрөсүндө кесипкөй. Угуучуларга лекцияны уккандан кийин авторлорго өз сууроолорун тартынбай берүүнү сунуштаар элем",
– деп кошумчалады Михаил Мясникович.


Евразия экономикалык бирлиги – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын ар бир жараны жашап жаткан реалдуулук. Андан эч кайда качып кутулууга болбойт, бирок ЕЭК каалоочулардын баарына жашоо үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды берүүгө даяр.


Бирликтин органдары деген эмне, алар кантип иштейт жана кандай чечимдерди кабыл алат?


Бажы бирлигинин шарттарында бизнес кантип иштей алат? Жашоо шарттарын кантип жакшыртууга болот?


COVID-19 шарттарында да эмнени жана каякка импорттоого болот?


ЕАЭБ жөнөкөй адамдардын жашоосуна кандай таасир берет?


Кантип коопсуз эмес продукциядан жана контрафакттан коргойт?


Бирликтин өлкөсүнүн ар бир жараны үчүн кандай социалдык кепилдиктер бар? (Келечекте) кантип пенсия алууга болот?


Ушул жана башка суроолорго ЕЭКтин "ЕАЭБ: бул эмне жана кантип иштейт?" деп аталган онлайн-курсу жооп берет.​