Sign In
ЕАЭБде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды

ЕАЭБде товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды

5.jpg
15.04.21

Мындай сунушту Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн товардык биржаларынын өкүлдөрү ЕАЭБдин товарларынын жалпы биржалык рыногун түзүү боюнча кеңешмесинде билдиришти. Кеңешмени 14-апрелде ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев өткөрдү.

«2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары товарлардын жалпы биржалык рыногун, анын ичинде негизги активи товар болуп саналган финансылык туунду инструменттердин рыногун түзүү милдетин койду. ЕАЭБ өлкөлөрү мунай, газ, дан, кара жана түстүү металлдардын алдыңкы өндүрүүчүлөрү болуп саналат жана алар дүйнөлүк рынокто үстөмдүк кылган товарларга баа түзүүдө жетектөөчү ролду алууга жетилди", - деп баса белгиледи Сергей Глазьев.

Комиссиянын тармактык департаменттеринин өкүлдөрү Бирликтин жалпы биржалык мейкиндигин калыптандыруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып беришти. Биржа коомчулугунун өкүлдөрү биржалык сооданы өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары жана практикасы менен бөлүшүп, ЕАЭБдин алкагында ачык жана объективдүү баалар менен уюштурулган товарлар рыногун түзүү маселелери боюнча кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана биржалык жана биржадан тышкаркы баалардын индикаторлорун иштеп чыгууну сунушташты, алар келечекте биржалык товарлар менен соодада жаңы дүйнөлүк бенчмаркалар (баанын багыттоочтору) болуп калышы мүмкүн.

Кеңешмеге монополияга каршы ведомстволордун, товардык биржалардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин биржалык товарларынын өндүрүүчүлөрү, КМШ Биржаларынын ассоциациясынын, ошондой эле ЕАЭБде байкоочу болуп саналган Өзбекстандын товардык-чийки зат биржасынын өкүлдөрү катышышты.