Sign In
ЕАЭБде расмий статистиканы түзүү тартиби өркүндөтүлөт

ЕАЭБде расмий статистиканы түзүү тартиби өркүндөтүлөт

4.jpg
15.04.21

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын алдындагы Статистика боюнча консультативдик комитеттин он сегизинчи отурумунда талкууланды. Иш-чара 14-апрелде Москва шаарында ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында өттү.

2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары менен бирдикте 2021-2025-жылдарга карата статистика чөйрөсүндөгү иш-чараларды пландаштыруунун жана ишке ашыруунун курч маселелерине көңүл бурулду.

Негизги басым ЕАЭБ жөнүндө келишимге статистика чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максатка ылайыктуулугуна жасалды, өзгөртүүлөргө ылайык Комиссиянын өз ара соодада товарларды эсепке алуунун жана декларациялоонун бирдиктүү тартибин бекитүү боюнча ыйгарым укуктары кеңейтилмекчи. Комитеттин макулдашылган позицияны 2021-жылдын 1-июнуна чейин сунуштоо чечими кабыл алынган.

Мындан тышкары, комитеттин мүчөлөрү мүчө мамлекеттердин расмий маалыматтары боюнча өз ара сооданын көрсөткүчтөрүн улуттук валюталардан россиялык рублге кайра эсептөөнү талкуулашты. Кайра эсептөө жана өлкөлөрдүн салык органдары менен мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар аныкталды.​

Консультативдик комитет өз ара соода боюнча статистикалык маалыматтарды тапшырбагандыгы үчүн укук колдонуу тажрыйбасы боюнча маселени карады. Статистикалык отчеттуулуктун формаларын тапшырбагандыгы үчүн респонденттердин жоопкерчилигин белгилөө, статистиканын сапатын жогорулатуунун инструменттеринин бири болуп саналат.  

Жолугушуунун катышуучулары чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен түзүлгөн ишканалардын ишин мүнөздөгөн расмий статистикалык маалыматты түзүү боюнча иш-чараларды колдошту. Бул иш-чаралар 2021-жылдын январь айында Казакстан Республикасынын Президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы Касым-Жомарт Токаевдин мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуусунда айтылган, Бирликте өнөр жай, агроөнөр жай секторунда жана тейлөө чөйрөсүндө биргелешкен ишканаларды түзүүгө байланыштуу демилгелерди ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Комиссиянын Статистика департаменти тарабынан иштелип чыккан, чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен түзүлгөн ишканалардын ишин мүнөздөгөн расмий статистикалык маалыматтын бар экендиги жөнүндө суроолор тизмеги бекитилди. Сурамжылоону жалпылоонун жыйынтыгы боюнча Евразия экономикалык комиссиясына расмий статистикалык маалыматтарды тапшыруунун форматтары актуалдаштырылат.

Мындан тышкары, катышуучулар статистиканы санариптештирүү, тактап айтканда, статистиканын бөлүмдөрү боюнча дайындардын концепттерин жана түзүмдөрүн даярдоону кеңейтүү жана жеке кабинеттердин иштешинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты. Тараптар санарип технологияларын өздөштүрүүгө катышуусун күчөтүү боюнча сунуштарын беришти. Атап айтканда, SDMX стандартын ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча маалыматтык аянтча түзүлүп, октябрь айында “ЕАЭБ статистикасына санарип технологияларын киргизүү” семинары өткөрүлөт.

ЕЭКтин Статистика департаменти консультативдик комитетке ЕАЭБ өлкөлөрүндө БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) мониторинг жүргүзүүгө жана жетишүүгө COVID-19дун таасирин изилдөө боюнча эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен даярдалган суроолордун тизмегин сунуштады. Анда COVID-19 пандемиясы учурунда расмий статистикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана жайылтуу маселелери, ошондой эле статистикалык маалыматтарды топтоонун жана ТӨМгө жетишүүгө COVID-19 таасирин баалоонун ыкмалары чагылдырылган.