Sign In
ЕАЭБде маданияттардын диалогу адамдарга экономикалык интеграцияны жакындатат

ЕАЭБде маданияттардын диалогу адамдарга экономикалык интеграцияны жакындатат

3.jpg
15.04.21

Мындай жыйынтыкка жыл сайын өткөрүлүүчү "Маданияттар диалогу" эл аралык жаш журналисттердин медиа форумунун катышуучулары келишти, бул иш-чара 14-апрелде Санкт-Петербург шаарында он бешинчи жолу өткөрүлдү. Форумдун тарыхында биринчи жолу евразия тематикасына өзүнчө отурум арналды. Бирлик өлкөлөрүнүн журналисттери жана блогерлери, алар туш болгон көйгөйлөр жана ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнө аудиториянын кызыгуусун арттыруу үчүн эмне керек экендиги жөнүндө ачык айтып беришти. Биринчи кезекте, өлкөлөр жана адамдар көбүрөөк баарлашып, бири-бирине ишенип, маданият чөйрөсүндө интеграцияланышы зарыл, ал эми Комиссия - жарандарды эмне кызыктырган нерсе жөнүндө ачык айтышы керек.

Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасынын жардамчысы Ия Малкина ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын интеграциялык бирикменин ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматынын жетишсиздигин белгилеп, жаш журналисттерди жана блогерлерди евразиялык интеграцияны көбүрөөк чагылдырууга чакырды. 

"Евразия экономикалык бирлиги - биз ал жөнүндө ойлонбосок дагы, сиздер менен биздин реалдуулук. Комиссия Бирликти жаш муун өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жүзөгө ашыра ала турган мейкиндик катары калыптандыруунун үстүндө иштеп жатат", - деп баса белгиледи ал.

Иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы журналисттери жана ЖМК жетекчилери, анын ичинде РБК телеканалынын башкаруучу директору Илья Доронов, М.В. Ломоносов атындагы ММУнун Жогорку телевидение мектебинин деканы Виталий Третьяков, Regnum МА башкы редакторунун орун басары Марина Захарова, "Россия Сегодня" МА аткаруучу директору Кирилл Вышинский, Белоруссиянын Журналисттер союзунун төрагасы Андрей Кривошеев, "Вести недели" программасынын башкы редактору Николай Ениколопов, ошондой эле башка журналисттер жана блогерлер катышышты. 


Иш-чаранын модератору "Журналисттер шериктештиги" Медиаконгрессинин төрагасы, Россиянын Журналисттер бирлигинин катчысы Ашот Джазоян болду. Жолугушуунун алкагында Ашот Джазоян жаш муундагы ЖМК өкүлдөрүнүн жана блогерлеринин версиясы боюнча мыкты журналисттер катары теле алып баруучулар Владимир Познерге жана Жанна Бадоевага сыйлыктарды тапшырды.

Медиа форум ЕЭКтин жана Евразия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен "Журналисттер шериктештиги" Медиаконгресси жана Мамлекеттик Эрмитаж тарабынан уюштурулду.  

Айтмакчы, ошол эле күнү ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана тармактык аналитикалык басылмалардын өкүлдөрү Комиссиянын ачык иш-чараларында иштөө үчүн бир жылга аккредитация карталарын алышты.

Быйыл Комиссия биринчи жолу ЖМКларды туруктуу аккредитациядан өткөрдү. Бул ЕЭК ишинин ачыктыгын камсыздоо жана Бирлик өлкөлөрүнүн журналисттеринин кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында жасалды.

Аккредитациялоого өтүнмөлөр Бирлик мамлекеттеринин "Россия сегодня" ЭМА, Sputnik ЭМА, ТАСС МА, "Интерфакс", РБК телеканалы, "Мир" телеканалы, БелТА, "Казинформ" МА, "Хабар" телеканалы, Белтелерадиокомпаниясы, Улуттук телевидение, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокорпорациясы, Армениянын Коомдук телевидениеси жана башкалар сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынан келип түшкөн. Аккредитациядан өтүү үчүн тизмеде - 70тен ашуун журналист болгон.

Аккредитациялык карталарды ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков тапшырды. 

Евразиялык ЖМКлар менен Комиссиянын ортосундагы тыгыз маалыматтык кызматташуунун натыйжасында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары евразиялык интеграция жөнүндө заманбап жана объективдүү маалыматтарды ыкчам алышат. 

Маалымат

"Маданияттын диалогу" XV мааракелик эл аралык форуму 15 жылдан бери 30дан ашык өлкөлөрдөн жаш журналисттер, салттуу жана санариптик медианын фотографтары, режиссерлор, медиа эксперттер, ошондой эле блогерлер жана көз карандысыз журналисттер жыл сайын жолуккан Россиянын эң ири аянтчаларынын бири болуп келет, алар заманбап медиа чакырыктарына биргеликте жооп издешет, ар кандай маданияттардын жана конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосунда келишпестиктерди жоюуга багытталган чек ара аралык долбоорлорун сунушташат.