Sign In
Гоар Барсегян: "Тутумдук аналитика - ЕАЭБдеги эл аралык ишмердиктин маанилүү элементи"

Гоар Барсегян: "Тутумдук аналитика - ЕАЭБдеги эл аралык ишмердиктин маанилүү элементи"

2.jpg
15.04.21

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян Эл аралык колдонмо тутумдарды талдоо институтунун (IIASA) "Евразиядагы тутумдук талдоо" регионалдык конференциясында билдирди.

Гоар Барсегян Европа жана Евразия экономикалык бирликтеринин кызматташтыгынын мисалында негизги эл аралык оюнчулардын практикалык өз ара аракеттенүүсүнө объективдүү жана тутумдук аналитикалык колдоо көрсөтүү зарылдыгын көрсөттү. Анын айтымында, тутумдук талдоо ЕБ менен ЕАЭБдин ортосунда расмий диалог жок болгонуна карабастан, эксперттик деңгээлдеги мамилелер жана байланыштар сакталып турат деген тыянак чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Эки бирикменин бизнес-коомдоштугунун ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү алардын андан ары өнүгүүсүн активдештирүүгө жардам берет.

COVID-19 пандемиясы көп жагынан эл аралык экономикалык мамилелердин мүнөзүн түшүнүүнү өзгөрттү. Бирок ал дүйнөнүн негизги оюнчуларынын ортосундагы диалогдун маанилүүлүгүн жокко чыгарган жок жана алардын өз ара аракеттенишине тутумдашкан мамиленин маанилүүлүгүн белгиледи", - деди Гоар Барсегян.

ЕЭК өкүлү конференция катышуучуларына "Чоң европалык жана евразиялык мейкиндиктин алкагында экономикалык интеграциянын чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" долбоору жөнүндө эскертти, ал 2013-жылы Евразия өнүктүрүү банкы менен биргеликте IIASA институту тарабынан ишке киргизилген. Ал ар кандай өлкөлөрдүн эксперттеринин, ошондой эле Европа жана Евразия экономикалык комиссияларынын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды уюштуруу үчүн негизги көз карандысыз талкуу жана талдоо аянтчасы болуп калды.

ЕЭК департаментинин директору институт тарабынан берилген уникалдуу платформа мындан ары дагы өнүгө берет деген ишенимин билдирди. Өзүнүн илимий мүнөзүнүн аркасында ал Евразиянын интеграциялык түзүмдөрүнүн ортосунда диалог үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жөндөмдүү.

Маалымат

Колдонмо тутумдук талдоо боюнча эл аралык институт (IIASA) АКШ жана Советтер Союзу тарабынан 1972-жылы негизделген. Кийинчерээк аларга Австралия, Бразилия, Улуу Британия, Кытай, Египет, Германия, Индия, Индонезия, Иран, Корея Республикасы, Мексика, Нидерланддар, Норвегия, Пакистан, Түштүк Африка, Япония жана башка бир катар өлкөлөр кошулган. Институт Австрияда жайгашкан. Ал курчап турган чөйрө, экономика, технологиялар жаатында жана социалдык чөйрөдөгү маселелер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзөт. Анда ар кайсы өлкөлөрдөн 300гө жакын окумуштуулар жана көп сандаган убактылуу кызматкерлер туруктуу иштешет.