Sign In
Улуттук мыйзамдарды унификациялоо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбасы боюнча кызматташуусуна жардам берет

Улуттук мыйзамдарды унификациялоо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбасы боюнча кызматташуусуна жардам берет

1.jpg
15.04.21

Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында уюштурулган кеңешменин алкагында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, бизнес коомчулугунун, тармактык коомдук бирикмелеринин, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү менен өзүн-өзү камсыздоосун жогорулатуу, асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян бул багытта Комиссиянын иши жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, Комиссия жана Бирлик өлкөлөрү тарабынан бирдиктүү үрөн рыногунун толук кандуу иштеши жана алардын сорттук жана себүү сапаттары боюнча документтерди өз ара таануу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө.

"Бул 2017-жылдын 7-ноябрындагы ЕАЭБдин алкагында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн жүгүртүмү жөнүндө макулдашуу кабыл алынгандан кийин мүмкүн болду. Бул багыттагы иш токтоп калган жок. Болжолу менен бир айдан кийин, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда, Бирлик мамлекеттеринин сортторду сыноо жана үрөнчүлүк чарбасы жаатындагы улуттук мыйзамдарын унификациялоо боюнча иш-чаралардын тизмесин бекитүү пландаштырылууда", - деп белгиледи Артак Камалян.

ЕЭК министринин айтымында, бул документтин кабыл алынышы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбачылыгы жаатында жөнгө салууга карата бирдиктүү ыкмалардын негизинде кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жардам берет, натыйжада бул айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жогорку түшүмдүү сорттор жана жогорку сапаттуу үрөндөр менен камсыздоонун өсүшүнө жана Бирлик өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплекстеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына таасирин тийгизет.

Министр бүгүнкү күндө ЕАЭБде Бирликтин аймагында үрөндөрдүн тоскоолдуксуз жүгүртүлүшүнө өбөлгө түзүүчү ченемдик-укуктук жана методикалык базаны түзгөндүгүн баса белгиледи. ЕАЭБ үрөндөрдүн сапаты боюнча мүчө мамлекеттердин документтерин өз ара таануу камсыздалган, үрөндөрдүн себүү сапаттарын аныктоонун бирдиктүү ыкмаларын колдонулат, ал эми ушул жылдын 1-январынан тарта сорттук сапаттарды аныктоонун бирдиктүү ыкмалары колдонулмакчы. Бирликтин интеграцияланган маалымат тутумунун алкагында сорттордун бирдиктүү реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби аныкталган. Мындан тышкары, 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиясында, асылдандырууну жана үрөнчүлүк чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча биргелешкен иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле сортторду сыноо жана үрөнчүлүк чарбачылыгы чөйрөсүндө улуттук мыйзамдарды андан ары унификациялоо каралган.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБге үрөндөрдүн импорту 1 миллиард доллардан ашкан, анын 80%дан ашыгын күн карама, жүгөрү, кант кызылчасы, жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдары түзгөн. Жолугушуунун катышуучулары бул маселе Бирликтин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түздөн-түз байланыштуу жана аны чечүү үчүн бир катар чараларды көрүү зарыл деген бир пикирди билдиришти. Алардын катарында - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбачылыгы тармактарын мамлекеттик жөнгө салуу жана колдоо, илим менен бизнестин кызматташтыгы.

Комиссиянын күн тартибине бир катар сунуштарды киргизилиши иш-чаранын жыйынтыгы болду. Атап айтканда, Бирликтин өлкөлөрүндө асылдандырууну жана үрөнчүлүк чарбасын өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгуу, бирликтин изилдөө (асылдандыруу) программаларын каржылоону уюштуруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучуларынын сунуштары биргелешкен резолюцияда чагылдырылды жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары билдирген, бүтүндөй айыл чарба тармагында жана аны камсыздаган чөйрөлөрдө - асылдандыруу жана үрөнчүлүк чарбасында интеграцияны өнүктүрүү боюнча стратегиялык демилгелерди ишке ашырууда колдонулат.