Sign In
Бирлик металлургия тармагын өнүктүрүү үчүн интеграциялык потенциалды колдонот

Бирлик металлургия тармагын өнүктүрүү үчүн интеграциялык потенциалды колдонот

15.04.19
Өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) аянчтасында Комиссиянын өнөр жай блогу уюштурган, металлургия тармагындагы биринчи Eвразиялык тармактык конференция болуп өттү.

«Бул – беш өлкөнүн аталган тармактагы өндүрүүчүлөрүн бир аянтчада бириктирүү жана ЕАЭБдин аймагындагы металлургия ишканаларынын учурдагы көйгөйлөрүн жана кызматташтык перспективаларын талкуулоо, технологияларды өнүктүрүүдөгү мыкты тажрыйбаларды алмашуу мүмкүнчүлүгү», – деп Александр Субботин өзүнүн саламдашуу сөзүндө белгиледи.


ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев баса белгилеп өткөндөй, жолугушуунун актуалдуулугу Россиянын жана Беларустун эң ири металлургиялык компанияларынын жетекчилеринен жана тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын жана уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган спикерлердин жогорку курамы жана өндүрүүчүлөр көтөрүп чыккан, чечүүнү талап кылган маселелер менен тастыкталат.

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө аталган тармактардагы жагдай турукташтырылды. 2018-жылы ЕАЭБде металлургиядагы өндүрүштүн өсүшү 2% түздү. Металлургия Беларуста, Казакстанда, Кыргызстанда жана Россияда ийгиликтүү өнүгүүдө: өндүрүштүн өсүшү – тийиштүүлүгүнө жараша 7%, 2,2%, 4,4%, 1,7% түздү.

«Металлургия тармагы оң динамиканы көрсөтүүдө. Биз, Комиссия жана Бирлик өлкөлөрү, кызматташтыкты улантуубуз зарыл», – деди ЕЭК Коллегиясынын өнөр жай жана АӨК боюнча мүчөсү (министр) Александр Субботин.

ЕЭК өкүлдөрү аталган тармак олуттуу кооперациялык, илимий-техникалык жана экспорттук потенциалга ээ деп эсептешет. Ал өнөр жайдын экономикалык жактан маанилүү бир катар чектеш тармактарына да тийип өтөт, бул болсо өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн Бирликтин ичинде кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

ЕАЭБде эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык мисалдары буга чейин эле болгон. Алар жөнүндө ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Тигран Арутюнян айтып бериди: «Россиянын жана Казакстандын өндүрүүчүлөрү мунай жана газ тармагы үчүн жогорку герметикалык бурама байланыштарды өндүрүүдө кызматташат, Россиянын жана Казакстандын, Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү – ферроэритмелерди өндүрүүдө, Казакстандын, Беларустун жана Армениянын өндүрүүчүлөрү Россия менен – жогорку кайрадан бөлүү металл продукцияларын өндүрүүдө кызматташат».

Иштин маанилүү багыттарынын бири катары Тигран Арутюнян ЕАЭБдин алкагында алюминийден жасалган продукцияга сурам стимулдаштырылып жаткан, жез продукциясын, атап айтканда, катод жезин жана жезден катоддорду өндүрүүдө кызматташтык өнүгүп жаткан, түстүү металлургиядагы кооперацияны тереңдетүүнү белгиледи.

Илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтык чөйрөсүндө Комиссия «Металлургия жана жаңы материалдар технологиялары» Евразия технологиялык платформасын түздү. Анын ишинин багыттарынын бири – комплекстик ферроэритмелерди өндүрүү технологияларын жана металлургиядагы башка инновациялык технологияларды биргелешип түзүү.

Жогорку өткөргүч электротехникалык болоттон жасалган Eвразиялык энергонатыйжалуу трансформаторду өндүрүү чөйрөсүндө үч тараптуу кызматташтык башталды.

Бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү өнөр жайдын чектеш тармактары керектеген металлургия продукциясына сурамды стимулдаштыруу зарылчылыгына тиешелүү актуалдуу маселелерди, кара металлургия тармагындагы ашыкча кубаттуулук маселелерин, түтүк тармагындагы контрафакт маселелерин, ошондой эле алюминий рыногундагы жагдайды айтып өтүштү.

Конференциянын катышуучулары тармакты өнүктүрүү маселелерине конкреттүү чечимдерди сунуш кылышты жана алар конференциянын резолюциясынын негизине киргизилди.

«Бул конференция Евразия экономикалык бирлигинин алкагында тармакты өнүктүрүүнүн эң актуалдуу маселелерин жана милдеттерин талкуулоо жана аларга чечимдерди издөө менен, салттуу тармактык иш чара болуп калат деп үмүттөнөм», – деп Тигран Арутюнян жыйынтыктады.
 

Маалымат

Конференцияда Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, ЕАЭБдин эң ири металлургия компанияларынын жана тармактык ассоциацияларынын: «Белцветмет» ААК, «БМЗ ААК – «БМК» холдингинин башкаруучу компаниясынын (Беларусь Республикасы), «АрселорМиттал Термитау» АК (Казакстан Республикасы), «Русская Сталь» Кара металлургия ишканаларынын ассоциациясынын, Түтүк өнөр жайы Фондунун, Алюминий ассоциациясынын, «Русал» БК, «Мечел» КАК, «ЧТПЗ» КАК, «ТМК» КАК, «МЕТАЛЛОИНВЕСТ» БК ЖЧК (Россия Федерациясы) кара металлургия ишканаларынын жетекчилери, ӨИРБ өкүлдөрү катышышты.

Конференция металлургия тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлүү маселелерине жана 2019-2020-жылдарда ЕАЭБдин потенциалын колдонуу менен аларды практикалык жактан чечүүгө арналган.