Sign In
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инвестицияга ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн Комиссия мүчө өлкөлөр менен биргеликте улут үстүндөгү жаңы орган - ЕЭК жана ЕАЭБти чыңдоосу зарыл”

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян: “ЕАЭБ өлкөлөрүнүн инвестицияга ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн Комиссия мүчө өлкөлөр менен биргеликте улут үстүндөгү жаңы орган - ЕЭК жана ЕАЭБти чыңдоосу зарыл”

15.04.16

Москвада 14-апрелде Россияга инвестицияларды арттыруу боюнча “ИнвестРОС 2016” эл аралык конференциясынын чегинде болуп өткөн ”Россияны тандоо! Жаңы чакырыктар” пленардык отурумунда, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Евразия экономикалык биримдик (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн инвестицияларга болгон ыңгайлуулугун жогорулатуу үчүн Комиссия мүчө өлкөлөр менен биргеликте улут үстүндөгү жаңы орган -  ЕЭК жана ЕАЭБти чыңдоосу зарыл экендигин белгиледи.

Отурумда макроэкономикалык абалды жакшыртуу, Россия Федерациясындагы ивестицияларды мыйзамдуу түрдө колдоо, менчик укуктарын сактоо кепилдиги, Россия юрисдикциясына болгон ишенимди арттыруу чаралары талкууланды.

Иш-чарада Россия Федерациясынын Федералдык Жыйналышынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Алексей Лихачев, Мамлекеттик Думанын Экономикалык саясат, инновациялык өнүгүү жана ишкердик боюнча комитетинин Төрагасы Анатолий Аксаков, Россия Федерациясы Борбордук банкынын Төрагасынын биринчи орун басары Сергей Швецов жана башкалар катышты. 

“ИвестРос” эл аралык конференциясынын ачылышында, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйналышынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Сергей Нарышкин билдиргендей, Россия Евразия экономикалык биримдигин бекемдөөгө жана жаңы өлкөлөрдү Биримдик менен кызматташууга кызыктырууга, анын ичинде эркин соодалашуу форматында иштерди жүргүзүүгө ниеттенет.   “Жаңы жана уникалдуу перспективалар жигердүү евразиялык интеграциянын эсебинен ачылат”, - деди Сергей Нарышкин. Ал белгилеп өткөндөй, “Евразия экономикалык биримдиги мүчө өлкөлөргө тышкы кризистик көрүнүштөрдүн таасирин минималдаштыруу жана өлкөлөрүбүзгө потенциалдарын бириктирүүдө жардам берүүгө жетишти”

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын ою боюнча, бүгүн инвестициялардан түшкөн дивиденддерди алуу божомолу, бизнес-чөйрөнүн түшүнүктүүрөөк болуусун шарттаган заманбап институттар аркылуу гана камсыздалат.    Ошону менен катар, Биримдик өлкөлөрү өздөрүнүн салыштырмалуу артыкчылыктарын түзүү процессинде инвесторлор үчүн божомол кепили болгон улут үстүндөгү институттарды чыңдоосу зарыл.

Тигран Саркисян география, ташуу, сырье, физикалык активдердин баасы сымал факторлорун төмөндөтүп, ал эми компетенттүүлүк жана классификация деңгээли сымал факторлордун таасирин арттыруу аркылуу инвесторлор үчүн экономикалык иш-аракеттердин парадигмасы өзгөрүлүүсүн  белгиледи.  “Ошентип, максималдуу кошумча нарк өнөр жай салттуу тармактарынан тейлөө жана инновация чөйрөсүнө, башкача айтканда санариптик экономиканын негизинде түзүлгөн продукт жана тейлөө жаралган чөйрөгө өтөт. Дал ушул жерде салыштырмалуу артыкчылыктарыбызды түзүп жана бул тармактар үчүн шарттарды өнүктүрүүбүз керек”, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Тигран Саркисяндын айткандары боюнча, дүйнөлүк Транстынч океандык, трансатлантикалык соода-экономикалык кызматташтыктардын ландшафтын өзгөрткөн  жаңы мегааймактык соода-экономикалык бирикмелерди түзүү, аймакташтыруу жакынкы 10-15 жылда негизги дүйнөлүк тренд болуп калат.  “Дүйнө аймактык экономикалык бирикмелер көбүрөөк роль ойногон стадияга кирип бара жатат, жана биз Дүйнөлүк соода уюмунун ролунун төмөндөшүн байкайбыз, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. - Бул процесстер Евразиялык экономикалык биримдигиндеги интеграциялык кызматташтыктык тереңдешине багытталган иш-аракеттерибизди алдын ала аныктайт, жана аймактык мегадолбоорлорду ишке ашыруу үчүн табигый мотивацияларды жаратат, мисалы Кытай, Индия жана башка кызыдар өлкөлөр жана бирикмелер менен”.

Тигран Саркисяндын ою боюнча, инвесторлорду кызыктыруу үчүн өзүңдү бирдиктүү экономикалык мейкиндик катары көрсөтүшүң керек.  “Бул, инвестицияларды арттыруунун кепили - бизнес-чөйрөнү шарттаган, улут үстүндөгү институттар болоорун билдирет”, - деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.

Тигран Саркисян, аймакташтыруу шартында ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өз ара ички инвестициялар тышкы инвестицияларга салыштырмалуу көбүрөөк туруктуу бойдон калаарын белгиледи.  Маселен, 2015-жылы тышкы инвестицияларга салыштырмалуу ички инвестициялар көбөйгөн. “Бул Биримдиктеги интеграциялык процесстердин тереңдигин билдирет.   Эгерде ЕАЭБ болбогондо, кризис биздин өлкөлөргө көбүрөөк таасир этмек”, - деп билдирди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Өз кезегинде, Россия Федерациясынын экономикалык өнүктүрүү Министринин биринчи орун басары Алексей Лихачев Тигран Саркисянды ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы болуп дайындалгандыгы менен куттуктады.  Ал, Комиссия менен кызматташтык РФ үчүн артыкчылык экендигин белгиледи. “Биз азыр ЕАЭБти ишке ашырууга кириштик, жана Биримдик тууралуу Келишимге кошумча экинчи деңгээлдеги иш кагаздарды түзүүдөбүз. Эгерде биринчи этап эркин товар кыймылын шарттаган Бажы биримдиги болсо, экинчи этап бул өлкөлөрүбүз арасында капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылын шарттаган - ЕАЭБ болуп эсептелет. Биз, дүйнөдө сапаты боюнча экинчи орунду ээлеген Европа Союзунан кийинки интеграциялык бирикмени түздүк”, - деп билдирди Алексей Лихачев. Андан тышкары, Россия ушул жылы ЕАЭБ Бажы кодексин кабыл алууну пландап жаткандыгын белгиледи.