Sign In
Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган маанилүү маселелер тизмеги каралды

Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунда интеграциялык процесстерди тереңдетүүгө багытталган маанилүү маселелер тизмеги каралды

15.04.16

13-апрелде Горки шаарчасында (Москва областы) Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму болуп өттү.  Саммитте Армения Республикасынын Премьер-министри Овик Абраамян, Беларус Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян катышышты.

Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө багытталган маанилүү маселелердин тизмеги каралды.  Атап айткада, макроэкономика жана интеграция, соода-сатык, өнөр жай жана агрардык өнөр жай комплекси, экономика жана каржы саясаты, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, энергетика жана инфратүзүм алкагындагы маселелер талкууланды.  

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев отурумдун катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылып, мындай деп белгиледи:  “Ушул жылдын февраль айынан баштап Тигран Суренович Саркисяндын жетекчилиги алдындагы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жаңыртылган курамы иш баштады. Евразия комиссиясынын Коллегиясы дароо практикалык ишке киришти. Ал жамааттык кызыкчылыктарыбыздын ишке ашуусун камсыздап, уюшкандык жана профессионалдуулук менен иш жүргүзөт деген үмүттөбүз.   Албетте, Тигран Суреновичке жана анын кызматташтарына, алар иштеген түзүм иш алпарган маселелерди чечүүдө албан албан ийгиликтерди каалайбыз”.

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, 2015-жылы ЕАЭБ ичинде Беларусь төрагалыгына ар тараптан активдүү колдоо көрсөткөндүгү үчүн Биримдиктин Премьер-министрлерине ыраазычылыгын билдирди.  “Демилгелерибизди ишке ашыруунун эсебинен евразиялык интеграцияны мындан ары өнүктүрүү үчүн Биримдикте негиз түптөлүүдө”, - деп белгиледи ал.  

Андрей Кобяков, азыркы учурда Евразиялык экономикалык биримдикте (ЕАЭБ) тышкы контурда, андан дагы чыгыш, ошондой эле батыш векторлорунда активдуу иш жүргүзүүлөр болуп жаткандыгын белгиледи.  “Иш баштагандан бери бир гана жыл өттү, ал эми Биримдик жөн гана интеграциялык бирикмелердин сөлөкөтүнө ээ болгон жок, - деди ал. - Бул туура багыт.  Эми дүйнө бөлүнө албайт, себеби ал блокторго бөлүнгөн.  Бизди күчтүү экономикага ээ бирикмелер жана өлкөлөр курчап турат.  ЕАЭБтин милдети – алардын арасынан татыктуу орунду ээлөө”.

Мындан тышкары, Андрей Кобяков, ЕАЭБ ичиндеги өз ара соодадагы чектөөлөрдү жана алып салууларды жоюуда Беларусту олуттуу жылыштар күтүп жаткандыгын билдирди.  “Ушуга байланыштуу, 10-20 алып салуулардын биринчи кезектеги тизмеси боюнча  Тараптардын сунуштарын топтоо жана аларды тез арада жоюу чараларын көрүү тууралуу идеябызга кайрылууну сунуштайм. Комиссиядагы түзүмдүк жаңылыктарга -  ЕЭКтин ички рыноктордун иштөө маселелери боюнча Коллегия Мүчөсүнүн дайындалышына  жана тийиштүү департаметтин түзүлүшүнө  байланыштуу Беларусиялык Тарап бул иш-аракеттерде олуттуу жылыштарды күтүүдө”, - деди Беларусь Өкмөтүнүн Башчысы.

Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун 2015-жылдын 1-январында Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларына болгон кайрылуусунда айтылган, Беларус төрагалыгынын артыкчылыктарын ишке ашыруу боюнча Комиссиянын иш-аракет планын жана  ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык  эл аралык келишимдерди жана акттарды иштеп чыгуу планын аткаруунун жүрүшү жөнүндөгү маалыматын эсепке алуу менен, Өкмөттөр аралык кеңеш ЕЭКке Биримдик өлкөлөрү менен биргеликте бул ишти улантууну тапшырды. 

125 позициядан турган Акттарды иштеп чыгуу планы, ЕАЭБ тууралуу келишимдин бөлүмдөрү боюнча структураланган акт тизмесин, ченемдик-укук акттарын жана Комиссиянын иш-аракеттери жана ЕЭК тармактык департаменттеринин милдеттери боюнча башка иш кагаздарды билдирет.   Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун кайрылуусуна ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын иш-аракеттер планы, ЕЭКтин жоопкерчиликтүү Министрлерине бекитилген конкреттүү иш-чараларды жана аларды аткаруу мөөнөтүн камтыйт.  

Өкмөттөр аралык кеңеш Биримдик өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктарына жана өкмөттөргө, ЕАЭБтин мүчө-мамлекеттеринин экономикасынын туруктуулугун арттыруу үчүн экономикалык чараларды көрүү тууралуу ЕЭКтин сунушун эсепке алууну сунуштады.  

Отурумдун жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Казакстан Республикасынын Премьер-Министри Карим Масимов, Казакстан бул жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылаарын эске салды.  “Жогорку Евразия экономикалык кеңештин Төрагасы, Казакстан Республикасынын Президенти Назарбаев Нурсултан Абишевичтин сунушу боюнча, 2016-жыл Биримдиктин үчүнчү өлкөлөр менен жана негизги интеграциялык бирикмелер менен болгон экономикалык мамилелерди тереңдетүү жылы деп жарыяланды”, - деп белгиледи Карим Масимов.

Ушуга байланыштуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, отурумдун жүрүшүндө ЕАЭБтин Европа Союзу жана Кытай Элдик Республикасы менен болгон кызматташтыгынын так  чектери аныкталгандыгын белгиледи. 

Тигран Саркисян саммиттин негизги маанилүү жыйынтыгы болуп, Биримдик өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын тез-тезден жолугуп, кызматташтыктын азыркы учурдагы багыттарын талкуулоо боюнча макулдашуусу экендигин белгиледи.   Бул активдүү түрдө алдыга жылууга, бирдиктин иш кагаздарын дагы да жакшыраак иштеп чыгууга шарт түзөт.  “Ошону менен катар, Өкмөттөр аралык кеңешинин кийинки, Ереванда өтө турган отурумунда, Мунай жана мунай өнүмдөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүү концепциясы жөнүндөгү маселелерге кайрылууну сүйлөштүк, – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. - Ереванда темир жол аркылуу ташып жеткирүү маселелерин да талкуулоону улантабыз”.

Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда, кезектеги отурумду 20-майда Ереванда өткөрүү чечими кабыл алынды.