Sign In
Михаил Мясникович Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен жолугушту

Михаил Мясникович Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Сардор Умурзаков менен жолугушту

IMG_8739.jpg
15.03.21

Евразия экономикалык комиссиясы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы мындан аркы кызматташтык маселелерин ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков талкуулашты. Сардор Умурзаков Комиссияга Россия Федерациясына жумушчу сапарынын алкагында келген. Жолугушуу 15-мартта ЕЭКтин штаб-квартирасында болуп өттү.

"Биз Өзбекстан байкоочу мамлекет катары ишке жигердүү катышып жаткандыгына кубанычтабыз. Биздин өз ара аракеттенүүлөр декларативдик багыттан практикалык багытка өтүп жаткандыгын эске алуу менен, биздин ниеттер жана жетишилген макулдашуулар жүзөгө ашырылышы үчүн бардык аракеттерди жасайбыз", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович жолугушууну ачып жатып.

Тактап айтканда, сөз биринчи кезекте ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумду, ошондой эле 2021–2023-жылдарга карата Биргелешкен иш-чаралар планын даярдоо жөнүндө жүрүп жатат. Жолугушуунун алкагында тараптар бул тутумду түзүүчү документтер иштелип чыгуунун акыркы баскычында экендигин жана жакын арада кол коюуга даяр болорун ырасташты.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын пикири боюнча, Өзбекстан ЕАЭБдеги техникалык жана бажылык жөнгө салуу аспектилерин, ошондой эле Бирликтин тышкы соода саясатындагы маселелерди ар тараптуу изилдөөгө өзгөчө көңүл бурушу абзел.

Сардор Умурзаков ЕЭК Коллегиясынын Төрагасына Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин саламдашуу сөздөрүн жана жакшы каалоолорун айтты. Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри белгилеп өткөндөй, байкоочу мамлекет статусун алуу - бирикменин катышуучу мамлекеттери менен, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясы менен кызматташууну тереңдетүүгө, кеңейтүүгө өбөлгө түзүүчү кадам.

Михаил Мясникович жүргүзүлүп жаткан иштерге ишкер коомдоштуктарды жана бизнес- ассоциацияларды жигердүү тартууну сунуш кылды, бул ЕАЭБ өлкөлөрү менен Өзбекстандын ортосундагы өнөр жай кызматташтыгынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, ошондой эле евразиялык интеграциянын мүмкүнчүлүктөрү менен артыкчылыктарын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБ органдарынын алдыда өткөрүлүүчү отурумдарынын графигине Сардор Умурзаковдун көңүлүн бурду, анын ичинде - Комиссиянын Кеңешинин, Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумдарына, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин бул отурумдарга катышуусунун айрым аспектилерине токтолду.

Мындан тышкары, жолугушуунун алкагында Өзбекстандын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн Евразия экономикалык комиссиясынын ар кандай бөлүмдөрүнүн иши жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуунун мүмкүн болгон механизмдери талкууланды. Комиссия бул демилгени жүзөгө ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтөт.

Отурумга ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министри) Андрей Слепнев катышты, ал жолугушуунун алдында Өзбекстан Республикасынын инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары Лазиз Кудратов менен консультацияларды өткөргөн. Өз ара аракеттенүүнүн айрым аспектилери, анын ичинде соода саясаты жана электрондук соода, санариптик транспорттук коридорлор, ишке ашырылып жаткан бир катар долбоорлорго Өзбекстандын кошулуу мүмкүнчүлүгү талкууланды, алардын катарында - айыл чарба продукцияларын жеткирүүдө чыгымдарды минималдаштырууга өбөлгө түзүүчү "Агроэкспресс" демилгеси бар.​