Sign In
ЕЭК жана Индонезия мамилелерди расмийлештирүүгө даяр

ЕЭК жана Индонезия мамилелерди расмийлештирүүгө даяр

274609.png
15.02.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индонезиянын ортосунда кызматташтыкты Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бардык өлкөлөрү менен соода жана экономикалык кызматташтыкты жогорулатууга басым жасоо менен өнүктүрүү перспективалары ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын аталган өлкөнүн өкмөтүндө болуп өткөн жумушчу жолугушууларынын жүрүшүндө көңүл борборунда болду. Сүйлөшүүлөр 14-15-февралда ЕЭК Делегациясынын Джакартага иш сапарынын жүрүшүндө орун алды.

Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Лестари Приансари Марсуди менен жолугушуунун жүрүшүндө Татьяна Валовая ЕЭК жана Индонезиянын өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын болжолдуу форматтарын түшүндүрдү жана, индонезиялык тараптын каалоолорун эске алуу менен, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүнө кененирээк токтолуп өттү. «ЕЭК менен чет мамлекеттин өкмөтүнүн ортосундагы меморандум форматы өзүн оң тараптан көрсөттү, – деп белгиледи ЕЭК министри. – ЕАЭБ иштеп баштагандан тарта дүйнөнүн ар кайсы региондорундагы: Азия, Европа, Латын Америкасы жана жадагалса Африкадагы өнөктөштөр менен ондон ашуун мындай документтер түзүлдү. АСЕАН регионунда биз мындай форматта Сингапур, Камбоджа жана Таиланд менен кызматташабыз, ал эми өткөн жылда ЕЭК жана АСЕАН ортосундагы мамилелердин расмийлештирилишин эске алуу менен, ассоциациянын башка өлкөлөрү тарабынан да кызматташууга кызыгуу болуп жатканын белгилей кетебиз».

Соода министри Энгартиасто Лукита менен жолугушууда ЕЭК жана Индонезиянын өкмөтүнүн ортосунда меморандумду түзүүнүн модалдуулуктары талкууланды. Министр документке жакынкы убакта коюлушун колдоду жана аны өлкө ичинде макулдашуу боюнча жол-жоболорду тез арада өткөрүүгө даярдагын билдирди. Индонезиянын соода министри ЕЭК менен диалогдун расмийлештирилиши ЕАЭБдин бирдиктүү рыногунда индонезиялык өнөктөштөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча пресс-конференцияда Татьяна Валовая жана Энгартиасто Лукита Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга үстүбүздөгү жылда эле кол коюлушун колдоорун айтышты. Жумушчу сапардын жүрүшүндө ЕЭКтин жана Индонезиянын Соода министрлигинин өкүлдөрү тарабынан бул документтин базалык версиясы макулдашылды.

Татьяна Валоваянын вице-премьер-министрдин орун басары, экономика маселелери боюнча министр-координатор Ризал Лукман менен жолугушуусунун алкагында болочок меморандумдун жана документти ишке ашыруу үчүн түзүлүп жаткан жумушчу топтун алкагында биргелешкен конструктивдүү иш алып барууга эки жактын бирдей ниети тастыкталды. Жумушчу топко ЕЭК өкүлдөрү, Бирликтин мүчө мамлекеттеринин жана Индонезия Республикасынын профилдик жана кызыкдар министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле ишкердик топтордун өкүлдөрү кирет. Тараптар, алып барылып жаткан иштер Индонезия Республикасынын жана Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн ортосунда соода-экономикалык жана өнөктөштүк байланыштардын бекемделишине жана диверсификацияланышына өбөлгө түзөт деген үмүтүн билдиришти.

Татьяна Валовая индонезиялык кесиптештерин 2019-жылы Бирликтин мүчө мамлекеттеринин аймактарында өткөрүлүүчү ири конгресстик иш чараларга: Астана экономикалык форумуна, Петербург эл аралык экономикалык форумуна, АСЕАН өлкөлөрү менен мамилелердин проблематикасына салттуу түрдө чоң көңүл бурулган Чыгыш экономикалык форумуна, ошондой эле 2019-жылдын күз айларында Кыргызстанда өткөрүлө турган, ЕАЭБдин ички жана тышкы күн тартибин талкуулоо үчүн Бирликтин негизги иш чарасы болуп саналган «Евразия жумалыгы» Эл аралык көргөзмө форумуна катышууга чакырып өттү. «Биз индонезиялык тарапка ЕАЭБ аймагындагы негизги форумдардын аянтчаларында өткөрүлүүчү ЕЭК багытындагы иш чараларга, атап айтканда, ПЭЭФ-2018 алкагында ЕАЭБ – АСЕАН ишкердик жолугушуусуна катышууга кызыгуусун көрсөткөндүгү үчүн ыраазыбыз, жана үстүбүздөгү жылда биздин иш чаралардын жүрүшүндө талкуулар индонезиялык расмий жана ишкердик топтордун активдүү катышуусунда болуп өтүшүн күтөбүз», – деп ЕЭК министри баса белгиледи.