Sign In
ЕАЭБде сүт продукциясын маркалоону киргизүү жөнүндө келишкендикке жетишилди

ЕАЭБде сүт продукциясын маркалоону киргизүү жөнүндө келишкендикке жетишилди

14.09.20

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңеши мүчө мамлекеттердин даярдыгына жараша сүт продукциясынын айрым түрлөрүн маркалоо жөнүндө принципиалдуу келишкендиктерге жетишти. Маркаланбаган товарларды жүгүртүүгө тыюу салуу андан эрте эмес киргизилиши болгон конкреттүү мөөнөттөрдү талкуулоо учурда аягына чыгууда. Маркалоону киргизүүнүн болжолдонгон мөөнөттөрү маркалоону киргизүүгө даярдыгын билдирген Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорунда бекитилген.

 

Учурда коомдук талкуулоо баскычынан өтүп жаткан документке ылайык, сактоо мөөнөтү 28 сутканы түзгөн сүттү, каймакты жана балмуздакты милдеттүү түрдө маркалоону 2021-жылдын 20-январынан тарта киргизүү болжолдонууда. Сактоо мөөнөтү андан азыраак болгон продукцияга, ошондой эле коюлтулган сүткө, майга, сүр быштакка жана быштакка карата маркалоо 2021-жылдын 1-июлунан тарта киргизилиши мүмкүн. Док, йогурт жана кефирге келсек, бул продукция 2021-жылдын 1-октябрынан тарта милдеттүү түрдө маркаланып башташы мүмкүн. Маркалоону киргизүү баскычтары боюнча аяккы чечимдин ноябрда кабыл алынышы күтүлүүдө.

 

"Маркалануучу товарлардын линейкасын кеңейтүү Бирликтин рыногунда "көмүскө" продукциянын жана фальсификаттын азайышына алып келет. Ал эми бул, сүт продукциясынын социалдык жактан маанилүүлүгүн эске алуу менен, жарандардын эң алсыз категорияларынын коопсуздугун жана аларды коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Андрей Слепнёв.

 

Маалымат

 

ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө макулдашуу 2019-жылдын 29-мартында күчүнө кирген. Аталган макулдашуу Бирликтин аймагында товарлардын макулдашылган тобуна карата бирдиктүү маркалоону киргизүү эрежелерин аныктоочу алкактык документ болуп саналат. Ошол эле мезгилде документ маркалоону киргизүү тартибин белгилейт: бүткүл Бирликтин аймагында же улуттук деңгээлде. Бирок бул бүткүл Бирликтин аймагында маркалоону киргизүү жөнүндө сунуш ЕЭК Кеңеши тарабынан каралгандан кийин гана жана Комиссиянын Кеңеши тарабынан маркалоону ЕАЭБдин аймагында же бирдиктүү эрежелер боюнча киргизүү жөнүндө келишкендик болгон учурда бир же андан көп мүчө мамлекеттин аймагында киргизүү жөнүндө бир добуштан чечим кабыл алынбаган учурда болушу мүмкүн.​