Sign In
ЕЭК жана Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттиги техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

ЕЭК жана Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттиги техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты

Фото-1.JPG
14.09.20

Техникалык жөнгө салуу механизмдери Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн жана Корея Республикасынын ортосундагы сооданы өнүктүрүү үчүн орчундуу мааниге ээ. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) техникалык жөнгө салуу жана аккредиттөө департаментинин директору Тимур Нурашев Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттигинин (КТСА) өкүлдөрү менен 10-сентябрда видеокөпүрө форматында өткөрүлгөн техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча жумушчу жолугушууда билдирди.

 

"Тышкы өнөктөштөрүбүз менен бул чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүү биз үчүн чоң мааниге ээ. Бул продукцияга коюлуучу талаптардын жана анын эл аралык талаптарга шайкештигин баалоо жол-жоболорунун деңгээлин баалоого гана мүмкүндүк бербестен, соодадагы ашыкча техникалык тоскоолдуктардын жоюлушуна да өбөлгө түзөт", – деп Тимур Нурашев баса белгиледи.

 

Тараптар кийинки жылга чейин ЕЭКтин жана КТСАнын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумду даярдоо мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тууралуу келишишти. Ага, атап айтканда, техникалык ченемдөө, продукциянын коопсуздугун контролдоо тутуму, анын ичинде кооптуу өнүмдөрдү кайра чакырып алуу тутуму боюнча, бизнеске, керектөөчүгө жүктөмдөгү балансты  белгилөө максатында сертификаттоо тутумун өркүндөтүү жаатында маалымат жана тажрыйба алмашуу боюнча бөлүмдөр кириши мүмкүн.

 

Тараптар тажрыйба алмашуу жана бири-биринин иши тууралуу маалымдуулуктун деңгээлин жогорулатуу үчүн жакынкы үч жылда ЕЭКтин жана КТСАнын ортосунда үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүүнү көздөшүүдө.

 

КТСАнын Техникалык кызматташтык боюнча департаментинин директору Джаехунг Парк ЕЭК жана мүчө мамлекеттер менен өз ара жеткирилүүчү продукцияга карата техникалык регламенттерди колдонуу боюнча диалогду улантууга кызыкдарлыгын баса белгиледи.

 

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө белгиленген милдеттерди иш жүзүндө ишке ашыруунун алкагында 11-сентябрда Корея Республикасынын бизнес-коомдоштугу үчүн Бирликтин энергия керектөөчү түзмөктөргө, курулуш жабдууларына, дөңгөлөктүү транспорт каражаттарына, химиялык продукцияга ж.б. карата талаптарды белгилеген техникалык регламенттеринин негизги аспектилерин түшүндүрүү боюнча семинар болуп өттү. Корея бизнесинин өкүлдөрү аларды кызыктырган суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү алышты.

 

Семинарда Корея сыноолор жана изилдөөлөр боюнча институтунун, Кореянын бир катар алдыңкы бизнес-түзүмдөрүнүн, анын ичинде Hyundai Motors компаниясынын, Корея автоөндүрүүчүлөр ассоциациясынын (KAMA), CETEC, SAMSUNG Electronics, DOOSAN Infracore, Курулуш жабдууларын өндүрүүчүлөрдүн ассоциациясынын (KOCEMA) өкүлдөрү катышышты.

 

Маалымат

 

Корея технологиялар жана стандарттар боюнча агенттиги Корея Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү маселелерди координациялоочу мамлекеттик органы болуп саналат. Ал өзүнүн компетенциясынын алкагында электротехникалык жана электрондук продукция, оюнчуктардын коопсуздугу, энергонатыйжалуулук маселелери ж.б. үчүн жооптуу.​