Sign In
ЕЭК жана ЕАӨБ транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтыктын багыттарын аныкташты

ЕЭК жана ЕАӨБ транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтыктын багыттарын аныкташты

2.jpg
14.04.21

12-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Эмиль Кайкиев башында турган делегациясы Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкармасынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян менен транспорт жана энергетика чөйрөсүндөгү кызматташтыктын багыттарын талкуулашты.

Жолугушууда транспорттук инфраструктуралык долбоорлордун банк тарабынан каржыланышы, Евразия экономикалык бирлигинин санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун жана жалпы энергетика рынокторун түзүү маселелери каралды.

"Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарында интеграциянын приоритеттери катары жалпы энергетика рынокторун түзүү, биржалык сооданы өнүктүрүү, атаандаштык принциптеринин негизинде бирдиктүү транспорт мейкиндигин, ошондой эле Бирликтин интеграцияланган маалыматтык тутумун пайдалануу менен евразиялык санариптик экотутумдарды түзүү белгиленген", – деди Эмиль Кайкиев.

"Банк Бирликтин интеграцияланышына багытталган долбоорлордо катышууга даяр. Учурда жалпы транспорт жана энергетика рынокторун санариптештирүүнүн архитектурасы боюнча маселелер иштелип чыгууда", – деп ЕАӨБдүн башкармасынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян белгиледи.

Бүгүнкү күндө санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун түзүү боюнча программалык документтер ишке ашырылууда. 11 сервисти ишке киргизүү пландаштырылууда. Алардын максаты – электрондук документ жүгүртүүнү жана салмактык жана габариттик контролдун электрондук протоколун колдонуу, ЕАЭБ мамлекеттеринин автомобиль өткөрүү пунктунда кезек ээлөө. Санариптик транспорт коридорлорунун экотутуму транспорттук кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын программалык өнүмдөргө жана ресурстарга кеңири жетүүсү үчүн шарттарды түзүп, Бирликтин өлкөлөрүндө жүк агымдарынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө банктын Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу үчүн энергетика жана инфраструктура блогу тарабынан өткөрүлүп жаткан иш-чараларда катышуу ниети тастыкталды.

Маалымат:


Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары 2020-жылдын 11-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген.

Санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун түзүү боюнча программалык документтер: ЕӨАКтын 2020-жылдын 31-январындагы № 4 "ЕАЭБдин санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун түзүү жөнүндө" тескемеси, ЕЭК Кеңешинин 2020-жылдын 23-ноябрындагы № 29 "ЕАЭБдин санариптик транспорт коридорлорунун экотутумун түзүү максатында ишке ашырылып жаткан сервистердин жана санариптик инфраструктуранын тизмеги жөнүндө" тескемеси.