Sign In
Санариптик технологиялар тышкы соода процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнгө жардам берет

Санариптик технологиялар тышкы соода процедураларын бир кыйла жөнөкөйлөткөнгө жардам берет

14.12.17

«Жаңы технологиялык түзүлүштүн жалындагы бирдиктүү терезе» трансчегаралык кагазсыз соода боюнча эл аралык конференциясында, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) бажы кызматташтыгы боюнча Коллегиясынын мүчөсү (министр) Мукай Кадыркулов Улуттук механизмдерде соңку жаңы маалымат технологиялардын, анын ичинде Big data, берилмелердин булуттук чечимдерин жана өтмө иштетүүлөрүнүн «бирдиктүү терезесин» колдонуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билдирди. 

Мукай Кадыркулов «бирдиктүү терезе» экосистемасы Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин кеңири масштабдагы биргелешкен долбоорунун алкагында түзүлөт. Бул принципти жүзөгө ашыруу тышкы экономикалык ишти (ТЭИ) сапаттуу жаңы деңгээлде аткарууга жардам берет. «Бирдиктүү терезе» чын убакыт режиминде бизнестин, трансчегаралык сооданын – жеткирүүчүдөн баштап керектөөчүгө чейин ар кандай этаптарда мамлекеттик бийликтин бардык контролдоочу органдары менен өз ара иштешүүнү камсыз кылат. ТЭИтин катышуучулары өздөрүнүн арасында товарларды алып өтүүдө логистикалык, банктык жана башка операцияларды  аткарып, бирдикте иш алып барат. 

Бул долбоордун координатору ЕЭКтин министри, учурдагы этапта улуттук жөнгө салуучу органдардын жана Комиссиянын негизги милдети-электрондук берилмелерди юридикалык маанидеги берилмелерге алмаштырууга өтүү үчүн укуктук негизди камсыз кылуу экендигин баса көрсөттү. «Биринчи, ЕАЭБ бажы кодекси күчүнө киргенден кийин,- кагаз жүзүндөгү эч кандай товар коштоочу документтерсиз электрондук декларацилоого толук масштабдуу өтүү жүзөгө ашырылат. Кийинки кадам - электрондук түрдө электрондук берилмелерди юридикалык маанидеги берилмелерге өткөрүү. Бул Биримдиктин бардык санариптик долбоорлорун, анын ичинде тышкы экономикалык ишти жөнгө салуу тутумунда «бирдиктүү терезе» механизмин жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында товарларды көзөмөлдөө механизмин жүзөгө ашыруунун базалык шарты», – деди Мукай Кадыркулов.

Өз кезегинде, ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министри Карине Минасян конференциянын катышуучуларынын көңүлүн санариптик күн тартиптин алкагында долбоорлорду өнүктүрүүдө комплекстүү мамиленин зарылдыгына бурду.  
  
«Өз ара аракеттешүүнүн эски «кагаз» моделдерин таштоо зарыл. Жаңы милдеттерди эски методдор менен чечүүгө мүмкүн эмес. Биз ошондой эле мамлекеттик бөлүмдө жаңы бизнес-моделдерге карап, ыкмаларды өзгөртүүбүз керек. Ошентип, берилмелердин өтмө процесстерин жана агымдарын стандартташтыруу принципиалдуу түрдө «бирдиктүү терезени» уюштурууга да, жана тышкы экономикалык иштерге да мамилелерди өзгөртөт»,- деп айтты Карине Минасян.

Конференциянын көпчүлүк катышуучулары тышкы соода процедураларын ааламдык эл аралык стандарттарды, берилмелердин моделдерин колдонуусуз жана трансчегаралык кагазсыз соода үчүн укуктук негиздерин түзбөй туруп жөнөкөйлөтүү мүмкүн эместигин белгилешти.

Конференциянын катышуучулары жаңы технологияларды өнүктүрүүнүн мүнөздүү багыттарын, алардын  «бирдиктүү терезе» механизмин жана эл аралык сооданы жакшыртууга бере турган таасирин, ошондой эле блокчейн, смарт-контракт, булуттук эсептөөлөр, Буюмдардын интернети, берилмелердин «өткөрмө түтүгү» жана башкалар сыяктуу технологияларды пайдалануунун келечектерин талкуулашты.

Иш-чаранын алкагында, ошондой эле Евразия экономикалык биримдиктин мамлекеттери үчүн «бирдиктүү терезенин» эталондук моделинин концептуалдык негиздерине  Комиссиянын  болгон көз карашы сунушталды.

ЕАЭБ мамлекеттер «бирдиктүү терезенин» эталондук моделин иштеп чыгууга макулдашты, ал улуттук долбоорлорду өнүктүрүүнүн жалпы багыты болот. Бул Евразия экономикалык биримдиктин мамлекеттеринде тышкы экономикалык ишти жүргүзүү үчүн тең шарттарды камсыз кылуу үчүн зарыл.

Маалымдама

М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аянтчасында 7-8-декабрда «Жаңы технологиялык түзүлүштүн жолунда бирдиктүү терезе» трансчегаралык кагазсыз соода боюнча Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү. Конференцияга эл аралык уюмдардын - БУУ АТОЭСК, БУУ ЕЭК, СЕФАКТ БУУ, Дүйнөлүк соода уюмунун, Дүйнөлүк бажы уюмунун эксперттери, Сингапурдан, Корея Республикасынан, Европа биримдигинен, АСЕАН, Африкадан эл аралык эксперттер, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин, Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын, Евразия экономикалык комиссиясынын, ишмер жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.