Sign In
Тигран Саркисян: "ЕАЭБде талдоо борборлору менен талкуунун негизинде чечимдерди кабыл алуунун жаңы башкаруу маданиятын түзүү зарыл"

Тигран Саркисян: "ЕАЭБде талдоо борборлору менен талкуунун негизинде чечимдерди кабыл алуунун жаңы башкаруу маданиятын түзүү зарыл"

14.11.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) талдоо борборлору менен кызматташууга кызыкдар. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 14-ноябрда Москвада Россия Федерациясынын Коомдук палатасында өткөрүлгөн "ЕАЭБ: тажрыйба, көйгөйлөр, өнүгүү жана коопсуздук приоритеттери" деп аталган I Евразия талдамалык форумунун пленардык отурумунда билдирди.

Илим өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн күн мурун болжоп билүүгө жардам берет. Регионалдык жана экономикалык бирикмелердин түзүлүшү жана өнүгүшү көз карашынан алганда, мындай мыйзам ченемдүүлүктөрдү изилдөө абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө 50 жакын регионалдык экономикалык бирикме бар. 

"Биздин Бирликтеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүнүн стратегиялык жолдорун талдоочуларсыз иштеп чыгуу кыйын, – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.  – Биз чечимдерди кабыл алууда талдоо борборлору менен кызматташууга кызыкдарбыз. Албетте, талдоочулардын ролу абдан чоң мааниге ээ. Айрыкча, ченемдик жөнгө салуучу актыларды биздин пландарга таянуу менен гана эмес, дүйнөдө олуттуу фундаменталдуу жылыштар болуп жаткандыгына да таянуу менен кабыл алуу зарыл болгон, жана биз чечимдерди кабыл алууда катар кетирүүгө укугубуз жок болгон заманбап дүйнөдө". 

Тигран Саркисян сапаттуу маанилүү чечимдерди кабыл алууда Комиссия Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн илимий-эксперттик коомдоштугунун кайсы болбосун демилгелерин колдоого ар дайым даяр деп белгиледи. Учурда талдоочулардын активдүү катышуусу менен ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы иштелип чыгууда. 

Ошону менен бирге ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы өнүгүүнүн стратегиялык горизонтун 25 жылдан кем эмес убакытка пландоо зарылдыгына көңүл бурду. Бирок, дүйнө татаалданып жаткандыгын, өз ара аракеттенүүнүн жаңы формалары, жаңы өз ара мамилелер пайда болуп жаткандыгын, бардык процесстер тездеп жаткандыгын эске алуу менен, бул татаал милдет болуп саналат. 

Тигран Саркисяндын айтуусу боюнча, илимий коомдоштуктун арасында стратегиялык документтерди илимий-техникалык прогресстин өнүгүүсүн болжолдоодон жана комплекстүү экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык пландарынан баштап, эң аз дегенде 25 жылга карата иштеп чыгуу зарылдыгы жөнүндө консенсус бар. Ал эми ошол фундаменталдык документтер беш жылдыкка карата конкреттүү программалардын негизин түзүүгө тийиш. 

Ошондой эле, ал мындай стратегиялык документтерди иштеп чыгууда Евразия экономикалык мейкиндигиндеги реалияларды эске алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Атап айтканда, улуттук өкмөттөр өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн улуттан жогорку деңгээлге өткөрүп бергендигине. "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук стратегиялары регионалдык экономикалык бирикменин өнүгүү стратегиясынан обочолонгон болбошу үчүн, өлкөлөр улуттан жогорку органдын алдына 25 жыл алга карай милдеттерди коюшу зарыл", – деди Тигран Саркисян.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы ЕАЭБдин талдоо жана илимий борборлору менен талкуунун негизинде чечимдерди кабыл алуунун жаңы башкаруу маданиятын түзүү зарылдыгы жөнүндө демилгесин билдирди. "Тилекке каршы, бүгүнкү башкаруу тутумунда илимий жана талдоо борборлору чечим кабыл алуу жол-жоболоруна аз кошулган. Биз силер менен, анын маңызы – талдоо жана илимий борборлор менен маселелерди алдын ала талкуулоосуз стратегиялык документтерди кабыл алуу мүмкүн эмес болгон, жаңы маданиятты түзүшүбүз зарыл, – деди Тигран Саркисян. Алар биздин бардык процесстерге катышышы керек. Бул маданиятты биз силер менен чогуу түзүшүбүз зарыл". 

ЕЭК Коллегиясынын башчысы Евразия маалыматтык-талдамалык консорциумунун Координациялык кеңешинин төрагасы Николай Бордюжага иш-чараны уюштургандыгы үчүн жана Евразия мейкиндигинде эксперттик-талдамалык ишти өнүктүрүү темасына көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде Николай Бордюжа Евразия маалыматтык-талдамалык консорциуму – пайдалуу башталыш деп баса белгиледи. "Биз ЕАЭБ өлкөлөрүнүн талдамалык коомдоштуктарынын өкүлдөрүн бириктирүүгө аракет жасадык. Менин көз карашым боюнча, бул бизге Евразия мейкиндигинде орун алып жаткан процесстерди объективдүү көзөмөлдөөгө, начар жерлерди аныктоого, сунуштамаларды иштеп чыгууга жана Евразия экономикалык бирлигинин деңгээлинде чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берүүдө", – деди ал. Ошондой эле, Евразия маалыматтык-талдамалык консорциумунун Координациялык кеңешинин төрагасы уюмдун негизги милдети – интеграция жаатында талдамалык ишти жүргүзүү болуп саналат деп билдирди. 

Буга байланыштуу Николай Бордюжа Тигран Саркисяндын консорциумду түзүүгө кошкон салымын белгилеп өттү. "Тигран Суренович консорциумдун калыптанышы үчүн көп нерсе кылды. Ал талдоо бөлүмчөлөрүнүн жана ЕЭКтин өз ара аракеттенүүсүнө көп көңүл бурат, биздин талдоо чөйрөсүндөгү мамилелердин тереңдешине, бекемделишине өбөлгө түзүүчү башталыштарды бардык тараптан колдойт", – деди Евразия маалыматтык-талдамалык консорциумунун Координациялык кеңешинин төрагасы.

Форумга Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин, Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШнын Аткаруучу комитетинин, Россия – Белоруссия Бирликтик мамлекетинин Туруктуу комитетинин, Евразия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышышты.

Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары  Александр Панкиндин пикири боюнча, объективдүү экономикалык процесстер кооперациялык байланыштарды калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн альтернативасыздыгын жана натыйжалуу регионалдык жана интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн түзүлүшүн алдын ала аныктайт. Биргелешкен иштин жалпы максаты жарандар үчүн жайлуу шарттарды жана алардын жыргалчылыгын камсыз кылууга умтулуу болуп саналат. "Биргеликте гана биздин дүйнөлүк экономикадагы татыктуу ордубузду камсыз кылууга мүмкүндүк бар, жана биз эмгекти эл аралык бөлүштүрүүдө жана кошулган нарк чынжырларын түзүүдө биздин өлкөлөрдүн адилеттүү катышуусуна ишене алабыз", – деп билдирди Александр Панкин. 

Ошондой эле, ал бүгүнкү ЕАЭБ – бул дүйнөлүк экономикадагы олуттуу фактор деп белгиледи. "ЕАЭБ барган сайын эл аралык аренада мүчө мамлекеттердин экономикалык кызыкчылыктарын жактоонун негизги механизмине айлануу менен өнүгүүдө. Анын бедели жана жагымдуулугу өсүүдө. Бирликтин мүчө мамлекеттердин экономикалык ландшафтын кайра түзүү ишиндеги ролу барган сайын көрүнүктүү болууда: өз ара сооданын жана инвестициялардын көлөмү чоңоюуда, жаңы өндүрүштүк чынжыр калыптанууда, үчүнчү өлкөлөргө экспорт өсүүдө; жарандар үчүн оң таасири күчөөдө: товарлардын ассортименти кеңейүүдө, рыноктордон контрафакттык продукция кетип жатат", – деп ишенет РФ тышкы иштер министринин орун басары.

Россия – Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысыГригорий Рапотанын саламдашуу сөзүндө "заманбап атаандаш дүйнөдө туруктуу жана алдын ала айтууга боло турган аймактар мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү, интеграциялык бирикме дал ошондой аймак болуп саналат. Ошону менен катар акыркы убактарда өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө, анын ичине алардын биригүүсүнө чакырыктар жана коркунучтар түзүлүүдө. Бул интеграциялык процесстерди  талдамалык жактан кыйла кылдат камсыз кылууну, мүмкүн болуучу кесепеттерди, эл аралык мамилелердин жагдайларынын өзгөрүшүн өз убагында болжолдоону талап кылат" деп белгиленет. 

Пленардык отурумдун жыйынтыгы боюнча ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян кесиптик жана коомдук таануунун белгиси катары, Евразия маалыматтык-талдамалык консорциумун өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн "Эл аралык талдамалык ишмердигине сиңирген эмгеги үчүн" ардак белгиси менен сыйланды.

Маалымат

Форум Евразия экономикалык комиссиясынын колдоосунда уюштурулду. Уюштуруучулардын арасында – Евразия маалыматтык-талдамалык консорциуму, "Аналитика" ассоциациясы, Россия Федерациясынын Коомдук палатасы, Россия илимдер академиясы, Россия Федерациясынын Аскердик илимдер академиясы, Россия элдер достугу университети, Эл аралык башкаруу маселелерин илимий-изилдөө институту, ММЭБИ(У) Энергетикалык саясат жана дипломатия институту, РИАнын Социалдык-саясий изилдөөлөр институту, "Башкаруу тутумдары" АК. 

Форумдун өнөктөштөрү – Россия Федерациясынын өкмөтүнө караштуу Каржы университети, РИАнын Европа институту, РИАнын Экономика институту, РИАнын Коомдук илимдер боюнча илимий маалыматтар институту, Кризистик коомду үйрөнүү борбору, Беларусь, Казакстан, Армения жана Кыргызстандын улуттук илимдер академиялары.

Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) түзүлгөндүгүнүн беш жылдыгына арналган форумдун девизи – "Өнүктүрүү жана кызматташтык максаттары үчүн талдоо".​