Sign In
Бизнес ЕЭК демилгелерин колдоду

Бизнес ЕЭК демилгелерин колдоду

14.11.17

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын жетекчилиги алдындагы Санариптик демилгелерди жүзөгө ашыруу боюнча долбоордук кеңсе быйылкы жылдын аягыда ишин баштайт. Бул туурасында ЕЭКтин жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Ишкер кеңешинин Өз ара иштешүү боюнча консультативдик кеңешинин отурумунда билдирүү жасалды.  Кеңештин ишине ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Виктор Христенко жана Биримдик өлкөлөрүнүн бизнес-ассоциацияларынын башчылары, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ири жана чакан бизнесинин өкүлдөрү катышышты.

Биримдик өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптик трансформациялоого байланышкан темалардан тышкары, тамеки жана алкоголь продукциясына акциздердин ченин айкалыштыруу, тоскоолдуктарды жана кедергилерди четтетүү, өнөр жай жана агрардык секторлордогу интеграциялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу, ошондой эле Үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын өндүрүлгөндүгүнүн эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери талкууланды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян белгилеп өткөндөй, ЕЭК министрлери, ЕАЭБ Ишкер кеңешинин мүчөлөрү жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү “Биримдик өлкөлөрүнүн интеграциясын андан ары тереңдетүү аларсыз мүмкүн болбогон бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты”. Баарыдан мурда бул Евразия экономикалык биримдигинин экономикаларын санариптик трансформациялоонун перспективалары. Тигран Саркисяндын пикири боюнча, “заманбап интеграциялык бирикмени жалпы санариптик күн тартибисиз элестетүү мүмкүн эмес”.  Бул жааттагы макулдашылган саясат - ийгиликке жетишүүгө жана жаңы технологиялык тоскоолдуктардын пайда болуусунан качууга мүмкүндүк берген негизги факторлордун бири”.

ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Виктор Христенконун пикири боюнча, “санарип жана ал берген мүмкүнчүлүктөр экономикадагы жана ошондой эле жашоонун башка чөйрөлөрүндөгү биздин иштердин мүнөзүн толугу менен өзгөртөт.  Бул бизди курчап турган дүйнөнүн жаңы жүзү. Санариптик трансформация Евразия биримдигинин негиздерине да, интеграциялык долбоорлордун жүзөгө ашырылышына да таасир бере баштады, санарип алардын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берүүдө”.

Тигран Саркисян өз сөзүндө ЕАЭБ санариптик күн тартибинин алкагында демилгелерди жүзөгө ашырууга карата негизги ык-амалдарды белгиледи жана отурумдун катышуучуларын жылдын аягына чейин долбоордук кеңсе түзүлөрү жөнүндө маалымдады. Ага санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү долбоорлор менен иштешүү тажрыйбасы бар беш адам кирмекчи - ар бир ЕАЭБ өлкөсүнөн бирден өкүл.  Кеңсенин өзөктүү милдети - тигил же бул демилгелердин перспективаларын баалоо, алардын интеграциялык потенциалын аныктоо жана алардын ишке ашырылышын камсыздоо. ЕЭК Коллегиясынын баамы боюнча, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү көзөмөлдөө концепциясын, ошондой эле аларды маркировкалоого жана идентификациялоого багытталган демилгелер эң актуалдуу, бирок ошол эле учурда эң татаал болмокчу.

ЕЭК Биримдик өлкөлөрүнөн билдирүүлөр жана сунуштар түшө баштагандыгын Тигран Саркисян билдирди. Мисалы, Армения электрондук эсеп-фактуралардын бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча демилгени сунуштады, ал салык органдарына берилген документтердин санын, жана аларды жол-жоболоштурууга кеткен убакытты кыскартууга мүмкүндүк берет.

Армениялык тараптын демилгеси, ЕАЭБге кирбеген үчүнчү өлкөлөрдүн аймагы аркылуу товарларды ташуу талап кылынган учурларда өзгөчө актуалдуу.

Санариптик программаларды жүзөгө ашыруу чөйрөсүндө макулдашылган саясатты түзүү принциптери жана механизмдери жөнүндө айткан сөзүндө Тигран Саркисян өз ара маалымдоону жана өлкөлөр тигил же бул долбоорлорго кошулуу мүмкүнчүлүгүн караган алгоритмди сунуштады.  Атап айтканда, демилгечи-өлкө өнөктөштөргө пландаштырылган демилгелер жөнүндө билдирет, жана аныкталган мезгилде Биримдиктин башка мамлекеттери ал долбоорлорго кошула алат. Мындан тышкары, мындай процедура товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жылган жолунда жаңы технологиялык тоскоолдуктардын келип чыгуу тобокелдерин минималдаштырат.  ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы белгилеп өткөндөй, бул идея Биримдик өлкөлөрүнүн премьер-министрлери тарабынан ушул жылдын 25-октябрында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) отурумунда колдоого алынган.

Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин россиялык кеңешинин (ӨИРК) президенти Александр Шохин белгилегендей, ӨИРКте жакынкы убакытта санариптик трансформация боюнча комитет түзүлмөкчү. Дискуссиянын катышуучулары коомчулук менен жигердүү диалогдун жана санариптештирүүнүн бардык жигердүү жактоочуларын биргелешкен долбоорлорго тартуунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Биримдиктин жалпы экономикалык мейкиндигинде тоскоолдуктарды четтетүү жана бизнес-коомдоштугунун ролу - өткөн отурумдун дагы бир маанилүү темасы болду.  ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян белгилеп өткөндөй, ички рынокто тоскоолдуктарды четтетүү - Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттеринин бири.  “Биз өзүбүздүн реестрде 198 тоскоолдуктарды - кедергилерди, чектөөлөрдү жана алып коюуларды каттадык - жана алардын биринин үстүндө иштеп жатабыз”,- деп билдирди Карине Минасян. Биринчи кезекте, кедергилерди, башкача айтканда, ЕАЭБ укугун бузган тоскоолдуктарды жок кылуу боюнча күч-аракеттер жасалууда. ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, бүгүнкү күндө 20 тоскоолдуктар боюнча иш жүргүзүлүп, алардын 15 четтетилген.

Дагы бир маанилүү жыйынтык бардык катышуучу-өлкөлөр менен макулдашылган, Биримдиктин ички рыногунда товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылына эң чоң жолтоо кылуучу тоскоолдуктар көрсөтүлгөн “Ак китепти” даярдоо болду.  Карине Минасяндын сөзү боюнча, аларды четтетүү үчүн, конкреттүү иш-чаралар жана аларды жүзөгө ашыруунун мөөнөттөрү каралган “жол картасы” иштелип чыгарылууда. 25-октябрда Ереванда ЕӨАК отурумунда 17 тоскоолдукту жана аларды четтетүү боюнча практикалык иш-аракеттердин топтомун камтыган, 2018-2019-жылдарга “жол картасы” кабыл алынган.

Карине Минасян бизнес менен диалогдун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурда жана бул үчүн ЕЭК https://barriers.eaeunion.org порталын түзгөндүгү жөнүндө маалымдады, бул порталдан  табылган бардык тоскоолдуктар жана аларды четтетүү боюнча иштер жөнүндө толук маалымат алууга болот.  Мындан тышкары, ишкерлер өздөрүнүн кайрылууларын калтырып жана бизнести жүргүзүүгө байланышкан тигил же бул маселелер жөнүндө билдире алышат.  “2017-жылы порталга мындай 164 кайрылуу келип түштү”, - деп баса белгиледи министр жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүн бизнестин ишмердүүлүгүнө ар кандай тоскоолдуктардын таасирин баалоо үчүн жигердүү өз ара аракеттешүүгө чакырды.

ЕАЭБ Ишкер кеңешинин мүчөлөрү жана бизнестин өкүлдөрү Үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон товарлардын өндүрүлгөндүгүнүн жаңы эрежелерин бекитүү боюнча ЕЭКтин сунуштарын талкуулашты. ЕЭКтин соода боюнча министри Вероника Никишина белгилегендей, азыркы эрежелерди жаңылоо Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимде каралган жана 2018-жылдын башында ЕАЭБтин жаңы Бажы кодекси күчүнө кирише байланыштуу өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Атап айтканда, ЕЭК министри отурумдун катышуучуларынын көңүлүн “келип чыгуунун калдык критерийлери” сыяктуу түшүнүктүн киргизилишине бурду.  Алар татаал жагдайларда импорттолуучу товарлар өндүрүлгөн өлкөнү аныктоого жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучулары үчүн мүмкүн болгон кошумча бажы убараларынан качууга мүмкүндүк беришет.

Вероника Никишина белгилеп өткөндөй, товар башка өлкөдө же өлкөлөрдө даярдалган себилдегичтерден жасалган жагдайларда, базалык критерийди - тарифтик классификацияны алмаштырууну колдонуу сунушталат. Ошол эле учурда кайра иштетүүнүн жетиштүү деңгээли деп ТЭИ ТН биринчи төрт белгисинин деңгээлинде импорттолуучу продукциянын товардык классификациясындагы өзгөрүүлөрдү эсептөөгө болот.  Эгерде мындай алмашуу болбосо, анда товар өндүрүлгөн өлкө Биримдиктин бажылык жөнгө салуу максаттары үчүн “белгисиз” бойдон калат.

Мындай укуктук аныксыздык ЕАЭБтин жаңы Бажы кодекси күчүнө киргенден кийин терс кесепттерге алып келиши мүмкүн. Өлкөсү “белгисиз” товарлардын ак ниет жеткирүүчүлөрүнө карата 314-берененин негизинде, аларга окшош товарларга карата аныкталган тарифтик эмес же демингге каршы алымдар колдонулушу мүмкүн.  Натыйжада тийиштүү продукциянын импортчулары жана керектөөчүлөрү мыйзамдын начрдыгынан улам кошумча каржы коромчуларына туш болушу мүмкүн.

ЕЭКтин пикири боюнча, бул жагдайдан оптималдуу чыгуу “өндүрүлгөндүктүн калдык критерийлерин” киргизүү болмокчу, бул кошумча кыйынчылыктардан качууга мүмкүндүк берет.   “Калдык критерийлерди” колдонуунун башкы максаты - эгерде негизги критерий аткарылбаса, товар өндүрүлгөн чыныгы өлкөнү аныктоо жана билдирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо болуп саналат.  Бул учурда, компоненттердин эң чоң баасынын принциби же акыркы өндүрүүчүнүн ишканасындагы технологиялык операциялар ТЭИ ТН биринчи төрт белгисинин (таңгактоо же фасовкалоо, буюмдардын акыркы иштетилиши ж.б.) өзгөрүлүшүнө алып келбесе дагы, баштапкы материал өндүрүлгөн өлкөнү аныктоо колдонулушу мүмкүн.

ЕЭКте бул товарлардын өндүрүлгөндүгүн тастыктоонун азыркы процедурасын татаалдатууга алып келбейт деп ишенишет. Импортчулар мурдагыдай эле өзү үчүн алгылыктуу вариантты - товардын өндүрүлгөндүгү жөнүндө декларацияны же товардын өндүрүлгөндүгү туурасында сертификатты көрсөтүүнү тандай алышат.  “Бул ыкма мыкты эл аралык тажрыйбаларга ылайык келет”, - деп билдирди ЕЭК министри.

Дискуссиянын дагы бир олуттуу темасы алкогольго жана тамеки өнүмдөрүнө акциздик чендерди айкалыштуруу маселелерин талкуулоо болду. ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Тимур Жаксылыков билдиргендей, азыркы учурда Биримдиктин өлкөлөрүндө күчтүү алкоголго (1 л этил спирти үчүн 2,2 евродон 7,7 еврого чейин) жана тамеки өнүмдөрүнө (миң сигарета үчүн 11,6 евродон 31,3 еврого чейин) акциз чендеринин олуттуу айырмаланышы байкалат. ЕЭК министринин пикири боюнча, коюлган маселени чечүүнүн натыйжалуу жолу болуп, акцизге индикативдүү ченди жана Биримдиктин ар бир өлкөсү үчүн четтөөлөрдүн диапазонун аныктоо болмок.  Бул Биримдик өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү айырманы эске алууга, ошондой эле бизнес үчүн ЕЭКтин жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин иш-аракеттеринин тактыгын камсыздоого мүмкүндүк берет. Тимур Жаксылыковдун пикири боюнча, башка варианттар, анын ичинде акциздик чендерди кескин жогорулатуу, Биримдиктин бир катар өлкөлөрүндө баа шокторуна жана тамеки жана алкоголь продукциясынын мыйзамсыз рыногунун көлөмдөрүнүн өсүшүнө алып келиши ыктымал.

Ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү Комиссиянын бул маселе боюнча позциясын колдошту. “Биз бүгүн бул орчундуу теманы талкууладык, жана бизнес алкоголдук рынок боюнча макулдашуу акциздик саясатты айкалыштыруу жагына багыт алуусуна макул болууда, мында  тийиштүү улуттук рыноктордун салыктык чендеринин ортосундагы мүмкүн болгон айырмачылыктар, жөнгө салуучу коридор жана перспектива түшүнүктүү болмокчу”, - деп түшүндүрдү ЕАЭБ Ишкер кеңешинин президенти Виктор Хритенко.
Экономиканын реалдуу секторунда эң перспективдүү кооперациялык долбоорлорду баалоо менен ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Сергей Сидорский чыгып сүйлөдү. Анын пикири боюнча, эң жакшы иштелип чыгарылган долбоор деп ЕАЭБтин бирдиктүү операторунун башкаруусу алдындагы Биримдик өлкөлөрүнүн спутниктеринин орбиталдык космостук тобун түзүүнү эсептөөгө болот.

Мындан тышкары, көзөмөлдүн жана башкаруунун электрондук технологияларын колдонуучу, заманбап, жогору өндүрүмдүү дан жыйноо комбайнын түзүү боюнча долбоор изилденүүдө. Мындай долбоорду жүзөгө ашыруу айыл чарба машиналарын куруудагы жаңы компетенцияларды жана технологияларды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет. “Бул долбоорду жүзөгө ашыруудан келип чыгуучу кооперациялык натыйжа анык. Бул ишканалардын инновациялык жигердүүлүгү да, кубаттуулуктарды жүктөө, жаңы жумушчу орундар, “Индустрия 4.0” стратегиясына жакындоо, чектеш тармактардын жогору өсүшү да”, - деп ишенет Сергей Сидорский. ЕАЭБте электр сүйрөгүчүндөгү жана айдоочусуз жүрүү мүмкүнчүлүгү бар инновациялык транспорттук каражаттарды иштеп чыгуу жана өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралууда.

ЕЭК министри белгилеп өткөндөй, Армениянын, Беларустун, Казакстандын жана Россиянын компаниялары евразиялык светотехникалык холдингди түзүү боюнча долбоорду жүзөгө ашырууга даяр. “Программанын тематикасы абдан кызыктуу: лампочкадан светодиодго өтүү жана Биримдиктин светотехникалык продукциясын түзүү”, - деп баса белгиледи Сергей Сидорский. Мындан тышкары, ал евразиялык технологиялык платформалар идеясын жүзөгө ашыруу биотехнологиялар, фотоника жана медицина чөйрөсүндөгү демилгелерди иштеп чыгууларды баштоого мүмкүндүк берди.

Келечектүү долбоорлорго ЕАЭБте вертикалдык-интеграцияланган зер холдингин түзүү идеясын да киргизүүгө болот. Биримдик өлкөлөрүндө 120 ири ишканалардан турган өндүрүштүк база түзүлгөн.

2016-жылдын жыйынтыктары боюнча, ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине асыл металлдардан жасалган зер буюмдарынын импортунун көлөмү экспорттун көлөмүнөн эки эседен ашык өскөн, ал эми асыл жана жарым асыл таштардан зер буюмдардын импорту экспорттон  он эседен көп болгон.  Ошол эле учурда өндүрүштүк комплекстердин кооперациялык өз ара иштешүүсүнүн жоктугу глобалдык атаандаштыктын шарттарында алардын андан ары өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө чектөөлөрдү коет. Зер тармактын күч-аракеттерин бириктирүү ишканалардын жүктөлүүсүнө жана рынокто евразиялык өндүрүүчүлөрдүн позицияларын бекемдөөгө өбөлгө түзмөк. Мындай холдингди түзүү боюнча иш евразиялык адистештирилген технологиялык платформанын базасында негизделиши мүмкүн.