Sign In
Евразия экономикалык бирлиги жана Индия: өз ара аракеттенүүнүн жаңы жолдорун издөө

Евразия экономикалык бирлиги жана Индия: өз ара аракеттенүүнүн жаңы жолдорун издөө

IMG_1857.jpg
14.08.20
ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегяндын Индиянын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Индия Республикасынын РФтеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчисинин орун басары Бинай Сриканта Прадхан башында турган делегациясы менен жумушчу жолугушуусунда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Индиянын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыктын перспективалары көңүл борборунда болду.

Индиялык тараптын демилгеси боюнча өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Индиянын Евразия экономикалык бирлиги (ЕАЭБ) жана анын мүчө мамлекеттери менен өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү жолдорун талкуулашты.

"Индия менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү бардык мүчө мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берет. Мен индиялык тараптын Бирлик менен өз ара аракеттенүүнү  өнүктүрүү ниетин толугу менен колдойм. Биз Индиянын өкмөтү менен эки тараптуу форматтагы жана ЕАЭБдин жана Индия мүчөлүк кылган ШКУнун ортосундагы көп тараптуу форматтагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярбыз", – деп билдирди Гоар Барсегян.

Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Индиянын элчилигинин өкүлдөрү үчүн Бирликтин презентациясын өткөрдү. Ал евразиялык интеграциянын учурдагы абалы жөнүндө айтып берип, аны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарына басым жасады, Бирликтин тышкы тректеги ишмердигинин жыйынтыктары жана Комиссиянын эл аралык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүсүнүн форматтары тууралуу маалымдады. Гоар Барсегян ЕАЭБ өлкөлөрүндө өткөрүлүүчү ири конгресстик иш-чараларга өзүнчө токтолуп өттү жана индиялык өнөктөштөрдү аларда катышууга чакырып өттү.

Тараптар мүчө мамлекеттердин жана Индиянын ишкердик коомдоштуктарынын соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө улам күчөп келе жаткан кызыгуусун белгилешти. Бул үчүн ЕЭК жана Индиянын Россиядагы элчилиги ЕАЭБдин жана Индиянын бизнесинин өкүлдөрүн биргелешкен иш-чараларда катышууга активдүү тартууга даяр.