Sign In
Тигран Саркисян ШКУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышты

Тигран Саркисян ШКУнун мамлекет башчыларынын саммитине катышты

14.06.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 13-14-июнда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) Кыргызстандын төрагалыгынын астында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин отурумунда катышты.

Саммиттин катышуучулары ШКУнун алкагында глобалдык коопсуздук, регионалдык туруктуулук, экстремизмге, терроризмге жана баңги трафигине каршы күрөшүү багыттары боюнча кызматташтыктын учурдагы абалын жана перспективаларын, экономиканы, өнөр жайды өнүктүрүү маселелерин, гуманитардык тармактагы кызматташтыкты талкуулашты.

Тараптардын ШКУнун ишмердигинин андан аркы өнүгүүсүнө карата көз караштары чагылдырылган, мүчө мамлекеттердин актуалдуу регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр боюнча позициялары бекитилген Бишкек декларациясы ШКУнун мүчөлөрү кабыл алган негизги жыйынтыктоочу документ болду. Ошондой эле, аталган документте актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча макулдашылган баалоолор көрсөтүлгөн, жаштардын укуктары жөнүндө БУУ конвенциясын даярдоо тууралуу уюмдун демилгеси бекитилген.

Мындан сырткары, саммиттин жыйынтыктары боюнча, мүчө мамлекеттердин башчыларынын, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин, эл аралык уюмдардын деңгээлинде 20дан ашуун документке кол коюлду. Алардын катарында – ШКУнун катышуучу өлкөлөрүнүн региондор аралык кызматташтыгын өнүктүрүү программасы, санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташтыктын концепциясы, «ШКУ – Афганистан» байланыш тобунун кийинки иш-аракеттеринин «жол картасы», Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюм менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум, ошондой эле БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын катчылыгы, «Астана» эл аралык каржы борбору менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар, массалык маалымат каражаттары тармагында кызматташуу жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашуу.

Кыргызстандан кийин ШКУдагы төрагалык Россияга өтөт. Уюмдун кийинки саммити 2020-жылдын 22-23-июнунда Челябинск шаарында өткөрүлөт.

Маалымат
ШКУнун мүчөлүгүнө сегиз өлкө кирет: Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы.

Төрт өлкө ШКУнун алдындагы байкоочу мамлекет статусуна ээ: Афганистан Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия Республикасы.

Алты өлкө ШКУ диалогу боюнча өнөктөш болуп саналат: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Камбоджа Падышачылыгы, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Түркия Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы.