Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү комплекстүү планын талкуулашты

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башкы санитардык дарыгерлери коронавируска каршы күрөшүүнүн бирдиктүү комплекстүү планын талкуулашты

14.05.20

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңешинин 12-майдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө COVID-19дун жана башка массалык инфекциялык оорулардын таралышынын алдын алуу боюнча комплекстүү пландын долбоорун талкуулоого өзгөчө көңүл бөлүндү. Бул пандемия шарттарындагы сегизинчи отурум.


Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Россиянын санитардык-эпидемиологиялык кызматтарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, ошондой эле Өзбекстандын атайын чакырылган өкүлдөрү видеоконференция режиминде эң маанилүү эпидемияга каршы маселелердин үстүнөн иштешти.


Пландын долбоору Комиссиянын профилдик департаменти менен биргеликте Роспотребнадзор тарабынан иштелип чыгып, өлкөлөрдүн санитардык-эпидемиологиялык кызматтары менен макулдашылды жана учурда Бирликтин органдарынын кароосуна чыгаруу үчүн ЕЭКте укуктук экспертизадан өтүүдө.


Ушул жылдын 14-апрелиндеги жумушчу жолугушууда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрү тарабынан айтылган демилгелерди ишке ашыруу боюнча иштин алкагында Бирликтин мамлекеттеринин ортосунда түзүлүп жаткан "жашыл коридорлор" боюнча жүргөндө автотранспорт токтоочу жайларга, анын ичинде май куюучу жана айдоочулар эс алуучу жайларга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарды макулдашууну максималдуу түрдө тездетүү жөнүндө чечим кабыл алынды.


Талаптардын долбоору Россия Федерациясынын жана Беларусь Республикасынын тийиштүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарынын негизинде Комиссиянын санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаменти тарабынан иштелип чыкты жана учурда Бирликтин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарында кароодон өтүүдө.


Өлкөлөрдө өзгөчө кырдаал режиминен акырындап чыгуу боюнча иш-чараларга жана экономикалык ишмердиктин активдештирилишине байланыштуу отурумдун катышуучулары санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын сайттарында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишканалардын жана өнөр жай объектилеринин эпидемияга каршы күчөтүлгөн режимде иштөөсү боюнча сунуштамаларды жайгаштырууну чечишти. Ошондой эле, өлкөлөрдүн өнөр жай жана социалдык объектилеринде тургузулуп жана пайдаланууга киргизилип жаткан жабдууларды орнотуп-тууралоо боюнча конкреттүү милдеттенмелерди аткаруу үчүн адистердин айрым категорияларынын орун которуштуруусу маселелерин ведомстволор аралык деңгээлде иштеп чыгууну чечишти.


Иш-чаранын катышуучулары эпидемияга каршы чаралар жөнүндө маалыматтар жана коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүнүн практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.


Маалымат

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин калктын санитардык-эпидемиологиялык саламаттыгы жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын Жетекчилер кеңеши Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2016-жылдын 31-майындагы № 9 чечими менен түзүлгөн.​