Sign In
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму

Заседание ВЕЭС.png
14.05.20

19-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин видеоконференция режиминдеги отуруму болмокчу.


Күн тартибинде – 10 маселе, анын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин 2020–2021-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттарынын 2019-жылда ишке ашырылышы жөнүндө маселелер, ЕЭКтин чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана 2019-жылда аталган рыноктордогу жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө отчёту.


ЖЕЭКтин евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын бекитиши күтүлүүдө. Документте белгиленген чаралардын  жана механизмдердин тизмеги (330 позиция) интеграциянын андан аркы өнүгүүсүнүн "жол картасы" болуп саналат, анын аткарылышы 13 эл аралык келишимди, ЕАЭБдин 60тан ашуун ченемдик укуктук актыларын андан ары иштеп чыгууну жана аларга кол коюну, Бирлик жөнүндө келишимге дээрлик 25 өзгөртүүнү жана толуктоолорду, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырат.


Ошондой эле, ЖЕЭК мүчөлөрү Бирликтин мамлекеттеринин биринин аймагында катталган ташуучулардын Бирликтин башка мамлекетинин аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда автомобилдик жүк ташууларды ишке ашыруусун баскычтар боюнча либералдаштыруу программасынын ишке ашырылышын карап чыгышмакчы. Мындан сырткары, күн тартибинде – ЕАЭБ жөнүдө келишимге ЕЭКтин кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол.​