Sign In
ЕЭК жана ЕАЭБдин каржы институттары евразиялык бизнес-демилгелердин конкурсун баштоодо

ЕЭК жана ЕАЭБдин каржы институттары евразиялык бизнес-демилгелердин конкурсун баштоодо

конкурс, копия.png
14.05.20

Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай блогунун колдоосунда мындай макулдашууга Евразия өнүктүрүү банкы, "Россия экспорт борбору" АК жана курамына "Сбербанк" КАК жана "Россельхозбанк" АК кирген "Региондор – туруктуу өнүгүү" конкурсунун уюштуруучу комитети кол коюшту. "Интеграция" евразиялык конкурсунун алкагында инвестициялык долбоорлордун (бизнес-демилгелердин) эл аралык тандоосун өткөрүү каралган.


Кеп Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө интеграциялык таасири бар инвестициялык долбоорлорду каржылык жана башка колдоо, ишкерлерге жаңы рынокторго чыгууда бизнести кооперациялоо жана масштабдоо боюнча жардам көрсөтүү жөнүндө болууда.


 "Конкурс ЕАЭБдин алкагында интеграциялык күн тартибин ишке ашыруунун орчундуу жана натыйжалуу аспабы болуп каларына үмүт кылам,
– деп билдирди ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян. – Биздин өлкөлөрдө инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташтык өнөр жайлык жана илимий-техникалык кооперация үчүн да, өз ара тике жана карыз инвестицияларды көбөйтүү үчүн да кеңири мүмкүнчүлүктөргө жол ачат".


Инвестициялык долбоорлор жыл сайын тандалып, бир нече ири интеграциялык багыттарды өнүктүрүүнүн алкагында каралмакчы. Буга өнөр жай жана АӨК, транспорт жана логистика, экология, туризм жана маданият, саламаттыкты сактоо жана медицина, инновациялар жана санариптештирүү, инфраструктура кирет.


Демилгеленип жаткан долбоорлорго коюлуучу негизги критерийлер:

- инвестициялык долбоордун ЕАЭБ мамлекетинде башка мүчө мамлекеттен жок дегенде бир технологиялык, каржылык өнөктөштү тартуу менен ишке ашырылышы;

- каржылоо жаңы курулуш объектин түзүүгө, учурдагы өндүрүштөрдү модернизациялоого, жаңы продукциянын (кызмат көрсөтүүнүн) өндүрүшүн баштоого, өнөр жай, инфраструктура, индустриалдык жана башка объектилерди санариптештирүүгө багытталат;

- каржылоо суммасы – 50 млн рублдан жогору;

- демилгечинин долбоордогу жеке катышуусунун өлчөмү – 20%дан жогорку;

- насыялоо мөөнөтү – 15 жылга чейин.


Уюштуруучулар эки жылдан кийин жылына кеминде 400 инвестициялык долбоорду кароого жана банктар тарабынан кеминде 40 инвестициялык долбоордун каржыланышына жетишүүнү пландаштырышууда. Инвестициялык долбоорлорду каржылоонун ар жылдык көлөмү жылына 4 млрд рублдан кем эмес өлчөмдө болмокчу.


Евразия экономикалык комиссиясы Бирликтин өлкөлөрүнүн ишкерлерин ушул жылы конкурстун биринчи баскычында катышууга чакырат.


Маалымат

"Интеграция" евразиялык конкурсунун уюштуруучулук документтеринин алкагында "интеграциялык таасири бар инвестициялык долбоор" "келечекте өтүнмө берүүчү тарабынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин биринин аймагында демилгеленген жеке ишмердиктен ЕАЭБдин башка мүчө мамлекеттеринин юридикалык жактары менен каржылык, технологиялык, өндүрүштүк өнөктөштүктө киреше алуу аркылуу өзүнүн чыгымдарын актоого (каржылык туруктуулукка) жетүүгө мүмкүндүк берген, экономиканын реалдуу секторундагы экономикалык жактан туруктуу жаңы өндүрүш жана өнөр жай объектилерин, бизнес-моделдерди түзүү формасындагы долбоорду" түшүндүрөт.


"ИНТЕГРАЦИЯ" Евразиялык конкурсунун расмий сайты –
www.invest-eaeunion.org​