Sign In
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыктары

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусунун жыйынтыктары

14.04.20

14-апрелде Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун демилгеси боюнча ЖЕЭК мүчөлөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бирликтин өлкөлөрүнүн лидерлери видеоконференция режиминде коронавирустук инфекциянын таралышынын алдын алуу жана ЕАЭБде экономикалык стабилдүүлүктү сактоо боюнча биргелешкен чараларды карап чыгышты.

Александр Лукашенко коомдогу стабилдүүлүктү жана тынчтыкты камсыз кылуу, биринчи кезекте өзүн гана коопсуздандырууга аракет кылуудан улам ЕАЭБдин негиздеринин бузулушуна жол бербөө темасын талкуулоону сунуш кылды.  "Эгер биз иш-аракеттерди бириктирбесек, анда эртең бузулган экономикалык байланыштарды калыбына келтиришибизге туура келет жана буга көп убакыт, акча жана эмгек талап кылынат", – деп ишенет Беларустун Президенти.

Биринчи кезекте ал ЕАЭБде транзиттик каттамдарды сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. "Биз ЕАЭБдин кызыкчылыгы үчүн Беларусь аркылуу транзитти ишке ашыруудабыз. Евробирлиги менен чек арада биз Беларусь аркылуу транзит менен кирип жаткандарды да, Беларуска кирип жаткандарды да текшерүүдөбүз, – деп билдирди Александр Лукашенко. – Учурдагы жагдайда жүйөлүү жеткиликтүүлүктүн чегинде аракет жасоо керек деп ойлойм. Менимче, өлкөлөрдүн ортосундагы транспорттук коридор Беларуста гана сакталбашы керек. Бул коридорду Россия аркылуу Казакстанга, Арменияга, Кыргызстанга ж.б. белгилөө дурус болмок".

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян коронавирустун пандемиясына байланыштуу жагдай ЕАЭБ үчүн сыноо болуп саналат деп баса белгиледи. "Биздин өлкөлөрдүн бул күндөрдө кызматташтыкка жана өз ара колдоо көрсөтүүгө даярдыгы интеграциянын калыптангандыгын жана анын өнүгүү потенциалы чоң экендигин күбөлөндүрөт," –  деди Никол Пашинян.

Армениянын Премьер-министри ЕАЭБ глобалдык кризис менен сыноого туруштук гана бербестен, өзүнүн институттарынын аркасында андан минималдуу жоготуулар менен чыга алат деген ишеничин билдирди.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев учурдагы жагдайга таасирденүүдөн сырткары, кризистен сабак алуу менен, орто жана узак мөөнөттүү перспективага карата чаралар тууралуу ойлонуу керек деп билдирди.

"Кризис кошулган нарк чынжырларынын глобалдык ландшафтын олуттуу түрдө өзгөртүшүнө күмөн жок. Экономикаларыбыздын атаандаштык артыкчылыктарынын негизинде регионалдык кошулган нарк чынжырларын түзүүгө киришүүгө болот. ЕАЭБдин узак мөөнөттүү туруктуулугу соода процесстеринин туруктуулугунан түздөн-түз көз каранды. Учурда товарлар менен соода жүргүзүү – төрт эркиндиктин негизгиси болуп саналат
", – деп Казакстандын Президенти баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын көпчүлүгү пандемиянын шарттарында татаал жагдайда калышыты деп белгиледи. Ал бул татаал мезгилде социалдык жана медициналык колдоонун бирдиктүү механизмин кабыл алууну сунуш кылды.

"Биздин Бирликте өлкөлөрүбүздүн калкын негизги азык-түлүк товарлары менен камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар. ЕАЭБдин ичинде социалдык маанилүү товарлар менен өз ара соода жүргүзүүдө чектөөлөр болбошу керек", – деп эсептейт Сооронбай Жээнбеков.

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин коронавирустун пандемиясы жашоонун бардык тараптарына терс таасирин тийгизүүдө жана инфекциянын таралышын токтотуу үчүн экстраординардуу чаралар талап кылынат деп баса белгиледи.

"Пандемияга эл аралык коомдоштуктун иш-аракеттерин бириктирүү аркылуу гана натыйжалуу туруштук берүүгө болот. Россия бардык көп тараптуу аянтчаларда: БУУда, "Жыйырманын тобунда", КМШда дал ушундай жамааттык мамилелерди илгерилетип келүүдө. Жана, албетте, биз ЕАЭБдин мамлекеттеринин ортосундагы тыгыз кызматташтыкка талап абдан жогору деп эсептейбиз", –деди Россиянын Президенти.

Владимир Путин, пандемиянын шарттарында алынып жаткан тажрыйбаны эске алуу менен, мындай жагдайлар кайталанган учурда бир кыйла ыкчам жана макулдашып аракеттенүү үчүн, евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкка тиешелүү жоболорун күчөтүүнү сунуш кылды.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович мамлекет башчыларына пандемиянын шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, ЕАЭБдин алкагында кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө билдирди. Атап айтканда, ал Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан бекитилген, кризиске каршы стабилдештирүүчү ыкчам чаралардын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү боюнча чаралардын комплекси тууралуу айтып берди.

"Биз резервдерди кайсы жерден көрүп турабыз? Алар, албетте, – өлкөлөр тарабынан жетишилген келишкендиктердин аткарылышында. Өз ара соодадагы чектөөлөрдү азайтып, ишенимди бекемдөө зарыл", – деп ишенет Михаил Мясникович.

Талкуунун жыйынтыктары боюнча ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары
COVID-19 пандемиясына байланыштуу биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.