Sign In
Россиялык бизнес жумалыгынын катышуучуларынын 57% евразиялык интеграциянын таасирин сезишкен

Россиялык бизнес жумалыгынын катышуучуларынын 57% евразиялык интеграциянын таасирин сезишкен

14.03.19
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин бизнеси интеграциялык процесстерге кошулуп, барган сайын анын жигердүү катышуучусуна айланууда. 11-15-мартта Москвада болуп өткөн Россиялык бизнестин жумалыгынын катышуучуларын сурамжылоонун жүрүшүндө, респонденттердин 30% евразиялык интеграциянын түздөн-түз алардын бизнесине таасирин белгилешкен, ал эми дагы 27% ЕАЭБтин кыйыр таасирин белгилешкен – өнөктөштөр, контрагентер, продукциянын керектөөчүлөрү аркылуу.

"Евразия экономикалык бирлиги – жалпы рынокту өнүктүрүүнүн заманбап парадигмасы" сессиясында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жан макроэкономика боюнча мүчөсү (министри) Татьяна Валовая белгилеп өткөндөй, беш жыл мурда кол коюлган ЕАЭБ жөнүндө келишими азыркы учурдун талабына жооп бербей калды. "Бирлик мамлекеттеринин башчылары 2018-жылдын аягында кол коюшкан ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө декларация тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк "ландшафтка" жооп, анын ичинде бизнес менен диалогдун жыйынтыгы", - деди ЕЭК министри.

Декларациянын идеяларын, механизмдерин жана жүзөгө ашыруу чараларын ачкан стратегиялык документти даярдоо жөнүндө кеп кылууда, Татьяна Валовая төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: "Азыр биз Стратегияга кошо турган нерселер, эң аз дегенде 2025-жылга чейинки биздин интеграциялык күн тартипти жана ЕАЭБдин обилигин аныктайт". Ал бизнестин өкүлдөрүн документти даярдоого жигердүү катышууга чакырды.

Өз кезегинде форумдун катышуучулары жакынкы жылдарга евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары катары санариптик экономиканы, өндүрүштөгү жана айыл чарбасындагы өндүрүштүк жана технологиялык кооперацияны, бирдиктүү транспорттук инфраструктураны бөлүп көрсөтүштү.

Өнөр жайчылардын жана ишкерлердин россиялык бирлигинин (ӨИРБ) президенти Александр Шохин 2018-жылы ЕАЭБтин Ишкердик кеңешинде ӨИРБнын төрагалыгынын жыйынтыктарын чыгарды. Ошондой эле ал өткөн жылы Бирликтин мамлекет башчылары кабыл алган Декларациянын өзгөчө маанисин белгилеп өттү.

Россиянын экономикалык өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Горьков ЕАЭБте интеграцияны өнүктүрүү үчүн реалдуу долбоорлорду жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Бирлик үчүн артыкчылыктуу катары россиялык тарап тарабынан сунушталган төрт демилге жөнүндө айтып берди. Алар акча которуулар системасын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларын дүң-таратуу борборлорунун тармактарын өнүктүрүүгө, Бирликтин интернет-платформасын, чакан жана орто бизнес үчүн санариптик соода платформасын түзүүгө байланыштуу.

Талкуулардын жыйынтыктары боюнча катышуучулар евразиялык интеграцияны андан ары өнүктүрүү жана Декларациянын негизги багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн сунуштар жазылган резолюцияны кабыл алышты.  Резолюция ЕАЭБти өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктоочу документти даярдоодо карап чыгуу жана эске алуу үчүн ЕЭКке жөнөтүлөт.