Sign In
ЕАЭБ өлкөлөрү Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын макулдашууда алга жылышты

ЕАЭБ өлкөлөрү Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын макулдашууда алга жылышты

14.02.20
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоорунун кем жерлерин иштеп чыгуу боюнча кеңешмесинде аталган документтин дагы бир катар позициялары макулдашылды. Талкуу 14-февралда ЕЭКтин Москвадагы штаб-квартирасында болуп өттү.

Буга чейин Евразия өкмөттөр аралык кеңеши Бирликтин мамлекеттеринин өкмөттөрүнө ЕЭК менен биргеликте документти аягына чыгара иштелишин камсыз кылууну жана аны апрелде Өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна көрсөтүүнү тапшырган эле.

"Биз Бирликтин иш жүзүндө өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү конкреттүү формулировкаларды, конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуудабыз", – деп ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович кеңешмени ачып жатып, баса белгиледи.

Ал эки жуманын ичинде олуттуу түрдө алга илгерилеп, долбоордун дээрлик 50 позициясын макулдашууга мүмкүн болду деп кошумчалады.

Кеңешменин катышуучулары тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюуга, бажылык жөнгө салууга, товарлардын коопсуздугун камсыз кылуу механизмдерине жана кепилдиктерине, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого ж.б. тиешелүү иш-чараларды талкуулашты. Өкмөт башчыларынын орун басарлары буга чейин макулдашылбаган бир катар позициялар боюнча консенсуска келишти.

Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарынын долбоору 2018-жылдын аягында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген ЕАЭБде интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны өнүктүрүүнүн алкагында иштелип чыккан.

Стратегиялык багыттар интеграциялык саясаттын негизги багыттамаларын аныктайт. Долбоордо келечекте ЕАЭБ мамлекеттеринин кызматташтыгынын ченемдик-укуктук негиздерин түзүүнү аяктоого, Бирликтин улуттан жогорку жана улуттук институттарынын аткаруучулук жеке тартибин жогорулатууга, мүчө мамлекеттердин кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого жана жөнгө салууга карата мамилелерин шайкеш келтирүүнү жана синхрондоштурууну камсыз кылууга мүмкүндүк берген чаралар жана механизмдер ачып көрсөтүлгөн.

Аталган документ белгилүү бир деңгээлде учурдагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин алкагынан сырткары болуп саналат. Негизги багыттардын катарында – жашыл технологияларды, энергиянын жаңыланма булактарын өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, туризм, билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү экономикалык аспектилер.

Документ Өкмөттөр аралык кеңеш тарабынан жактырылгандан кийин аны 2020-жылдын май айында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунда бекитүү пландаштырылууда.

Талкууда Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенко, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Алихан Смаилов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү катышышты.