Sign In
ЕАЭБ жана АСЕАН биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгышууда

ЕАЭБ жана АСЕАН биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгышууда

ЕАЭС АСЕАН.png
14.02.19
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын (АСЕАН) ортосундагы кызматташтыктын пландары жана алгоритмдери ЕЭК Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын жана АСЕАНдын Экономикалык коомдоштук маселелери боюнча башкы катчысы Аладдин Риллонун көңүл борборунда болду. Алардын жолугушуусу 14-февралда ЕЭК делегациясынын Индонезия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында болуп өттү.

Талкуунун негизги маселеси өткөн жылдын 14-ноябрында Сингапурда кол коюлган, интеграциялык бирикмелердин ортосунда экономикалык кызматташтык чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык түзүлүп жаткан, ЕЭК жана АСЕАНдын 2019-2020-жылдарга карата кызматташтык программасын макулдашуу болуп калды.

«ЕЭК жана АСЕАН диалогунун расмийлештирилиши бизге практикалык кадамдарга жана конкреттүү долбоорлордун ишке ашырылышына басым жасоого мүмкүндүк берет, – деди Татьяна Валовая. – Биздин уюмдардын ортосундагы сапаттуу жана тутумдук маалымат алмашуу да маанилүү болуп саналат, ошондуктан биз соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, техникалык жөнгө салуу, санариптик экономиканы өнүктүрүү, СФС-чаралары маселелеринде эксперттик консультацияларды өткөрүүгө жана тажрыйба алмашууга, өз ара аракеттенүүнүн башка көп аспектилерине басым жасайбыз».

ЕЭК министринин пикири боюнча, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана АСЕАНдын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуулугу ар бир уюмдун ичиндеги интеграциялык күн тартиптеринин, интеграциялык өз ара аракеттенүүнү андан ары тереңдетүү боюнча милдеттердин окшоштугу менен шартталат. «Биз ЕАЭБде, президенттердин тапшырмасы боюнча бирикмебизди өнүктүрүү стратегиясынын үстүнөн активдүү иштөө менен, Бирлик жөнүндө келишимди, Интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүү жөнүндө декларацияны ишке ашыруу жолу менен баратабыз, жана өнөктөштөрүздүн АСЕАН коомдоштугун түзүү боюнча аракеттерин өтө көңүл коюу менен байкап жатабыз», – деп ЕЭК өкүлү баса белгиледи.

Өз кезегинде АСЕАНдын башкы катчысынын орун басары Катчылыктын жана АСЕАНдын улуттук делегацияларынын өкүлдөрү үчүн ЕЭКтин интеграциялык курулуш чөйрөсүндөгү иштеп чыгуулары жана тажрыйбасы жөнүндө презентацияларды тутумдук негизде уюштуруу керек экендигин айтып, алардын практикалык маанисин белгилеп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө, эки бирикменин катышуучу өлкөлөрүнүн бизнес-өкүлдөрүнүн демилгелүүлүгүн эске алуу менен, ЕАЭБ-АСЕАН диалогуна ишкердик топторду тартууга өзгөчө басым жасалды. Татьяна Валовая, АСЕАНдын жетекчилигин жана Ассоциациянын ишкердик топторунун өкүлдөрүн Петербург эл аралык экономикалык форуму-2019га, ошондой эле, ЕАЭБ жана АСЕАНдын соода-экономикалык кызматташтыгынын перспективаларын кененирээк талкуулоо үчүн, Чыгыш экономикалык форумуна катышууга чакырып өттү.