Sign In
ЕЭК Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө.

ЕЭК Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы менен кызматташтыкты өнүктүрүүдө.

Директор ДФП Хачатрян АГ  12 12 2019.jpg
13.12.19

Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуу аспаптарын иштеп чыгуу максатында Баалуу кагаздар боюнча комиссиялардын эл аралык уюму (IOSCO) жана Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясы (WFE) менен өз ара аракеттенүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Каржы саясаты департаментинин директору Арман Хачатрян Мадридде (Испания) IOSCOнун аффилиацияланган мүчөлөрүнүн Консультативдик комитетинин отурумунун жана улуттук баалуу кагаздар рынокторун укуктук жөнгө салуу жаатындагы регуляторлор үчүн жумушчу семинардын жыйынтыктары боюнча билдирди.

Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө Арман Хачатрян IOSCO генералдык катчысы Пол Эндрюс жана WFE президенти Нандини Сукумар менен жолугушту.

ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун түзүүнүн контекстинде ЕЭКтин жана IOSCOнун ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. "Биз мамлекеттик-укуктук жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуу аспаптарын жана чек ара аралык операциялардагы жоопкерчилик жана укук колдонуу механизмдерин иштеп чыгуу максатында бир кыйла тыгызыраак өз ара аракеттенүү жөнүндө келиштик", – деп баса белгиледи Арман Хачатрян.

Ошондой эле, ал каржылык кызмат көрсөтүүлөр өнүмдөрдү жана инновацияларды көп каналдуу таратуунун ачык тармагына айланып жаткан шарттарда, көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн жаңы санариптик технологияларды пайдалануу жана баалуу кагаздардын бөлүнбөс рынокторун түзүү жана инвесторлорду коргоо үчүн мыкты дүйнөлүк иш-тажрыйбаларды киргизүү зарыл экендигин белгилеп өттү.

Арман Хачатряндын Нандини Сукумар менен жолугушуусунун жүрүшүндө ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин биржа аянтчаларынын жана, баалуу кагаздар жана туунду каржы куралдары менен тооруктарды уюштуруучулардын глобалдык тармактык ассоциациясы катары, Бүткүл дүйнөлүк биржалар федерациясынын ортосунда кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары, тараптар баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүнү укуктук жөнгө салуу, биржа ишине каржылык технологияларды киргизүү маселелерине, ошондой эле жөнгө салуучулардын контролдук-көзөмөлдөө саясатына токтолуп өтүштү.​