12-декабрда Москвада Евразия
экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика
боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин Бирликтин өлкөлөрүнүн улуттук
статистикалык кызматтарынын жетекчилери менен жыйынтыктоочу жумушчу жолугушуусунда
Евразия экономикалык бирлигинде (ЕАЭБ) туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга
жетүүгө арналган статистикалык жыйнактын презентациясы болуп өттү.
Жолугушууда Евразия экономикалык
бирлигинин санариптик күн тартиби маселелерине жана маалыматтарды жана метамаалыматтарды
алмашуу боюнча SDMX эл аралык стандартын колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл
бөлүндү.
Жолугушуунун катышуучулары 2030-жылга
чейин туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарды чагылдырган, ЕАЭБдин статистикалык
маалыматтарын түзүү жана таркатуу маселелерин талкуулашты. ЕЭКтин Статистика
департаменти туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттарга жетүүгө арналган
статистикалык жыйнактын алгачкы жыйнагын презентациялады.
Жыйнактын электрондук версиясы ЕЭКтин
расмий сайтында жеткиликтүү.