Sign In
Сергей Глазьев: "Бирликтин күчү — терс тышкы факторлордун ордун өз ара соода шарттарын жакшыртуу менен толтурууга болорунда"

Сергей Глазьев: "Бирликтин күчү — терс тышкы факторлордун ордун өз ара соода шарттарын жакшыртуу менен толтурууга болорунда"

13.11.20
Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 12-ноябрда Москвада макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары Келишимдин 63-беренесинде белгиленген макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн мониторингин карап чыгышты. Пандемиялык чектөөлөрдүн таасири астында 2020-жылы өлкөлөрдүн макроэкономикалык туруктуулугунун төмөндөшүнүн натыйжасында индикативдик көрсөткүчтөрдүн босоголук маанилеринин ашып кетүү ыктымалдыгы жогору экендигин эске алып, Консультативдик комитеттин мүчөлөрү бул багытта ишти өркүндөтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, 2021-жылы Комиссиянын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экономикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча сунуштарын иштеп чыгуу боюнча консультацияларды өткөрүүсү пландаштырылууда. Бул контекстте Сергей Глазьев ЕЭКтин жана Бирлик өлкөлөрүнүн экономикалык динамикага түздөн-түз таасирин тийгизген макро көрсөткүчтөрдүн ашыкча болушунун туруктуу жана тутумдаш мүнөзүнө өз убагында практикалык жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Консультативдик комитет Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн расмий божомолун даярдоо үчүн колдонулган, божомолдордун тышкы параметрлеринин интервалдык сандык маанилерин макулдашуунун тартибине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырды. "Биз өз бааларыбызды берүүгө даярбыз, ошондой эле өлкөлөргө мындай аналитиканы беребиз", — деди Сергей Глазьев.

Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары Комиссиянын Коллегиясында кароо үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасынын болжолун иштеп чыгуу тартибинин долбоорун негиз катары алышты. "Өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүн өбөлгөлөө боюнча иш-чараларга жана сунуштарга көңүл буруп, тоскоолдуктардын өз ара соода шарттарына тийгизген таасирин эске алуу керек", — деп белгиледи Сергей Глазьев.

Комитеттин мүчөлөрү “ЕАЭБ мүчө мамлекеттери үчүн структуралык бюджеттин балансынын көрсөткүчүн эсептөө методологиясын иштеп чыгуу жана аны баалоо” илимий-изилдөө ишинин натыйжаларынын презентациясын карашты. Мындан тышкары, өлкөлөрдүн эксперттерине Келишимдин 63-беренесинин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн тутумун изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын талкуулоого жигердүү катышуу, ошондой эле Комитеттин кийинки отурумунда стратегиялык пландаштыруу жана божомолдоонун методологиялык негиздерин түзүү боюнча илимий-изилдөө иштеринин натыйжаларын карап чыгуу сунушталды.

Отурумда Консультативдик комитеттин мүчөлөрү, мүчө мамлекеттердин каржылык-экономикалык блогунун министрликтеринин жана улуттук (борбордук) банктарынын өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле Молдова Республикасынын ЕЭКтеги Ыйгарым укуктуу өкүлү жана КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Комитеттин кийинки отурумун 2021-жылдын март-апрель айларында өткөрүү пландаштырылды.​