Sign In
ЕЭК Тынч океан альянсынын өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрөт

ЕЭК Тынч океан альянсынын өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрөт

13.11.20
12-ноябрда Тынч океан альянсынын экинчи кызматташтык форумунда аймактык интеграциялык бирикмелердин, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин жана Тынч океан альянсынын (ТА) өз ара аракеттенүү маселелери видеоформатта талкууланды. Форумда Евразия экономикалык комиссиясынын атынан интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Гоар Барсегян катышты. 

Ал Евразиялык экономикалык интеграциянын учурдагы абалы жана аны өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгуу жөнүндө айтып берди, Бирликтин жана Альянстын интеграциялык курулушуна болгон мамилелерди салыштырып, эки интеграциялык бирикменин кызматташтыгынын аспектилерин белгиледи.

ЕЭК департаментинин директору белгилегендей, 2019-жылдын июль айында Өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюу менен ЕЭК жана Тынч океан альянсы диалог үчүн жакшы негиз түзүштү. Анын актуалдуулугу өз ара аракеттенүүнүн алкагында 2013-жылы эле тастыкталган. Анда Комиссиянын өкүлдөрү Колумбия, Мексика, Перу жана Чилинин Россия Федерациясындагы элчиликтери тарабынан Москвада уюштурулган Тынч океанынын альянсынын презентациясына катышышкан. Андан кийин, Комиссиянын Альянс тарабынан түздөн-түз уюштурулган иш-чараларга катышуу практикасы калыптанды — улуттук координаторлордун деңгээлиндеги топтун жолугушууларына, Лимадагы (Перу) мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен саммиттерге, ошондой эле Россиядагы ТА мамлекеттеринин элчилери менен ЕЭКтин жолугушууларына. 

"Жаңы форматтагы интеграциялык түзүмдөр катары ЕАЭБ менен ТАнын жалпы жактары көп. Адистештирилген иш-чараны — “ЕАЭБ — Тынч океан альянсы” форумун же конференциясын өткөрүү актуалдуу деп эсептейм, анын жүрүшүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча биздин мамлекеттер кабыл алган чараларды, интеграцияны өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды четтетүү, санариптик күн тартибин ишке ашыруу жана башка маселелерди кеңири талкуулоого болот эле”, — деп жыйынтыктады Гоар Барсегян.

Маалымат

Тынч океан альянсы - Мексика, Перу, Чили, Колумбияны камтыган аймактык экономикалык интеграция бирикмеси. 59 өлкө Альянстын байкоочу-мамлекеттери болуп саналат. ДСУ маалыматы боюнча, ТА өлкөлөрү жалпы суммасы 445 миллиард долларды түзгөн товарларды экспорттошот, бул Меркосурга катышуучу-өлкөлөргө караганда болжол менен 60%га көп.

ЕЭК жана Тынч океан альянсынын мамлекеттери 2019-жылдын июль айында Перуда Өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюшкан.​