Sign In
ЕЭК жана Фарер аралдары кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө

ЕЭК жана Фарер аралдары кызматташтыкты өнүктүрүшүүдө

IMG_1556.jpg
13.11.19

12-ноябрда ЕЭКтин штаб-квартирасында ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно жана Фарер аралдарынын Москвадагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Хакун Дьурхуус Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн перспективаларын талкуулашты.

Сергей Шухно 2018-жылы кол коюлган ЕЭКтин жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумдун жана биргелешкен жумушчу топтун 2019-жылдын май айында өткөрүлгөн 1-чи отурумунун үзүрлүүлүгүн белгилеп өттү, ошондой эле фарердик тарапка мүчө мамлекеттердин аймагында өткөрүлгөн, Евразия тематикасы боюнча салттуу иш-чараларда, атап айтканда, 2018 жана 2019-жылдардагы "Евразия жумалыгы" Эл аралык көргөзмө форумунда катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Бул жылы биз биздин кызматташтыктын өнүгүшүнө жакшы темп бердик. Алдыда – жетишилген келишкендиктерди, ошондой эле жаңы пландарды жана идеяларды ишке ашуруу, атап айтканда, 2020-жылда жумушчу топтун 2-чи отурумун өткөрүү жана Торсхавнда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин бизнес-миссиясын уюштуруу турат", – деди ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору.

Фарер аралдарынын Өкүлчүлүгүнүн башчысы, өз кезегинде, ЕЭК менен меморандумдун алкагындагы өз ара аракеттенүү Бирликтин бардык өлкөлөрү менен расмий жана ишкердик коомдоштуктардын линиясы боюнча кызматташтыкты жолго коюуга жана активдештирүүгө мүмкүндүк берди деп баса белгиледи.

"2019-жылдын ноябрында Фарер аралдарынын делегациясы Беларусь Республикасына иш сапарын жасамакчы. Буга чейин биздин сапарлар жана жолугушуулар Ереванда, Нур-Султанда жана Бишкекте уюштурулган. Калыптанган байланыштар Фарер аралдары – ЕАЭБ форматындагы диалогго бизнестин өкүлдөрү кошулат деп үмүттөнүүгө мүмкүндүк берет, мындан сырткары Фарер аралдары Бирликтин өлкөлөрүнө өзүнүн экспортун өнүктүрүүгө гана эмес, ЕАЭБден товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин импорттоого да кызыкдар", – деп Хакун Дьурхуус корутундулады.

Маалымат

ЕЭКтин жана Фарер аралдарынын өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга 2018-жылдын 23-августунда кол коюлган. Өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун 1-отуруму 2019-жылдын 20-майында болуп өттү.​