Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде роуминг үчүн төлөм акысын төмөндөтүү маселесин талкуулады

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБде роуминг үчүн төлөм акысын төмөндөтүү маселесин талкуулады

13.11.19

11-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясы интеграция, соода, ички рыноктун иши, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн экономикаларын санариптештирүү, атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу, техникалык жана бажылык жөнгө салуу, энергетика чөйрөлөрүндөгү жана бир катар башка чөйрөлөрдөгү маселелерди карап чыкты.

ЕЭК Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосунда роумингдеги мобилдик байланыш кызматтарына тарифтерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Коллегиянын мүчөлөрү 5-ноябрда ЕАЭБдин аймагында роумингдеги мобилдик байланыш кызматтары үчүн төлөм акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо боюнча отурум өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымдалды.

Белгилей кетсек, мындай милдет Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 25-октябрда Москвада өткөрүлгөн отурумунда коюлган. Бул маселени иштеп чыгып, роумингдик төлөмдөрдү баскычтар боюнча төмөндөтүү боюнча керектүү чараларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды көрсөтө турган жумушчу топту түзүүгө тапшырма берилди. 

Аталган иш-чара тарифтерди төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу боюнча кеӊешмелердин сериясындагы алгачкы иш-чара болду. Роуминг үчүн төлөм акысын төмөндөтүү маселелерин чечүү үчүн бир катар кадамдарды жасоо зарыл. Атап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн операторлорунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү либералдаштыруу, алдамчылык жана трафикти алмаштырып коюу учурларына байланыштуу тобокелдиктерди азайтуу, интерконнект кызматынын наркын төмөндөтүү зарыл.

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБдин бажы аймагына Украинадан алып келинген болоттон жасалган бүтүн чоюлган дөңгөлөктөргө жана болоттон жасалган ысык чоюлган бурчтарга карата демпингге каршы чаралардын аракеттенүү мезгилинин ичинде бааларга мониторинг жүргүзүү жөнүндө маселелерди укту.Аталган рыноктордогу бааларга мониторинг жүргүзүүнү улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча отчёттор 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында көрсөтүлмөкчү.

ЕЭК Коллегиясы "Чек ара аралык рыноктордогу жалпы атаандаштык эрежелеринин жана атаандаштык (монополияга каршы) мыйзамдардын сакталышына контроль жүргүзүүдө ЕЭКтин жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда документ жана (же) маалымат алмашууну, ошондой эле бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүнү жана Бирликтин мүчө мамлекеттеринин анын киргизилиши жөнүндө чечимдерге каршы чыгып талашуусун камсыз кылуу" жалпы процессин ишке ашыруунун эрежелерин бекитти.

Бекитилген документ жалпы атаандаштык эрежелеринин сакталышына натыйжалуу контроль жүргүзүү үчүн технологиялык негизди түзмөкчү.

Жалпы процесс атаандаштык саясат тармагында жылпы маалыматтык ресурстарды түзүүгө жана колдонууга, жалпы атаандаштык эрежелерин бузуулардын Комиссия жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан каралышынын иш-тажрыйбасы жөнүндө маалыматтарды бириктирүүгө мүмкүндүк берет, ошондой эле бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүүдө жана Бирликтин өлкөлөрүнүн анын киргизилиши жөнүндө чечимдерине каршы чыгып талашууда электрондук түрдө маалымат алмашууну камсыз кылат.​