Sign In
ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери каржы тармагында мыйзамдарды шайкештөө чараларын аныктай турган Каржы рыногундагы ишмердүүлүктү ишке ашырууга талаптар туурасында макулдашуунун долбоорун жактырды

ЕЭК Коллегиясы ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери каржы тармагында мыйзамдарды шайкештөө чараларын аныктай турган Каржы рыногундагы ишмердүүлүктү ишке ашырууга талаптар туурасында макулдашуунун долбоорун жактырды

13.10.15

12-октябрда ЕЭК Коллегиясынын кезектеги отурумунда экономика жана каржы, техникалык жөнгө салуу, энергетика жана инфраструктура тармагындагы жана башка маселелер каралды.

Атап айтканда, ЕЭК Коллегиясы Каржы рынокторунда ишмердүүлүктү ишке ашыруу боюнча талаптар туурасындагы макулдашуунун долбоорун жактырды жана аны мамлекеттер ичинде макулдашуу жүргүзүү үчүн ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине багыттоо чечимин кабыл алды. Документтин жоболору ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин каржы тармагындагы мыйзамдарды шайкештөөнүн багыттарын жана чараларын аныктайт.

Каржы тармагындагы ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкештөө планын ырастоо деңгээлине карата макулдашуунун долбоорунун 6-беренесинин редакциясы боюнча пикир келишпестиктерди талкуулагандан кийин ЕЭК Коллегиясы, мындай орган катары Евразиялык жогорку экономикалык кеңеши чыгышы керек деген бирдиктүү пикирге келишти.

Каржы рыногундагы ишмердүүлүктү ишке ашырууга талаптар туурасындагы макулдашуу Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жалпы каржы рыногун түзүүгө, тейлөө секторлорунда (банк, камсыздандыруу сектору, баалуу кагаздар рыногундагы тейлөө сектору) ишмердүүлүктүн түрлөрүн ишке ашырууга лицензияны өз ара таанууну камсыздоого, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин каржы рынокторуна басмырланбаган жеткиликти калыптандырууга багытталган. Документ ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин каржы тармагындагы мыйзамдарын шайкештөө максатында, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин каржы рыногундагы көзөмөлдү ишке ашыруу жана мамлекеттик жөнгө салууну жакшыртуу зарылдыгынан улам даярдалган.

Каржы тармагындагы мыйзамдар шайкештелсе, ЕАЭБдин шайкештелген эрежелерге жана шарттарга негизделген жалпы каржы рыногунун иши үчүн негиз түзүлөт, бул каржы тейлөөлөрүнүн жана капиталдын эркин ташылышына, жана ошондой эле Биримдиктин мүчө мамлекеттеринде бизнестин өнүүсүнө түрткү берет.

Атап айтканда, документте макулдашуунун катышуучулары ЕЭК менен бирге, бул документ күчүнө кирген учурдан баштап тогуз айдын ичинде мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкештөө мөөнөттөрүн жана этаптарын көргөзүү менен мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкештөө планын иштеп чыгышаары, ал Евразиялык жогорку экономикалык кеңеши тарабынан бекитилери көрсөтүлгөн. Каржы тармагындагы мыйзамдарды шайкештөө боюнча мүчө мамлекеттер тарабынан макулдашылган, шайкештөө планына ылайык иштелип чыккан сунуштар, жана мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарына сунуштарды имплементациялоо мөөнөттөрү Евразиялык жогорку экономикалык кеңеши тарабынан бекитилет. ЕЭК мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар жана шайкештөө планын иштеп чыгуу боюнча ишмердүүлүктү координациялайт. Мүчө-мамлекеттердин каржы рынокторундагы ишмердүүлүктү ишке ашырууга болгон конкреттүү талаптарды шайкештөө, сакталып калган айырмачылыктар жалпы каржы базарында ЕАЭБтин алкагында эффективдүү иш алып барууга жолтоо болбойт деген шартта гана ишке ашырылышы керек. Биримдиктин мүчө мамлекеттери 2025-жылдын 1-январына карата макулдашуунун долбоорунда каралган багыттарга ылайык, каржы тармагындагы өз мыйзамдарын шайкештөөнү аяктаары болжолдонууда.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери каржы тейлөөлөрүн керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча шайкештелген талаптарды иштеп чыгууну да ишке ашырат. Бул нерсе мүчө-мамлекеттердин жарандары үчүн ЕАЭБтин ар кайсы мамлекеттеринде бирдиктүү жана түшүнүктүү болгон каржылык жүрүш-туруш эрежелерин түзүүгө алып келет.

Ошондой эле, ЕЭК Коллегиясынын отурумунда Евразиялык жогорку экономикалык кеңешинин (ЕЖЭК) чечиминин долбоору жактырылды, ага ылайык ЕЖЭКтин 2014-жылдын 23-декабрындагы №112 «Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы жана Россия Федерациясы үчүн чектөөлөрдүн, алып коюлардын, кошумча талаптардын жана шарттардын жекече улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө» чечимине өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Бул өзгөртүүлөр Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Кыргызстан үчүн чектөөлөрдүн, алып коюулардын, кошумча талаптардын жана шарттардын жекече улуттук тизмелерин калыптандыруу үчүн зарыл. Алар интеграциялык долбоорго Кыргыз Республикасынын кошулуусунун алкагында Келишимди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Кыргызстан үчүн бул чектөөлөр, алып коюулар, кошумча талаптар жана шарттар лицензияланган ишмердүүлүккө, ММК түзүү үчүн укукка, этил спиртин сатууга, адвокаттык жана нотариалдык ишмердүүлүк жүргүзгөнгө, о.э. башка юридикалык кызматтарды көргөзүүгө, жеке детективдик жана күзөт ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, почта тейлөөлөрүнө, баңги заттарын айлантууга, кара жана түстүү металлдардын сыныктарын жана таштандыларын чогултууга жана сатып алууга тиешелүү.

Бул долбоор ЕЭК Кеңешинин жана Евразиялык жогорку экономикалык кеңешинин жакынкы отурумдарында каралат.

Техникалык жөнгө салуу жаатында ЕЭК Коллегиясы Комиссиянын Кеңешинин Биримдиктин “Парфюмериялык-косметикалык продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасындагы чечиминин долбоорун жактырды. Өзгөртүүлөр, негизинен, «пилинг» терминин, ооз көңдөйүнүн гигиена каражаттарындагы фторду ченөө бирдигин тактайт. Андан сырткары, парфюмериялык-косметикалык продукцияларды декларациялоо схемасы киргизилет, бир катар каталыктар оңдолот.

Мындан тышкары, Коллегия Мүчөлөрү Бажы Биримдигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрдагы чечимдерине ЕАЭБтин "Автомобиль жолдорунун коопсуздугу" техникалык регламентин кабыл алуу туурасында бир катар өзгөртүүлөрдү киргизишти. Атап айтканда, техникалык регламенттин күчүнө киргенге чейинки иштелип чыккан жана бекитилген долбоордук документацияны кайра каттоого карата ченем тагыраак берилген. Андан сырткары, тактоолор аркылуу өткөөл мезгилдер бекитилген. Мисалы, 2016-жылдын 1-сентябрына чейин, “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” техрегламенти күчүнө киргенге чейин шайкештикти баалоонун милдеттүү талаптарына тиешелүү эмес (ЕЭК актылары менен же ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин мыйзамдары менен бекитилген) продукциялар ЕАЭБдин аймагында шайкештикти милдеттүү баалоо туурасындагы документсиз жана шайкештиктин улуттук белгисинин маркерисиз өндүрүүгө жана сатууга чыгарууга мүмкүн болот. Ошондой эле 2016-жылдын 1-сентябрына чейин, “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” техникалык регламенти күчүнө киргенге чейин кабыл алынган, ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин ченемдик укуктук актыларынын негизинде долбоордук документацияны иштеп чыгууга жана бекитүүгө жол берилет.

Маалымат:


Каржы рынокторундагы ишмердүүлүктү ишке ашырууга талаптар жөнүндө макулдашуунун долбоору ЕЭК Кеңешинин 2014-жылдын 4-мартындагы №19 чечими менен жактырылган жана Макулдашууга кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги процедураларды жүргүзүү үчүн Тараптарга жиберилген. Макулдашуунун кол коюу мөөнөтү 2014-жылдын 31-декабрына чейин бекитилген. Бирок, ЕЭК Кеңешинин 2014-жылдын 16-июлундагы № 58 “2014-жылы 29-майдагы Евразия экономикалык биримдиги жөнүндөгү келишимге ылайык актыларды жана эл аралык келишимдерди иштеп чыгуунун жумушчу планы жөнүндө” чечими менен Макулдашууга кол коюу мөөнөтү 2015-жылы 31-декабрына которулган.

ЕАЭБ жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу, Жогорку Евразиялык жогорку экономикалык кеңеши тарабынан ЕАЭБ алкагында Кыргызстан үчүн чектөөлөр, алып коюулар, кошумча талаптар жана шарттардын жеке улуттук тизмесин бекитүүсү келишимдин күчүнө кирген күнүнөн баштап үч айдан кеч эмес мөөнөткө каралган (негиз – 2015-жылы 8-майдагы ЕАЭБ туурасындагы келишимди, Биримдиктин укугуна кирген эл аралык келишимдерди, жана ЕАЭБ органдарынын актыларын Кыргыз Республикасы колдонуусу боюнча шарттары жана өтмө жоболору туурасында протоколу).