Sign In
ЕЭК ЕАЭБтин интеграцияланган маалымат системасын колдонуу менен мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара иштешүүлөрдү уюштуруу боюнча практикалык семинар өткөрдү

ЕЭК ЕАЭБтин интеграцияланган маалымат системасын колдонуу менен мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара иштешүүлөрдү уюштуруу боюнча практикалык семинар өткөрдү

02.10.15

1-октябрда Евразия экономикалык комиссиясы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү үчүн Евразия экономикалык биримдигинин интеграцияланган маалымат системасын колдонуу менен мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара иштешүүлөрдү уюштуруу боюнча практикалык семинар өткөрдү

Иш чарада Евразия экономикалык биримдигинин мүчө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык өз ара иштешүүсүн уюштуруунун ар кандай аспектилери каралды. Анын ичинде, аз ара иштешүүнү уюштуруунун принциптери, аларды ишке ашырууда мамлекеттик бийлик органдарынын ролу, Электрондук документтердин жана маалыматтардын түзүмүнүн реестрин колдонуунун мисалдары жана интеграцияланган маалымат системасын колдонуунун башка өзөктүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Семинарга Экономика министрлигинин, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Финансы министрлигинин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Улуттук статистика комитетинин, Мамлекеттик бажы кызматынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин башка органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Семинардын жыйынтыктап жатып ЕЭКтин Маалыматтык технологиялар департаментинин башчысы Александр Хотько белгилеп өткөндөй, Комиссия тарабынан мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен бирдикте интеграцияланган маалымат системасын түзүү боюнча уюштурулган иш чаралар 2015-жылы Армения Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык биримдигин кеңейтүүдө анын башка мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык өз ара иштешүүсү өз убагында жүрүшүнө мүмкүндүк берди.

Ошондой эле, мамлекеттер аралык жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара иштешүү процессине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ишке аралашуусунун деңгээлин жогорулатуу үчүн Евразия экономикалык комиссиясы маалыматтык өз ара иштешүүнү уюштурууда интеграцияланган маалыматтык системасын колдонуу маселелери боюнча практикалык семинарларды өткөрүүнү улантууну пландаштырат.

Практикалык семинардын материалдары Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында таанышуу үчүн жеткиликтүү.