Sign In
ЕАЭБ жана Вьетнам соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

ЕАЭБ жана Вьетнам соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты

13.06.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана Вьетнам банктарынын ассоциациясынын анын генералдык катчысы Нгуен Тоан Тханг баштаган делегациясы 11-июнда ЕЭКтин штаб-квартирасында каржы кызматтарын көрсөтүү тармагында кызматташуунун перспективаларын талкуулашты. Ошондой эле, жолугушууда Комиссиянын соода боюнча министри Вероника Никишина жана ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков катышышты.

Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Вьетнамдын ортосунда Эркин соода зонасы жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.

Жолугушууну ачып жатып, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Комиссия ЕАЭБ жана Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкка чоң маани беришин белгиледи. «Биз эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуу түзгөн биринчи өлкө дал Вьетнам болду. Ал биринчи кезекте товарлар менен соода жүргүзүүгө тиешелүү. Макулдашуу өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Биздин өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык мамилелер кыйла ылдамыраак темптер менен өнүгө баштады. Бирок кызматташтыкты тереңдетүү үчүн чоң потенциал бар. Айрыкча, банк тармагында», – деди Тигран Саркисян.

Макулдашуу аракеттенген биринчи толук жыл ичинде эле – 2017-жылы – товар жүгүртүмүнүн өсүшү 36% түздү (5,9 млрд АКШ доллары). Бирликтин өлкөлөрүнүн Вьетнамга экспорту 40%га (1,6дан 2,3 млрд АКШ долларына чейин), ал эми Вьетнамдан товарлардын импорту – 35%га көбөйдү (2,7ден 3,7 млрд АКШ долларына чейин).

Вьетнамдык тарап, өз кезегинде, ЕАЭБ менен мамилелерди максималдуу түрдө жакшыртууга жетүүнү жана кызматташтыкты күчөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү кароону каалашын билдирди.

ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты боюнча министри Тимур Жаксылыков 2025-жылда жалпы каржы рыногун түзүү боюнча Комиссиянын иши тууралуу айтып берди, анын натыйжасында капиталдын жана каржы кызматтарынын эркин кыймылы үчүн тоскоолдуктар жоюлат. Жалпы рынокту түзүү концепциясы ушул жылы эле кабыл алынат деп пландаштырылууда.

«Биз Бирликтин рыногунда капиталдын кыймылы, брокерлердин жана дилерлердин бири биринин биржаларына жетүүсү боюнча чектөөлөрдү жоюунун, баалуу кагаздар менен соода жүргүзүүгө жетүү үчүн жол-жоболорду жеңилдетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жалпы каржы рыногу каржы кызматтарынын сапатын жакшыртууга, алардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана аларды керектөөчүлөр үчүн арзаныраак кылууга мүмкүндүк берет», – деди ЕЭК министри.

ЕЭКтин соода боюнча министри Вероника Никишинанын айтуусу боюнча, кызмат көрсөтүүлөр менен соода жүргүзүү тармагында өтө чоң потенциал бар. Коллегия мүчөсү учурда туристтик кызматтар чөйрөсү активдүү өнүгүп жатканын, бирок кайсы болбосун экономикалык бүтүмдүн негизинде жаткан каржы кызматтарын да өнүктүрүү керек экендигин баса белгиледи.

«Биз биздин жолугушуу танышуу менен гана аяктабастан, биз бүгүн жолго салган байланыштардын жардамында, биз жана биздин өлкөлөр ээ болгон ыйгарым укуктардын жардамында, каржы кызматтары чөйрөсүндөгү кызматташтыкты күчөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү чындыгында эле табышыбызга таянуудабыз», – деди Вероника Никишина.

Тобокелдиктерди башкаруу, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо менен күрөшүү, банк операцияларын санариптештирүү маселелери мындан аркы кызматташтыктын предмети болуп калышы мүмкүн. Тараптар кызматташтыкты күчөтүү үчүн жумушчу топту түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырышат.

Маалымат
Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Вьетнамдын ортосунда Эркин соода зонасы жөнүндө макулдашуу 2016-жылдын октябрь айында күчүнө кирген. Ал биринчи кезекте соода алымдарын жоюу жана товарлар менен соода жүргүзүүгө тиешелүү. Кызмат көрсөтүүлөр менен тышкы соода жүргүзүүнү жана инвестицияларды ишке ашырууну жөнгө салуу Бирликтин өлкөлөрүнүн улуттук компетенциясына кирет.