Sign In
ЕАЭБ жана ШКУ кызматташтыкты тереңдетишүүдө

ЕАЭБ жана ШКУ кызматташтыкты тереңдетишүүдө

13.06.19

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян жана ШКУнун генералдык катчысы Владимир Норов 13-июнда Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты. Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин отурумунун алдында болуп өттү.

Тигран Саркисян, Евразия экономикалык бирлигинин үч катышуучу өлкөсү ШКУнун мүчөсү болгондугун, Беларусь уюмдун алдындагы байкоочу мамлекет, ал эми Армения – диалог боюнча өнөктөш экендигин эске алуу менен, ЕАЭБ жана ШКУнун ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасады. Мындан сырткары, тараптарда региондун туруктуу, пландуу жана стабилдүү өнүгүүсүнө багытталган, бириктирип турган күн тартиби бар. «Транспорт, логистика, энергетика жана санариптештирүү сыяктуу тармактар уюмдардын компетенциясына кирген кызматташтыктын жалпы тармактары болушу мүмкүн. Акыркысы стандарттарды, анын ичинде транспортко жана логистикага тиешелүү стандарттарды иштеп чыгууга тикеден-тике тиешелүү», – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы.
Владимир Норов диалогду өнүктүрүү үчүн жалпы тармактар жөнүндө тезиске макул болду жана транспорт инфраструктурасына өзгөчө көңүл бурду, анткени учурда Шанхай кызматташтык уюму үчүн транспорттук жана логистикалык инфраструктуранын натыйжалуулугун жогорулатуу иштин негизги багыттарынын бири болуп саналат. ШКУ кагазсыз соодага жетүүгө умтулууда, бул өлкөлөр ортосунда соода жүргүзүүнү олуттуу түрдө жеңилдетип, транспорт-логистика тармагына оң таасир берет.
Тигран Саркисян кагазсыз соода жана бажылык жөнгө салуу Евразия экономикалык бирлиги үчүн да приоритеттүү багыттар болуп саналарын белгиледи. Ал эки уюм өздөрүнүн күн тартиптерин талкуулашы маанилүү экендигин баса белгиледи. Бул учурдагы тоскоолдуктарды жоюуга жана жаңы тоскоолдуктарды болтурбоого мүмкүндүк берет.
Буга байланыштуу, тараптар ЕЭК жана ШКУнун катчылыктарынын ортосунда туруктуу негизде маалымат алмашуу жөнүндө келишишти.
Тигран Саркисян жана Владимир Норов эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу маселелерин карап чыгышты. Атап айтканда, транспортту жана логистиканы өнүктүрүү маселелери боюнча ШКУ – ЕАЭБ – АТОЭСК форматында биргелешкен жолугушуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле, тараптар ЕАЭБ жана ШКУнун ортосунда кызматташтыкты меморандум түзүү аркылуу формалдаштыруу перспективасын талкуулашты.
Маалымат
ШКУнун мүчөлүгүнө сегиз өлкө кирет: Индия Республикасы, Казакстан Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Кыргыз Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы.

Төрт өлкө ШКУнун алдындагы байкоочу мамлекет статусуна ээ: Афганистан Ислам Республикасы, Беларусь Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Монголия Республикасы.

Алты өлкө ШКУ диалогу боюнча өнөктөш болуп саналат: Азербайжан Республикасы, Армения Республикасы, Камбоджа Падышачылыгы, Непал Федеративдик Демократиялык Республикасы, Түркия Республикасы, Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасы.