Sign In
ЕАЭБде бир катар товарларды бажылык декларациялоо жоюлду

ЕАЭБде бир катар товарларды бажылык декларациялоо жоюлду

Фото_1.jpg
13.05.20

Россия товарлардын айрым топторуна карата милдеттүү бажылык декларациялоону жойду, алардын катарында – көмүр, чым көң, спирттер, витаминдер жана башкалар, Россиядан Беларуска алынып чыгуучу чийки мунай жана мунай өнүмдөрүнөн сырткары.


ЕЭК Коллегиясынын отурумунда маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча министр Гегам Варданян ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердигинин Товардык номенклатурасынын 27 жана 29-товардык топторунда классификацияланган товарларды милдеттүү бажылык декларациялоонун жоюлушу тууралуу билдирди.


"7-майдан тарта Россия айрым товардык топторго карата милдеттүү бажылык декларациялоону жойду, аларга көмүр, чым көң, спирттер, эфирлер, альдегиддер, кычкылдар, провитаминдер, витаминдер, гормондор жана башка товалар кирет, Россиядан Беларуска алынып чыгуучу чийки мунай жана мунай өнүмдөрүнөн сырткары", – деп билдирди Варданян.

2014-жылдын 29-майындагы ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 25-беренесинин негизинде, Келишимде каралган учурлардан сырткары, Бирликтин алкагында товарларды бажылык декларациялоону колдонуусуз эркин өткөрүү ишке ашырылып келет. Мындай өзгөчөлүктөр учурда түзүлүп жаткан мунай, газ жана электр энергиясынын жалпы рынокторуна тиешелүү. Аларга карата өзгөчөлүктөр жок болгон товарлар бажылык декларациялоосуз өткөрүлүүгө тийиш.


Министр РФ Президентинин алдындагы ишкерлердин укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кайрылуусунун негизинде Комиссиянын ички рыноктордун иши боюнча департаментинин аянтчасында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда консультациялар өткөрүлгөндүгүн айтты. Иш чаралардын алкагында ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 27 жана 29-топторунда классификацияланган жана Россия Федерациясынан Беларусь Республикасына алынып чыгуучу товарларды бажылык декларациялоо зарылчылыгына байланыштуу маселелер талкууланды.


Өткөрүлгөн консультациялардын жыйынтыктары боюнча Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги Федералдык бажы кызматы менен биргеликте жалпы рыноктун алкагында мүчө мамлекеттердин ортосунда ЕАЭБ ТЭИ ТНдин 27 жана 29-топторундагы товарларды декларациялоо жөнүндө талаптарды жокко чыгарган нускама катты иштеп чыгышты. Россиянын ФБКсы аталган нускама катты регионалдык бажы башкармалыктарына жиберди.


Гегам Варданян билдиргендей, өз ара товар жүгүртүүнүн өсүшү ЕАЭБ мейкиндигинде тоскоолдуктарды жоюу боюнча негизги милдеттердин бири болуп саналат.​