Sign In
ЕЭК алюминий электролизерлери үчүн түп массага алымдарды убактылуу жокко чыгарды

ЕЭК алюминий электролизерлери үчүн түп массага алымдарды убактылуу жокко чыгарды

13_04_2021-3.jpg
13.04.21
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 13-апрелдеги отурумунда алюминий электролизерлерин каптоо үчүн түп массага карата ташып келүү бажы алымынын ченин бир жылдык мөөнөткө 5% дан 0%га чейин төмөндөткөн.

Бул товар тигиштерди толтуруу үчүн колдонулат жана алюминий өндүрүү процессинде электролизерлерди пайдаланууда чыгымдалуучу материал болуп саналат. Алюминий өндүрүшүнүн үзгүлтүксүздүгү түп массаны пландуу алмаштыруу менен камсыздалат.

Евразия экономикалык бирлигинде түп массаны даярдоо алюминий өнөр жай ишканаларынын муктаждыгын 75-80%га чейин канааттандырат. Жетишпеген көлөмдөр импорттук жеткирүүлөр менен ички баадан кыйла жогору болгон баада компенсацияланат. Азыркы учурда ЕАЭБде жаңы алюминий заводдорунун курулушун эске алуу менен, 2020-жылы импорттук түп массаны сатып алуунун көлөмү көбөйгөн.

"Демек, бажы-тарифтик жөнгө салуунун кабыл алынган чарасы алюминий өндүрүшүнө чыгымдарды кыскартууга жана Бирлик мамлекеттеринин алюминий заводдорун туруктуу өндүрүштүк иш-аракеттер үчүн зарыл болгон көлөмдө сапаттуу продукция менен камсыз кылууга багытталат. Мындан тышкары, чечим ЕАЭБ өлкөлөрүндө алюминий өндүрүшүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт", - деп белгиледи ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Маалымат:

ЕЭК Коллегиясынын 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 161 Чечимине ылайык, алюминий электролизерлеринин каптоочу түп массасына карата алып келүү бажы алымынын нөлдүк чени 2019-жылдын 19-октябрынан 2020-жылдын 31-октябрына чейин күчүндө болгон.