Sign In
Михаил Мясникович: "ЕАЭБдин жана КМШнын стратегиялык документтери бири-бирин өз ара толуктап турат"

Михаил Мясникович: "ЕАЭБдин жана КМШнын стратегиялык документтери бири-бирин өз ара толуктап турат"

13.03.20

КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы жана Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары Евразия мейкиндигинин элдеринин жыргалчылыгы үчүн иштейт. Бул тууралуу ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович КМШнын Эл аралык экономикалык форумунда билдирди. Ошондой эле, Коллегия башчысы аталган документтер катышуучу өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнүн басаңдашы маселесин чечүүгө жардам берет деп белгиледи.

"Биз эмгекти эл аралык бөлүштүрүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүк кызматташтык КМШ үчүн да, ЕАЭБ үчүн да приоритет болуп келип келген жана приоритет болуп кала бермекчи деп ишенебиз. Катуу инновациялык өнүгүү шарттарында өзүнчө алынган экономикаларда, жадагалса ири экономикаларда да натыйжалуу чарбачылык ишмердиктин болушу мүмкүн эмес деп ишенебиз. Ошондуктан биздин интеграциялык бирикмелер: Беларусь жана Россия Бирликтик мамлекети да, Евразия экономикалык бирлиги да, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги да – өздөрүнүн алдына экономикалык өсүштүн бир кыйла амбициялуу милдеттерин коюушууда", – деп баса белгиледи Михаил Мясникович.

"Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары жана КМШнын экономикалык өнүгүүсүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясы – бул бири-бирин өз ара толуктоочу программалар, алар биздин мамлекеттердин жана элдердин кызыкчылыгы үчүн КМШнын жана ЕАЭБдин бириктирилген иш-аракеттерин камсыз кылат деп ойлойм", – деп ЕЭК Коллегиясынын башчысы корутундулады.

Михаил Мясниковичтин айтуусу боюнча, биринчи кезекте жогорку технологиялык чектердеги өндүрүштөрдү түзүү, ошондой эле учурда иштеп жаткан өндүрүштүк базистин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу аркылуу Евразиянын өнөр жай бизнесин колдоо зарыл. "ЕЭК инновациялык жана илимий-техникалык өнүгүүнүн локомотиви болуп саналган иштетүү өнөр жайынын көлөмдөрүн анын ички дүң өнүмдөгү салыштырма салмагы 25%дан кем эмести түзгөндөй кылып өсүшүнө жетишүү үчүн бардык иш-аракеттерди көрмөкчү", – деп белгиледи ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. 

Михаил Мясникович ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикаларын демилгелөө үчүн төмөнкү төрт аспапты атап өттү: евразиялык улуттар аралык корпорацияларды түзүү, жалпы интфраструктуралык платформаны өнүктүрүү, санариптик транспорт коридорлорунун тутумун түзүү жана ЕАЭБде натыйжалуу техникалык жөнгө салуу.

"Уюштуруу жагынан алганда, ири бизнес евразиялык улуттар аралык корпорацияларга басым жасашы үчүн бардык иш-аракеттерди көрүү керек, – деди Михаил Мясникович. – Ошондо гана биргелешкен бизнес болот жана административдик ресурстарды интеграция максаттары үчүн колдонууга мындай чоң зарылчылык болбойт".