Sign In
ЕЭКте ЕАЭБди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын тездетилген түрдө жүзөгө ашыруу талкууланды

ЕЭКте ЕАЭБди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын тездетилген түрдө жүзөгө ашыруу талкууланды

12.02.21

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян Казакстандын соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен жолугушуу өткөрдү.

Диалогдун катышуучулары Казакстан Республикасынын Президенти Касым - Жомарт Токаевдин ушул жылдын 15-январында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда белгиленген, Евразия экономикалык бирлигинин өнүгүүсүнүн беш негизги багыттары боюнча иштерди тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Тараптар интеграциялык процесстин бардык катышуучулары экономикалык жана социалдык тутумдардын туруктуулугун сактоо, жарандардын жыргалчылыгын жогорулатуу, ар бир мүчө мамлекеттин жана жалпы ЕАЭБдин прогрессин камсыз кылуу сыяктуу узак мөөнөттүү артыкчылыктарга көңүл буруусу керектигин белгилешти.

"Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча блоктун артыкчылыктуу багыттарынын бири - өнөр жай кооперациясына кошумча дем берүү, Комиссиянын "Өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары" документин жаңы мазмун менен толтуруу. Кеп - Бирликте жаңы кызматташтык чынжырларын түзүү, биздин өлкөлөрдүн тармактарынын ортосундагы байланышты кыйла чыңдоо жөнүндө болуп жатат”, - деп белгиледи Артак Камалян.

ЕЭК министри "2025-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттары (ӨКНБ)" долбоорунун үстүндө иш жөнүндө айтып берди. Документте өнөр жай кызматташтыгынын максаттары, милдеттери, багыттары жана инструменттери келтирилген. Көпчүлүк жоболор "2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары" менен шайкеш келтирилген. ЕАЭБдин алкагында өнөр жайлык кызматташтыктын максаты Бирлик өлкөлөрүнүн дүйнөлүк рынокто заманбап, интеллектуалдык, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы курууда натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде өнөр жайды өнүктүрүүнүн туруктуулугун тездетүү жана жогорулатуу болушу керек. Бул үчүн Бирлик рыногунун потенциалын пайдалануунун негизинде ЕАЭБ мамлекеттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн илгерилеп өсүшүн өбөлгөлөө; өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, биргелешип өндүрүлгөн товарларды тышкы рынокторго экспорттоого көмөктөшүү; өнөр жайды инновациялык өнүктүрүү жана санариптик трансформациялоону биргелешип өбөлгөлөө жолу менен өнөр жай өндүрүшүнүн технологиялык өнүгүүсүнүн жаңы деңгээлине өтүү; "2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын" ишке ашыруунун алкагында өнөр жай интеграциясын өнүктүрүү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү керек болот.

Жолугушуунун катышуучулары жаңы ӨКНБ кабыл алынышы Бирликте 2025-жылга чейин өнөр жай кызматташтыгын тереңдетүү үчүн укуктук жана уюштуруучулук негизди түзөт, жалпысынан ЕАЭБдин стратегиялык максаттарына жана Бирлик мамлекеттеринин өнөр жайын өнүктүрүүнүн улуттук артыкчылыктарына негизделген өнөр жай интеграциясынын актуалдуу маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берет бүтүмгө келишти.

ЕЭК министри ошондой эле Комиссия Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын, тараптардын жеке логистикалык компанияларынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрү менен, ЕАЭБ мамлекеттеринин улуттук товардык бөлүштүрүү тутумдарын, анын ичинде дүң-логистикалык комплекстерди түзүү жолу менен бириктирүү боюнча консультацияларды өткөргөндүгүн билдирди. Артак Камаляндын айтымында, тараптардын ​​маселени андан ары изилдөөгө жалпы кызыгуусу бар, ал тармактар ​​аралык мүнөзгө ээ жана транспорттук-логистикалык инфраструктура, сапат жана коопсуздук стандарттары, маалыматташтыруу, соода жана башка тармактарга таасир этет. Буга байланыштуу Комиссия өз ишин улантууну пландаштырууда.

Артак Камалян менен Бахыт Султанов органикалык продукциянын бирдиктүү рыногун түзүү маселесин талкуулашты. 

“Органикалык продукцияга дүйнөлүк суроо-талап өсүп жаткан шартта, биздин өлкөлөрдө да ушул тренд өнүгүшү маанилүү. ЕАЭБ мамлекеттеринин бул тармакты өнүктүрүүдө эбегейсиз потенциалы бар", - деп баса белгиледи Артак Камалян. ЕЭК министринин айтымында, бул маселе боюнча иш алып баруу калкты ден-соолукка пайдалуу тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча маанилүү милдетти чечет.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, диалогдун катышуучулары ЕЭК министри жарыялаган бардык пландарды тездетип ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.​