Sign In
Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин негизги приоритети – узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү"

Сергей Глазьев: "ЕАЭБдин негизги приоритети – узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү"

12.12.19

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча мүчөсү (министр) Сергей Глазьев 11-декабрда Москвада макроэкономикалык саясат боюнча Консультативдик комитеттин отурумунда билдирди.

Отурумдун катышуучуларына экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн маанилерине жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары, ошондой эле ЕЭКтин экономикалык жагдайды турукташтырууга багытталган сунуштамалары жөнүндө маалымат көрсөтүлдү. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн чектик маанилеринен четтөө учурларынын азайышы күтүлүүдө. Бул ЕЭКтин сунуштамаларын иш жүзүндө колдонуунун оң натыйжасы болуп калмакчы. Ошондой эле, Консультативдик комитет сунуштамаларды жана биргелешкен чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу тартибинин жаңы редакциясын жактырды.

Мындан сырткары, отурумдун катышуучулары Бирликтин мамлекеттериндеги макроэкономикалык жагдай жөнүндө талдамалык баяндаманын жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча сунуштун долбоорун карап чыгышты.

"ЕАЭБдин негизги приоритети – узак мөөнөттүү экономикалык өсүштүн жогорку темптерине жетишүү. Бул үчүн жумуштуулукту жана эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн түзүмдүк тоскоолдуктарды жоюуга, өндүрүш кубаттуулуктарынын толук жүктөмүн камсыз кылууга, инновациялык жана инвестициялык активдүүлүктү демилгелөөгө басым жасоо зарыл", – деди Сергей Глазьев.

Консультативдик комитет 2020-жылга карата Бирликтин мамлекеттериндеги өз ара сооданын болжолдоолорун жана аны иштеп чыгуу механизмдерин жактырды. Келечекте Комиссия тараптар менен биргеликте өз ара сооданы төлөм валютасын эске алуу менен баалоо мүмкүнчүлүгүн изилдөө боюнча ишти улантмакчы.

Мындан сырткары, отурумдун катышуучулары улуттук бюджеттик эрежелерди Бирликтин мамлекеттери топтогон тажрыйбаны, ошондой эле дүйнөлүк иш-тажрыйбаны эске алуу менен өркүндөтүү боюнча Комиссия тарабынан даярдалган сунуштамаларды карап чыгышты. Сергей Глазьев аталган сунуштамаларды, алардын экономикалык өнүгүүгө, инвестициялардын динамикасына, потенциалдуу өсүш мүмкүнчүлүктөрүнө таасири жагынан алганда, мүчө мамлекеттердин бюджеттик эрежелеринин натыйжалуулугун талдоо менен толуктоону сунуш кылды.

Комитеттин мүчөлөрү экономикалык өнүгүүнүн тышкы жана ички шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун аныктоочу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн тизмегин кайрадан карап чыгуу жөнүндө сунушту талкуулашты. "ЕАЭБде экономикалык өнүгүүнүн туруктуулугун жана инвестициялардын динамикасын болушунча так чагылдырган макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн балансталган топтомун иштеп чыгуу зарыл", – деди Сергей Глазьев.

Отурумда Консультативдик комитеттин мүчөлөрү, мүчө мамлекеттердин каржылык-экономикалык блогунун министрликтеринин жана улуттук (борбордук) банктарынын өкүлдөрү катышышты. ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет болуп саналган Молдова Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, КМШнын Аткаруучу комитетинин жана Өкмөттөр аралык банктын өкүлдөрү да отурумда катышышты.​