Sign In
«ТАЗА КООМ» ЕАЭБдин санариптик күн тартиби менен айкалышкан

«ТАЗА КООМ» ЕАЭБдин санариптик күн тартиби менен айкалышкан

12.12.17

Кыргыз Республикасынын «Таза Коом» санариптик трансформациялоо программасынын алкагындагы иш-чараларды жана 2025-жылга чейин Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) санариптик күн тартибинин иш-чараларын синхрондоштуруу зарылдыгын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасян 11-декабрда Бишкекте «Таза Коом санариптик коом: Кыргыз Республикасында электрондук өкмөт, электрондук саламаттыкты сактоо жана электрондук билим берүүнүн келечеги» Эл аралык конференциясында баса көрсөттү.

«Биримдиктин мамлекет башчыларынын деңгээлинде 2025-жылга чейин ЕАЭБдин санариптик күн тартибин жүзөгө ашыруунун негизги багыттары бекитилди, - Карине Минасян эске салды. - «Таза Коом» санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасы Биримдиктин санариптик күн тартибине шайкеш келтирилген. Бир эле убакта биздин интеграциялык бирикме макулдашылган саясаттын жигердүү даярдануу баскычына кирет. Ошондо биз, программанын алкагындагы иш-чаралар ЕАЭБ алкагындагы демилгелерди иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке киргизүү менен айкалыштырылгандыгына ишенебиз».    

ЕЭК министри Кыргызстандын бизнеси Биримдиктин интеграциялык санариптик күн тартибин мындан ары жүзөгө ашырууда жигердүү катышат деген үмүтүн билдирди. Талкуулоонун жүрүшүндө бардык мамлекеттердин экономикасы ааламдык трансформациялоого дуушар болууда - демилгелердин жардамы менен эмгек рыногу, өндүрүүнүн жүрүшү жана ыкмалары алмашып, мурда жок болгон жаңы технологиялык товарлар жана тейлөө кызматтары пайда болуп жатат.  

Конференциянын катышуучулары Кыргыз Республикасында санариптик мамлекет түзүү жолунда бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү, мамлекеттик бийликтин бардык: аткаруучу, мыйзам чыгаруучу жана соттук бутактарын комплекстүү жана бирдей камтуу зарылдыгы; онлайн-аспаптар аркылуу чечимдерди кабыл алуу процесстеринде жарандардын жана бизнес-түзүмдөрдүн катышуусун камсыз кылуу менен электрондук демократиянын принциптерин жана ыкмаларын жигердүү жайылтуу тууралуу бир пикирге келишти. Санариптик экономиканы өнүктүрүү, жаңычылдыкты жайылтуу жана санариптик билимдерди жана компетенцияларды бардык деңгээлдерде дараметин кеңейтүү керек.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, мамлекеттик органдардын жана өлкөнүн бизнес коомчулугунун башка өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер жана ааламдык жогорку технологиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

 Маалымдама

«Таза Коом» санариптик трансформациялоонун жалпы улуттук программасы Кыргыз Республикасында ушул жылы ишке киргизилген. Ал адамдын жашоосун жакшыртуу,  борборунда адам, анын баалулуктары жана дарамети турган жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана кыйла күчтүү коомду түзүү үчүн берилмелердин, технологиялардын, санариптик инфраструктуранын индустриясынын кубатын жана күчүн пайдаланат. «Таза Коом» айлана чөйрө менен айкалышта, адамдык капиталга жана инновацияларга негизделген 2040-жылга чейин Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү -стратегиясынын  негизги компоненти болуп саналат