Sign In
Тигран Саркисян: "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө"

Тигран Саркисян: "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө"

12.11.19
11-ноябрда Москвада "Евразиялык интеграциянын жаңы өлчөмү: Евразия экономикалык бирлигинин беш жылдыгынын жыйынтыктары" деп аталган илимий-тажрыйбалык конференцияда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) Сотунун Төрагасы Жолымбет Баишев, Россия жана Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапота, Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев, ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (министрлер) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн илимий-эксперттик коомдоштугунун өкүлдөрү евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн натыйжаларын талкуулашты. Пленардык сессиянын модератору ЖЭМ ИИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов болду.


Конференциянын уюштуруучулары – Евразия экономикалык комиссиясы жана "Жогорку экономика мектеби" ИИУ. ЕЭКтин, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бийлик органдарынын жана академикалык коомдоштугунун өкүлдөрү Бирликтин өнүгүүсүн жана интеграциянын перспективаларын талкуулашты, бир катар көйгөйлүү чекиттерди аныкташты жана беш өлкөнүн андан аркы кызматташуу жолдорун белгилешти.


ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян конференцияны ачып жатып, "биздин мейкиндикте Евразия экономикалык бирлигине альтернатива жок" деп белгиледи. Муну дүйнөлүк өнүгүү күбөлөндүрүп турат. Бүгүнкү күндө дүйнөдө дээрлик 50 экономикалык бирикме бар. Бул өткөн кылымдын ортосунда башталган глобалдык тренд. "Бүгүнкү күндө бардык өлкөлөр биргеликте татаалдыктарды жеңүү жана жарандар жана бизнес үчүн жайлуу шарттарды түзүү оңоюраак болушун түшүнүшүүдө", – деп Тигран Саркисян баса белгиледи.


ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Комиссия ЕАЭБ менен диалогго кызыкдар регионалдык бирикмелерден кызматташтык жөнүндө ондогон сунуштарды алууда; өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумдар түзүлүүдө деп билдирди. Атап айтканда, жакында Сочиде Африка бирлиги менен Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. "ЕАЭБ эң көп интеграцияланган регионалдык бирикмелердин бири болуп саналат, Бирлик Европа бирлигинен кийин экинчи орунда турат", – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы.

Бирликтин жетишкендиктеринин катарында Тигран Саркисян улуттан жогорку орган болуп саналган ЕЭКтин түзүлүшүн атады. Комиссиянын максаттарынын арасында – товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчтүн эркин кыймылын камсыз кылуу. Бирлик жөнүндө Келишимде аталган эркиндиктерди ишке ашыруу боюнча белгилүү мөөнөттөр аныкталган. 2025-жылга чейин ЕАЭБдин бул негизги документинде белгиленген бардык механизмдер аракетке киргизилиши зарыл. Атап айтканда, бул электр энергиясынын, мунай жана мунай өнүмдөрүнүн, транспорттун жалпы рыногун жана жалпы каржы рыногун түзүү.

ЕАЭБ бир катар коюлган максаттарга олуттуу түрдө жакындаганы менен, Комиссиянын күн тартибинде бир топ чечилбеген маселелер да бар. Биринчи кезекте, бул ЕАЭБдин жалпы рыногун түзүүдөгү тоскоолдуктардын, алып коюулардын, чектөөлөрдүн болушу менен байланыштуу чала интеграцияны жеңүү болуп саналат. ЕАЭБ мамлекеттеринин башчылары бул милдет тууралуу үзгүлтүксүз айтып келишүүдө.


Тигран Саркисян буга байланыштуу ЕЭК макулдашылган саясаттарды жүргүзүү жана жаңы тоскоолдуктардын пайда болушун токтотуу үчүн улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү сунушу менен чыкты деп билдирди. "Бул жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн парламенттери менен биргеликте Комиссия Бирликтин Келишиминде белгиленген, биз биргелешип алдыга жылышыбыз керек болгон 18 багыт боюнча шайкеш келтирүү программасын иштеп чыкты. Бул биздин интеграцияны тереңдетүүнүн стратегиялык багыты болуп саналат", – деди Тигран Саркисян.


Бирок ЕАЭБдин эң маанилүү потенциалы – бул адамдык капитал. "Биздин интеграциялык бирикменин келечеги көбүнесе биздин бул долбоорго жаштарды кантип тартышыбыз, аларга евразиялык интеграция идеясын ээликтиришибиз, аларга биздин жаш бирикменин алдында турган максаттарды жана милдеттерди жеткире алышыбыз менен байланыштуу, – деди ЕЭК Коллегиясынын башчысы. – Ошондуктан, биз Жогорку экономика мектеби, биздин башка өнөктөштөр – Евразия күн тартибин окуткан жана адистерди даярдаган ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ЖОЖдору менен диалогго абдан чоң маани беребиз. Биз алар менен үзгүлтүксүз жолугушууларды, семинарларды, талдамалык сессияларды өткөрүп турабыз. Биз бул кыймылдын аркасында биздин долбоордун кыймылдаткыч күчү болуучу, аны бекемөөгө, алга карай тез илгерилетүүгө өбөлгө түзүүчү Евразия элитасын түзө алабыз деген үмүттөбүз".


ЕАЭБдин эл аралык тректеги жетишкендиктери тууралуу айтып жатып, Тигран Саркисян бул жерде ЕЭКке ыйгарым укуктар да, аларды ишке ашыруу боюнча аспаптар, укуктар да берилгендин айтты. Интеграциялык бирикмелер менен кызматташтык жөнүндө меморандумдар түзүлдү, эркин соода аймактарын (ЭСА) түзүү боюнча соода сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү алып барылууда. Вьетнам менен ЭСА иштеп жатат. Иран менен эркин соода аймагын түзүүгө алып баруучу убактылуу макулдашуу, Кытай менен соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Сингапур, Сербия менен ЭСА жөнүндө макулдашуулар түзүлдү. ЕЭК Египет, Индия, Израиль менен сүйлөшүүлөрдү алып барууда. Бул Бирликтин өлкөлөрүнүн президенттери тарабынан аныкталган приоритеттүү өлкөлөр.


ЕЭК Коллегиясынын башчысы интеграциялык бирикменин алдына коюлган максаттардын жана Комиссияга берилген аспаптардын, укуктардын, ыйгарым укуктардын ортосундагы белгилүү бир ассиметриянын болушун белгилеп өттү. "Биз ЕЭКтин ыйгарым укуктары жок болгон чөйрөлөр алга карай жай жүрүп жаткандыгын көрүүдөбүз, жол-жоболордун, өлкөлөрдүн позицияларын макулдашуунун бюроктратиялаштырылгандыгы байкалууда, мунун натыйжасында белгилүү бир скепсис, биздин алга карай жетишерлик эмес натыйжалуу жылып жаткандыгыбызды сындоо пайда болууда. Биз биздин Бирлик натыйжалуураак болушу үчүн улуттан жогорку органга кайсы ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү керектиги жөнүндөгү бул теманы премьерлердин, президенттердин деңгээлинде талкуулоодобуз. Биз бул тема бүгүнкү форумдун алкагында талкууланат жана силердин сунуштама жана сунуштарыңар бизге долбоорубузду алга карай илгерилетүүгө сөзсүз түрдө жардам берет деген үмүттөбүз", – деп баса белгиледи Тигран Саркисян.


ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы илимий-эксперттик коомдоштукту Комиссияга бизнестен, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келип түшкөн жаңы идеяларды жана сунуштарды талкуулоодо катышууга чакырып өттү.


ЖЭМ ИИУнун дүйнөлүк экономика жана дүйнөлүк саясат факультетинин деканы Сергей Караганов "акыркы эки жылда ЕЭКтин кыйла жогорку активдүүлүгү жана биздин илимий коомдоштуктун колдоосу менен белгиленди, бул олуттуу деңгээлде Тигран Суреновичтин ишмердигине байланыштуу" деп баса белгиледи.


ЕАЭБ Сотунун Төрагасы Жолымбет Баишев ЕАЭБ Соту кайсы максат менен түзүлгөндүгү тууралуу айтып берди. ЕАЭБ жөнүндө келишимдин – кодификацияланган юридикалык документтин – туура чечмелениши жана колдонулушу маселеси менен ЕАЭБдин алкагында атайын түзүлгөн сот органы алектенет. Сот мамлекеттер өз ара аныктаган келишкендиктерди коргойт. Аталган орган ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган ченемдик-укуктук актылардын шайкештигин контолдоо менен гана эмес, чарба жүргүзүүчү субъектилердин укуктарын иш жүзүндө коргоо менен да алектенет. Ошондой эле, Соттун карамагында – монополияга каршы маселелер жана айып санкцияларын колдонуу, бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча иштерди кароо. Б.а., чарба жүргүзүүчү субъектилер ЕАЭБдин алкагында кабыл алынган чечимдерге карата каршы чыгып талашкан бүткүл экономикалык блок Соттун компетенциясына кирет. Жолымбет Баишевдин айтуусу боюнча, сотко тиешеси бар чет мамлекеттер жана эл аралык бирикмелер ЕАЭБ Сотунун болушуна жана анын компетенцияларын оң баа беришүүдө.


ЕАЭБ Сотунун Төрагасы Бирликтин өлкөлөрүнүн жаштарын ЕАЭБ Сотунун ишмердиги менен тааныштыруу үчүн ЖОЖдордо атайын Евразия бирлигинин укугу курсун киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле, ал ЕАЭБдин алкагында Евразия укук тартиби жөнүндө сөз кылуу жана "Соттун алдында же Соттун катышуусунда, мисалы, Лондон арбитраждык борбору же башкалар сыяктуу таанылган, жана биздин чарба жүргүзүүчү субъектилер бул органга кайрыла ала турган арбитраждык борборду түзүү жөнүндө ойлоп көрүү" демилгеси менен чыкты. "Ошондо биз эл аралык талаштарды чечүүдө көрүүнү каалаган объективдүүлүк камсыз кылынмак".


Россия жана Белоруссия Бирликтик мамлекетинин мамлекеттик катчысы Григорий Рапотанын пикири боюнча, бүгүнкү конференция – бул туура багыттагы кадам. Ал интеграцияны өнүктүрүү үчүн эксперттик коомдоштуктун колдоосу зарыл экендигин белгилеп өттү. Ар бир мамлекет интеграциялык процесстердин алкагында төлөөгө даяр болгон баага баа берүү зарыл. ЕАЭБдин келечеги жаратуу ишмердигиндеги иш-аракеттердин бириктирилишинде, деп эсептейт Григорий Рапота. Ошондой эле, ал башка интеграциялык бирикмелер менен өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн туруктуу түрдө издөөнү сунуш кылды.


Аткаруучу комитеттин Төрагасы – Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги жана ЕЭК эки өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашырып жаткандыгын белгиледи. Өткөн жылда аталган документ жаңыланган. Ал, КМШнын Аткаруучу катчысынын пикири боюнчп, жаңы реалияларды жана жагдайларды чагылдырат жана натыйжалуу ишке ашырылууда.


Сергей Лебедев ЕЭК менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасына жана жалпы эле Комиссиянын ишмердигине жогору баа берди: "ЕЭКтеги кесиптештер менен топтолгон тажрыйба биз үчүн баа жеткис. Мен зор кубаныч менен биздин кесиптештердин иш тажрыйбасына оң баа берем. Алар интеграция жолун ЕБ өлкөлөрүнө караганда кыйла тезирээк өткөндүгү буга далил болот. Алар кыйла ылдамыраак жүрүшүүдө. Бул долбоордун ийгиликтүүлүгүн билдирет. Анын перспективалары зор. Ал эми дүйөнүн көптөгөн мамлекеттеринин ЕАЭБге кошулууга кызыгуусу – бул да ЕАЭБдин ийгиликтүү бирикме экендиги жөнүндө айтып турат".


ЖЭМ ИИУнун проректору Иван Простаков евразиялык интеграция тематикасы Жогорку экономика мектеби үчүн эксперттик багыттаргы приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат деп билдирди. Евразиялык интеграция ЖОЖдун изилдөөчүлөрүнүн, илимпоздорунун көңүл борборунда. "Биз үчүн жаш Евразия муунун түзүү маанилүү", – деди ал.

"Чоң Евразия – бул жөн гана лозунг эмес, бул биздин өнөктөштөр үчүн кызыктуу болгон рынокторду ачууга, экономикалык жана инфраструктуралы өз ара байланыштуулукту жогорулатууга, эл аралык кооперацияны өнүктүрүүгө негизделген, биздин экономикалык кызыкчылыгыбыз. Бул биздин экспортту колдоонун тутумдук аспабы", – деди ЕЭК Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина.


ЕЭК Коллегиясынын бажылык кызматташтык боюнча мүчөсү (министр) Нурлан Акматов өзүнүн баяндамасында евразиялык интеграция бажылык тескөө-башкаруудан башталгандыгына көңүл бурду. Ошондуктан, өзүнүн беш жылдыгын белгилеген Бирликте бирдиктүү бажылык жөнгө салуу – бул иш-аракеттердин бир түргө келтирилиши жана макулдашылгандыгы жогорку деңгээлге жеткен чөйрө болушу мыйзам ченемдүү. Министрдин пикири боюнча, бажылык жөнгө салуунун мүчө мамлекеттердеги бирдиктүү эрежелери Бирликтин экономикалык өсүшүнө, анын бизнес-климатынын жакшырышына жана анын транзиттик жана инвестициялык жактан кызыктуулугунун жогорулашына өбөлгө түзүүдө.


Комиссиянын Коллегиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мүчөсү (министр) Серик Жумангариндин айтуусу боюнча, учурда ЕАЭБдин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү, алдын алуу жана эскертүү аспаптарын киргизүү чоң мааниге ээ.


Ошондой эле, ЕЭК министри ЖЭМ – Сколково Укук жана өнүктүрүү институту менен кызматташтык тууралуу айтып берди. Анын алкагында бул жылы Комиссиянын буюртмасы боюнча "Монополияга каршы мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчиликке тартуу жана жоопкерчиликтен бошотуу маселелери боюнча ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин жана Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына жана укук колдонуу иш-тажрыйбасына талдоо жүргүзүү, эл аралык тажрыйбаны кароо" темасында илимий-изилдөө иш аткарылган.


Маалымат

Конференциянын программасында – Евразия күн тартибинин негизги приоритеттерин талкуулоо:


• ЕАЭБ жана тышкы дүйнө: глобалдык протекционизмдин өсүшү шарттарындагы интеграция;


• Евразиялык кызматташтык чөйрөсү («soft infrastructure»): улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана ЕАЭБдин алкагында жалпы (бирдиктүү) рыноктордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуунун аспабы катары улуттан жогорку жөнгө салуунун сапатын жогорулатуу;

• Евразиялык кызматташтык чөйрөсү («hard infrastructure»): энергетика, инфраструктура, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси, евразиялык бренддер;

• Евразиялык интеграциянын санариптик өлчөмү.